Айбат » Хонда FIT, Тойота I.S.Tтин жана Дэу Матиздин айырмачылыктары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Хонда FIT, Тойота I.S.Tтин жана Дэу Матиздин айырмачылыктары

Баарыбызга маалым болгондой, унаа тандоодо “акылдуу” айдоочулар кыймылдаткыч көлөмү үнөмдүү автоунааларга качырары талашсыз. Хонда ФИТ автоунаасы так ушундай үнөмдүү маркалардын бири. Ошон үчүн азыр аталган унааны эл ичинде көп эле кездештирүүгө болот. Акыркы убактарда Хонда ФИТке атаандаш болуп, Тойота И.С.Т унаасы кулачын жайды. Мына ушуну эске алып, биз ушул эки машинанын күнгөй-тескейин чагылдырууну эп көрдүк.

01И.С.Т

«И.С.Т» «Тойота» компаниясынын продукциясы болгонуктан, бул машинаны айдоочулар аты, аброю үчүн  тандашарын айтып келишет. 2002-жылдан бери өндүрүлүп келе жаткан Тойота И.С.Ттин төмөнкүдөй артыкчылыктары жана кемчиликтери бар:

•Кыймылдаткычынын көлөмү – 1.3 жана 1.5 (үнөмдүү)

•Кузов түрү – хэтчбек

•Узундугу – 3855 мм

•Туурасы – 1695 мм

•Бийиктиги – 1530 мм

•Эшиктеринин саны – 5

•Орундарынын саны – 5

•Массасы – 1450 кг

•Багажынын көлөмү – 435 л

•Бензин багынын көлөмү – 45 л

•Дөңгөлөк өлчөмү – 185/65 R15

•Алдыңкы привод

•Кыргызстандын базарында тетиктери аз кездешет, ошондуктан кымбатыраак болот.

Алсак, анын фарасы эле 16000 сомдун тегерегинде болот.

•Коробка – автомат

•Баалары – “Фитке” салыштырмалуу 1000$ – 1500$га кымбатыраак.

•Жумшак салону жана ыңгайлуулугу менен айырмаланат.

 

 

02ФИТ

«Хонда» компаниясы бир нече жыл мурда компакттуу, «тыпыйган» унаа өндүрүп, аны «Honda FIT» деген брэнд менен чыгарды эле, аз убакыт ичинде эле аталган унаа эл ичинде көптөгөн суроо-талаптарды жаратып, популярдуу болуп чыга келди.  Бул машина төмөнкүдөй мүнөздөмөгө ээ.

•Кузов түрү – хэтчбек

•Кыймылдаткычынын көлөмү: 1.3 жана 1.5; (үнөмдүү)

•Коробка – автомат (вариатор) 

•Ыңгайлуу жана кенен салон

•Массасы – 1450 кг

•Мультируль

•Узундугу – 3830мм

•Туурасы – 1525мм

•Эшиктеринин саны – 5

•Орундарынын саны – 5

•Багажынын көлөмү – 380 л

•Бензин багынын көлөмү – 42 литр

•Дөңгөлөк өлчөмү – 175/65 R14 S

•Бул унаанын жакшы жери базарда өзүн да, тетиктерин да оңой табууга болот. Базарда 4500миң, 5000миң долларга алса болот

 

03ДЭУ-МАТИЗ» Daewoo Matiz

19988 жылдан бери чыгып келген Кореялык кичи машина “ Дэу Матиз”  кыргызстанда өз ордун таап, биздин жарандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Бул түрдөгү машина ош шаарыбызда коп кездешет анткени бул машина  2000 жылдан баштап Узбекистандын «УзДэуАвто»  заводунан чыга баштайт.

•Кыймылдаткычынын көлөмү: 1.3 жана 1.5; (үнөмдүү)

•Коробка – автомат (вариатор) 

•Ыңгайлуу жана кенен салон

•Массасы – 1210 кг

•Узундугу – 3495мм

•Туурасы –  1495мм

Бийиктиги-1485мм

•Эшиктеринин саны – 5

•Орундарынын саны – 4

•Багажынын көлөмү –155/480 л;

•Бензин багынын көлөмү – 35 л

•Дөңгөлөк өлчөмү –  145/70R13

•Бул унаанын жакшы жери базарда өзүн да, тетиктерин да оңой табууга болот. Базарда 3000миң, 3500 миң долларга алса болот

Айбат гезити №101




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru