Айбат » Кыргызстан Бажы союзуна киргендегисине караганда, кирбей калганда баалар асмандын башын чапчып кетет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кыргызстан Бажы союзуна киргендегисине караганда, кирбей калганда баалар асмандын башын чапчып кетет

Ош базарыУчурда «Кыргызстан Бажы союзуна кирсе товарлардын баасы көтөрүлүп кетет» деп элдин башын айландырууну көздөгөндөр толтура. Албетте, мунун да чындыгы бар. Бул союзга киргенде баалар азыркыга салыштырмалуу көтөрүлүшү күтүлөрүн бийлик өкүлдөрү деле жашырган жок. Ал эми ага кирбей калсак эле баалар азыркы боюнча кала береби? Кеп мына ушул багытта болсун. үстүбүздөгү жылдын 20-21-октябрь күндөрү КР президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясында евразиялык жаш саясат таануучулар Клубунун экинчи отуруму болуп өттү. Були ш-чарага Россия, Казакстан, Армения, Белорусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын 30 дан ашуун саясат таануучулары, экономисттери, тарыхчылары, журналисттери жана социологдору катышты. Иш-чаранын негизги өзөгү Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин Бажы союзуна кошулушу, андан ары Евразиялык экономикалык союзга биригиши, андагы ийгиликтер жана жарала турган көйгөйлөр тууралуу болду. Бул иш-чараны уюштуруучулар КМШ мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фонду, «Түндүк-Түштүк» саясат таануу борбору, «Евразиялыктар жаңы толкуну» фонду болду. Мына ушул жыйынга катышкан экономист, биздин мекендешибиз Аза Мигранян «Кыргызстан олку-солку ойлорго алдырып отура бербестен, бир чечимин кабыл алышы керек» деп билдирди. Эске сала кетсек, айрым экономисттер Кыргызстан Бажы союзуна кирсе, баалар 10 пайызка чейин көтөрүлүп кетет деп билдирген эле. Эми бүгүнкү күнгө саресеп салып көрөлү. Жогорудагы айрым экономисттердин билдирген пикирлеринен улам өлкөбүздө ажиотаж болуп, баалар 15 пайызга чейин көтөрүлүп кетти. Маселен, бензиндин, ошол эле учурда автоунаалардын баасынын көтөрүлгөнүн айтсак болот. «Дордой» жана «Кара-Суу» базарларында да товарлардын баасы 15 пайызка чейин өскөнү билинди. Республикабыздын экономика Министрлигинин расмий эсеби боюнча Бажы союзуна кирсек, баалар 10-12 пайызка өсөт. Ал эми экономисттердин айтымында 20-25 пайызка чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Ал эми Бажы союзуна кирбей койсокчу? Анда эле баалардын өсүшү болбойбу? Албетте, буга кепилдик жок. Бирок, күйүүчү майлардын баасы дагы 20-25 пайызка көтөрүлүп кетери турган иш. Анткени биз күйүүчү майларды дал ушул Бажы союзунун курамындагы мамлекеттерден алат эмеспизби? Бензиндин баасы көтөрүлгөн соң бардык товарлардын баасына таасирин тийгизерин абдан жакшы билебиз. Ага ар кандай божомолдордон жаралган ажиотаж кошулганда бардык товарлардын баасы 30 пайызка чейин көтөрүлүп кетиши кеп эмес. Айрым саясатчылар айтып жаткан Бажы союзуна киргенде «Дордой» жана «Кара-Суу» базарларынын жабылып, жумушчу орундары кыскарып калат деген кооптоонусу тууралуу эмне айта алабыз? Эгерде биз бажы союзуна кирбесек эле бул базарлар өз ишин андан ары уланта береби? Бул да ойлондуруучу маселе. Себеби биз бажы союзуна кирбесек, сырткы рыноктордун көпчүлүгү биз үчүн жабык болуп калат. Маселен, азыркы тапта Казакстан Бажы союзуна кирген өлкөлөрдүн ортосундагы макулдашууга ылайык чек арасын жаап койду. Ага байланыштуу «Дордой» базарында товар жүгүртүү 70-80 пайызка кыскарды. Демек, биз Бажы союзуна кирбей калганда өлкөбүз үчүн жоготуулар киргенге караганда алдаканча көбүрөөк болуп калууда. Андыктан эки жолдун айрылышда ойлонуп тура берип, көптөгөн жоготууларга дуушар боло бербестен, эртерээк бир тараптуу болуубуз кажет. Эгерде биз Бажы союзуна кирсек, анда азыркы тапта көмүскөдө катылган бизнестер дагы ачыкка чыгып мамлекеттин бюдлжетине бир топ салымын кошот. Ошол эле учурда өлкөбүздө алып сатууга караганда, өндүрүш ишин жандандыруу аракеттери күчөшү мүмкүн. Бул жааттан Аза Мигранян «Дордой» базарынын сатуучулары менен жолугушуп, алардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө ири суммадагы кредиттерди алып, кандайдыр бир өндүрүш  ишин баштоого даяр турушкандыгын айтат.

Жыргал БЕРДИБЕКОВ

Айбат гезити №101



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru