Айбат » Ленинге жолуккан биринчи кыргыз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Ленинге жолуккан биринчи кыргыз

Жусуп АбдрахмановКыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында мындан бир кылым мурдагы тарыхы менен бүгүнкү күндөгү мамлекеттин тагдыры кандайдыр бир деңгээлде окшоштукка ээ. Акыркы бир кылымда кыргыздын элиталары четтеги душмансыз эле өздөрүн-өздөрү жеп жатат. Буга мисал, 1937-1938-жылдагы репрессияда бири-биринин үстүнөн арыз жазгандар, эгемендик жылдардагы куугунтук, камоо, өлтүрүүлөр. Тарыхый кырдаалды, учурду, заманды, саясатты, бийликти күнөөлөгөн менен андагы чылбыр өзүбүздүн эле колубузда турганын элес ала бербейбиз. Бир кездеги тарыхый тагдырдын, замандын курмандыгы болгон Ж.Абдрахманов боюнча баяндамакчыбыз

Өмүр-баяны

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов 1901-жылдын 28-декабрында Каракол уездинин Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей айылында төрөлгөн. Атасы – Абдрахман Балапанов – манап, бий жана 3 жыл болуш болуп, 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышкан, ошол жылы келтеден өлгөн. Энеси жана 7 бир тууганы Нарында казак-орустар тарабынан көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Жусуп иниси Токо экөө томолой жетим калышкан.

1912-15-жылдарда Сазановка кыщтагында орус-тузем мектебин окуп бүтүрөт, андан кийин Каракол шаардык жогорку-башталгыч окуу жайынан окуйт. 1916-жылы эл менен бирге Кытайга качып барып келүүгө аргасыз болот. Кайра келгенден кийин орусча билген 16 жашар тири карак өспүрүм Каракол гарнизонунда атбагар болот. 1918-жылдан баштап коомдук ишке аралашат. Кызыл Армияга жазылып, бир жылга жетпеген убакта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейи көтөрүлөт.

Адегенде 1919-жылы Верныйдагы командирлик курстан, андан кийин Ташкендеги аскердик жогорку мектептен окуйт. !918-19-жылдарында түндүк Жети-Суу фронтунда ак казактар менен салгылашат. Ден соолугуна байланыштуу демобилизацияланып кетпегенде, Жусуптан көрүнүктүү аскер начальниги өсүп чыгышы да мүмкүн эле.1919-жылдан баштап ал партиялык-советтик курулушка баш-оту менен киришет.

Эмгек жолу

Жусуп Абдрахманов Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, аны түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган. 1920-жылы ВЛКСМ дын III- cъездине катышып, ошол жерде В.И. Ленин (Ульянов) менен президиумда отуруп, аны менен бирге иштешкен. 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеп турат.

1924-жылы Туркестан Компартиясынын БКсы тарабынан уюштурулган “Улуттук оргбюронун” председатели болуп, Кыргыз автоном областын түзүүнү ишке ашырат. 1924-1925-жылдарда ВКП (б)нын 1-секретарынын милдетин аткарып, анан 2-секретары болуп турат. Кыргызстандын азыркы чектери Абдрахманов тарабынан аныкталганы белгилүү. Элдин өз эгемендигин өзү чечиш керектигин жетекчиликке алган Абдрахманов тилектештери Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаевдер жана каракалпактын мыкты уулдары менен бирге, Туркестан АССРинин курамында борбору Жалал-Абадда болгон, Ысык-Көлдөн Арал деңизине чеййин созулган Каракыргыз-Каракалпак автономиясын түзүү идеясы менен чыгат. Албетте, бул идея ишке ашпай калган. Абдрахмановдун аракети менен, адегенде РСФСРдын курамындагы автономиялык область, андан кийин автономиялык республика болгон Кыргызстан өз эгемендигин алгыча СССРдин курамында союздук республика болуп турду. Ал эми адегендеКазакстандын, андан кийин Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономия бойдон эле калганын билебиз.

1926-жылдын 1-февралында Кыргыз автономиялык ССРинин түзүлүшү да анын тынымсыз аракети менен ишке ашкан. Абдрахманов дайыма Кыргызстандын РСФСРдын курамындагы автономиялык область болуу менен чектелбестен, өз алдынча республика болушуна толук негиз бар экендигин далилдеп келген болучу.

1925-жылы Москвага ВКП (б)га кызматка чакырылып, борбордук аппаратта жооптуу инструктор болуп иштейт. ВКП (б)нын баштапкы уюмунун секретары катары, жыйналышка кечигип келген И.В.Сталинге эскертүү бергени Абдрахмановдун кандай тайманбас, иш билги кадр экенинен кабар берип турат. Ал Москвада иштеп турганда “Күмүш кылымдын” (“Серебряный век”) көп акын-жазуучулары В. Маяковский, М. Булгаков, Б.Кушнер, А. Ахматовалар менен жакшы санаалаш мамиледе болгондугу Жусуптун мамлекеттик ишмер гана эмес, жан дүйнөсү бай өзгөчө инсандыгынан кабар берип турат. Бул мамиле кыйла жылдар бою уланып келген. Бул чөйрөдө жүргөндө жана инструктор болуп иштеп турганда жаш совет мамлекетинин көп советтик-партиялык, аскердик жана көркөм өнөр ишмерлери менен тааныш болгон. Бул сыяктуу тааныштыктары кийин 1927-32-жылдарда Жусуп Кыргыз республикасынын Совнаркомунун председатели болуп иштеп турган кезинде көп маселелердин тез чечилишине өбөлгө түзөт.

Бул иште Абдрахманов 5 жыл чымырканып иштеп, жаңы гана түзүлгөн жана мурда эчтекеси болбогон жаш республикада бардык жумушту нөлдөн баштайт; эл чарбасынын бардык тармактарын, баарынан мурда, айыл чарбалык жана өнөр жайлык комплексти түзүүнүн, билим берүү тармагын, сот-прокуратураны, милицияны ж.у.с. жаңыдан түзүүнүн башында турат. Бул жагынан да Жусуп Абдрахманов менен Ли Куан Ю окшош. 1931-32-жылдарда дан даярдоодо Украина,  Волга бою жана Казакстан элге ныпым эч нерсе калтырбай данды ортого төгүп бергендиктен, бул аймактарда чоң ачарчылык болуп, миллиондогон адамдар ачкадан өлгөндүгү белгилүү.

Абдрахмановдун принциптүү, адамгерчиликтүү позициясы менен 1932-жылы дан өз керектөөлөр үчүн да калтырылып, Кыргызстанда ачарчылык болгон эмес. Ал тургай ачкасынан тентиген көп казактар бул жакка келип, кыргыз элинин арасында аман калганын билебиз. Ушул эрдиги үчүн Абдрахманов кызматтан алынып, партиядан чыгарылат. Досу В.Шубриковдун(РКП(б)нын Средневолжск крайкомунун 1-секретары болгон, мурда Киробкомдун 1-секретары болуп иштеген) чакыруусу менен Урал тарапка кетип, Самарада, Оренбургда крайлык, областтык аткаруу комитеттеринде жооптуу чарбалык кызматтарда 1937-жылга чейин иштеп турат.

Ж.Абдрахманов  1927-жылдын 12-мартында 26 жашында Кыргыз АССРинин эл комиссарлар Советинин председатели болуп дайындалган. Республиканын өкмөтүнүн башында турган кезинде өзгөчө тайманбас, борбордун көзүн карабаган саясат жүргүзөт. Сталинге эки жолу (1929-жылдын ноябры, 1930-жылдын апрели) жазган каттарында республиканы үч жерге (союздук борборго, РСФСРге жана СредАзбюрого) баш ийдирген туура эмес практиканы жоюп, Кыргыз АССРин союздук республикага айландыруу маселесин эки жолу кайталап коёт. Кийин Жусуп камалганда так ушунусу улутчулдук деп бааланган болучу.

Жапырт колхоздошуу башталганда эле, 1930-жылы, Кыргызстанда мал чарбачылыгы чоң бүлгүнгө учурап, малдын башы 10,4 пайызга кемигени белгилүү. Ал эми Абдрахманов болсо өзү иштеп турган жылдары ошондогу борбордун жана жергиликтүү чоңдордун каршылыгына карабастан, кооперация идеясын көтөрүп жана аны колунан келишинче ишке ашырууга (Интергельпо) аракеттенип келген. Ошондой эле, Абдрахманов көчмөн калкты чукулунан отурукташтырууга да каршы болот (1930-жылы өлкөдө 85 көчмөн жана жарым көчмөн жеке чарба болгон, Жусуп Кыргызстан Советтеринин III съездинде катуу туруп, отурукташтыруу планын 30 миңден реалдуу 8 миңге азайттырат). Жусуп ошондой эле жергиликтүү шартты билбеген москвалык десанттын сабатсыз иштери менен дагы, жергиликтүү жетекчилердин иш билбестиги жана келишүүчүлүгү менен дагы дайыма аёосуз күрөшүп келген.

Кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу, өлкөнү индустриализациялоо дайыма Ж.Абдрахмановдун көңүлүнүн чордонунда болгон. Мамлекеттик жана саясий ишмер катары ал элдин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон жана бул максатка жетиш үчүн бардык энергиясын, акылын, күчүн, уюштуруучулук талантын, ал эмес өз өмүрүн дагы аяган эмес.

Адегенде Троцкий, андан кийин Сталин алып көтөргөн «сверхиндустриализация» идеясын Жусуп жактырган эмес. Кыргызстанда биринчи кезекте өнүктүрүүгө традициялуу шарттары болгон устачылыкты, жеңил тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайларын, өнөр жай кооперациясын, тоо-кен өндүрүшүн өнүктүрүү керектигин айткан. Кыргызстанды индустриализациялоо үчүн биринчи кезекте, көп сандуу улуттук жумушчу табын окутуп-тарбиялап түзүү, шаар-кыштактарды, жолдорду жана байланышты куруу керектигин дайыма кайталайт жана колунан келишинче ишке ашырууга аракеттенет. Ж.Абдрахмановдун Кыргызстанда ээлеген кызматтарынан башка аткарган жумуштарын айта кетели: РСФСР ВЦИКтин мүчөсү, СССР ЦИК Президиумунун мүчөлүгүнө кандидат, ЦК ВКП(б)нын Орто-Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, ВКП(б)нын борбордук аппаратында жооптуу инструктор.

1937-жылдагы чоң калайманда Жусуп камакка алынат, ага антисоветтик террористтик, диверсиялык-чыккынчы, оңчул троцкисттик уюм менен блоктошкон Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген күнөө коюлат. Ага саясий айыптарды тагууда органдар Абдрахмановдун дайыма жазып жүргөн күндөлүгүнө таянышкандыгы белгилүү. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, СССРден бөлүп өзүнчө мамлекет түзмөкчү болгон деген сандырак айып тагылат. Канчалык кыйнаса да Жусуп өзүнө коюлган күнөөлөрдү мойнуна албаган. Анткени, Жусуп борбордогу жана Кыргызстандагы партиялык-советтик ишмерлерди канчалык аёосуз сындаса да, советтик түзүлүштүн активдүү жарчысы жана куруучусу болгон.

1960-жылдары дүйнөдөн өткөн белгилүү котормочу С.Бектурсуновдун айтуусу боюнча Абдрахмановдун акыркы күндөрү айкын болду. Ал киши дагы суракта болуп, Абдрахманов бир дагы күнөөнү мойнуна албастан, өзүн эр жүрөктүк жана ишенимдүүлүк менен бекем кармагандыгын жана эч кимди каралабагандыгын өз көзү менен көргөн. Жусупту сындырыш үчүн, аны каралап кол коюп беришкен Ибрай Тойчинов жана Баялы Исакеев менен беттештиришкенде, Исакеевдин канжалаган башын жөлөп, столдогу сууну алып бети-башын жууп, жаратын таңып берген экен. Ушул аракети анын эрдигин, абийир, ар-намысты баарынан жогору койгон кашкөйлүгүн, кек санабаган айкөлдүгүн көрсөтүп турбайбы. Мунусу үчүн Жусуп абдан токмок жейт.

1938-жылдын 5-ноябрында суракка чакырылган Абдрахманов тергөөчүнүн чылым чегип, ром ичип отурганын көрөт. Чылымынан алып чегип, ромдон куйдуруп ичип туруп, анан баягы ашмалтай суроолорун берип, кайра суракка алмакчы болгон тергөөчүнү отургуч менен башка урат. Жүгүрүп келген сакчылар Жусупту атып ташташат. Кыргыздын эр жүрөк уулу Жусуп Абдрахманов ошентип каза табат.

Үй-бүлөлүк альбомдон

Абдрахмановдун чыныгы публицист жана тарыхчы болгондугун дагы айтпай кетишке болбойт. Башка кээ бир жолдоштору (Т. Айтматов, Э. Эсенаманов, М. Булатовдор) сыяктуу расмий жогорку билим алууга үлгүрбөсө да, ал тубаса акыл-эсине жана жаркын талантына таянуу менен өзүнүн университеттерин Совет бийлиги жана социализм үчүн күрөштүн алдыңкы катарында болуп бүтүргөн. Жусуп орус тилин мыкты билген, бул тилде эркин сүйлөгөн, өзүнүн атактуу күндөлүктөрүн жана эмгектерин ушул тилде жазган. Ушул тил аркылуу ал дүйнөлүк адабияттын, маданияттын мыкты үлгүлөрүнө дайыма сугарылып турган. Мындан тышкары, Абдрахманов фарси жана немец тилин билген деген маалыматтар бар. Бул жагынан дагы Жусуп бир нече тилде, анын ичинде англисче эркин сүйлөгөн жана бүткүл элин ушуга тарбиялаган Ли Куан Юга окшоп кетет.

 

Коомдук жана саясий мансабы

• 1918-ж. кызыл гвардиячылардын катарына кирген жана Жетисууда Совет бийлигин чыңдоого катышкан.

• 1919-жылы РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун жана РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган.

• Москвада 1920-ж. өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин менен сүйлөшүп, пикир алышкан.

• 1920 — 1924 жылдарда партиялык жооптуу кызматтарда, 1924-ж. мартта Түркстан АССРинин Борбордук аткомунун президиумунун мүчөсү жана жооптуу катчысы болуп шайланган.

• 1924-ж. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген.

• 1925-ж. майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан МосквадаРКП(б) БКнын аппаратында инструктор.

• 1926-ж. октябрда Кыргызстанда облустук аткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-ж. марттан РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук БАКтын жана РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат болгон.

• 1933-ж. Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон.

• 1935-жылдан Оренбург облустук аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык боюнча орун басары болуп иштеген.

Канат Кебеков

Айбат гезити №101




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru