Айбат » Али Айоуб, “Human Appeal International” кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы филлиалынын директору: “Биздин фонд кайрымдуулук иштери менен гана алек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Али Айоуб, “Human Appeal International” кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы филлиалынын директору: “Биздин фонд кайрымдуулук иштери менен гана алек”

Али АйоубЖетишпегендердин муктаждыктарын камсыз кылып, жетим-жесирлерге кайрымдуулук кылып келе жаткан “ Human Appeal International”  кайрымдуулук фондунун мүдүрү Али Айоуб мырза менен маек.

- Али мырза өзүңүз жөнүндө кененирээк маалымат бере кетсеңиз, кайсы жердин кулуну болосуз?

– Мен Палестинанын кулуну болом. Сирияда качкындардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. 1987-жылы Россияга окууга келип, орус тилин ММУдагы даярдоо курсунан үйрөндүм. 1994-жылы Москва Мамлекеттик университетинин Стоматология факультетин аяктадым. Ординатураны да Москвадан өттүм. Андан кийин ошол эле жакта өзүмдүн кесибим боюнча иштеп калдым. Москва шаарында үйлөндүм, кудайга шүгүр, азыр жубайым экөөбүз төрт баланы тарбиялап жатабыз.

human-appeal-logo

- Россияда иштеп жүрүп, бул жакта “ Human Appeal International” фондуна кандайча келип иштеп калдыңыз анан?

– “ Human Appeal International”  кайрымдуулук фонду менен Россияда жүргөндө эле Россиядагы филлиалында 4 жыл иштеп калдым. Андан кийин бул фонддун Шри-Ланкадагы филлиалында 4 жылдай эмгектендим. Шри-Ланкадан кийин Бириккен Араб Эмираттарында 3 жылча иштедим. Андан сырткары мен “Сфера” долбоорунун кырсыктарды ликвидациялоо тармагы боюнча иш алып барам.

04- Сиз иштеп жаткан кайрымдуулук фонд туурасында да айта кетсеңиз?

– “ Human Appeal International”  кайрымдуулук фонду “ Human Appeal International”  Эл аралык Гуманитардык коомунун Кыргызстандагы филлиалы болуп эсептелет. Аталган коом 1984-жылы Бириккен Араб Эмираттарында түзүлгөн. Азыркы кезде бул фонд дүйнөнүн 17 өлкөсүндө өз ишин алып барып жатат. Башкы кеңсеси Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан. Кыргызстанда болсо аталган фонд өз ишин 2004-жылдан баштаган. Учурда Кыргызстандын ар бир регионунда биздин фонддун кызматкерлери иштешет. Ал эми Бишкектеги кеңсесинде 22 киши эмгектенип келет. Белгилей кетчү бир нерсе, биздин кураторлор, бизде иштеген кцзматкерлер кыргыз, орус, англис тилинен сырткары араб тилин да жогорку деңгээлде билишет. Биз бир нече багытта иш алып барабыз. Эң негизгиси жетим балдарга жардам беребиз. Жетим балдарга ай сайын пособие катары 1400 сомдон берип турабыз. Албетте бул акча жетпейт деңизчи, ошентсе да кем-карчысынын жарымын алганга көмөк болот. Бул акчаларды Кыргызстандын кайсы жеринде болбосун жетим балдарга банк аркылуу которуп турабыз. Андан сырткары балдар үчүн атайын социалдык, медициналык жана билим берүү программалары менен да иш алып барабыз. Биздин фонддун ачылган күнүнөн тарта бир топ жакшы иштерди жасай алдык десем болот. Акыркы эле 3 жылды алганда Кыргызстанга 18 медициналык обьекттерди, поликлиника, ФАП, ГСВ, мктептерди, балдар бакчаларын куруп гана тим болбостон алардын ичине керектүү каражаттарды жана эмеректер менен да камсыздандыра алдык. Учурда биздин тизмеде Кыргызстан боюнча 3000 бала бар, бул жылдын аягына чейин дагы 500дөй балага көбөйөт.

Али Айоуб 04- Сиздердин фонд кайрымдуулук иштерине акча каражатын кай жактан алат? Демөөрчүңөр ким?

– Кайрымдуулук иштерине кетип жаткан акча каражаттары Бириккен Араб Эмираттарынан банк аркылуу которулуп келет. Мен жогоруда айтып кеткен 17 өлкөгө башкы кеңседен акча которудуп, бөлүнүп берилет.

- Жогоруда араб тилин билген кызматкерлер иштейт деп калбадыңызбы. Сиздердин фонд кайрымдуулук кылып, ислам динин жайылтуу менен да алекпи?

– Жок, албетте. Биздин кайрымдуулук фонд болгону кайрымдуулук иштери менен гана алек болот.  Саясий жана дин иштери менен алектенбейбиз. Ал эми араб тили болсо биздин башкы кеңсе менен иш алып барууда керек. Балдар үйлөрү кайрымдуу арабдардан муктаж болгон кийим кече, тамак-аш, эмеректерди жана жылытуу үчүн көмүрлөрдү алышат. Кайрымдуулук фонд тарабынан жыл сайын 50 тонна тамак-аш азык-түлүктөрү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жетим-жесирлерге таратылып берилет.  Биздин фонддун дагы бир алып барган иши- таза суу менен калкты камсыздандыруу. Кыргызстандын алыскы региондорунда көбүнчө таза суу жетпейт, же насостор эскирип кеткен болот. Ошондой оор кырдаалда жашап жаткан жергиликтүү элди таза суу менен камсыз кылып, суу түтүктөрүн орнотуп, насосторду жаңыртып турабыз.

Али Айоуб 02- Кыргызстанга келгени кайсы керемет жерлерге бара алдыңыз?

– Мен Кыргызстандын бардык аймагын кыдырдым десем болот. Албетте, эс алып эмес, кайрымдуулук иштери менен. Кыргызстандын  кооз табийгаты, таза суусу, абасы жана меймандос эли жакты.

- Кайрымдуулук жаатындагы дагы кандай пландарыңыз бар?

– Пландарда дагы бир багыт боюнча Чоң-Кеминде заманбап технологиялары менен ферма ачсакпы дегенбиз. Ал ферманы ачсак бери дегенде эле миң киши иш орду менен камсыз болуп калмак. Албетте, кайсы бир ишти баштаарда кыйынчылыктар болбой койбойт. Биринчи кезекте эле салык көйгөйү. Биздин фонд жада калса элге жардам бергени үчүн мамлекетке салык төлөйт. Салыктын ордуна жетишпей жаткан үй-бүлөлөргө жардам берсек кандай тыгынчык болмок. Экинчиден, куруу жаатында да чоң көйгөй жаралып жатат. Бизге бөлүнгөн акчага ферманын имаратын куралы десек ага да салык төлөгүлө деп жатат. Ал имарат негиинен республиканын каражатына курулуш керек эле. Акыркы 3 жылдан бери эле бул көйгөйдү  көтөрүп чыгып жатабыз, бирок эч кандай майнап жок. Биздин демөөрчүлөр бөлгөн акчага биз көп нерсе жасамакпыз, бирок бизге андай мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Чет жактагы меценаттар карапайым калкка жардам берүү менен мамлекетке кандайча салык төлөшүбүз керек деп таң калып жатышат. Алар биздин өлкөгө акча бөлгөндөн көрө башка өлкөгө бергени дурус болуп жатат. Кээ бирде салыктан качып деле бизге келчү акчалар башка мамлекетке кетип калат. Баса белгилей кетейинчи, Кыргызстанда эле кайрымдуулук долбоорлору салык төлөшөт. Биздин фонд так  жана ачык иштейт. Биз кайсы жакка канча каражат жумшалганын ачыктан-ачык көрсөтө алабыз. Отчетто да бир тыйындан бери жазабыз. Бизге толтура арыздар келет. Колубуздан келишинче баарына жардам бергенге аракет кылабыз. Кээ бир адамдарга жардам бере албай калдык деген жооп болгондо бизди урушуп кетишет. Бул бизди капалантпай койбойт. Али Айоуб 03Адамдарда сылыктыкты жана жакшылыктын маданиятын тарбиялаш керек деп ойлойм. Жашоосу жакшырып бараткан адамдарды көргөндө көңүлүм жылыйт. Ошондуктан мындай иштен рахат алууга болот. Мен өз кесибимди бул ишке алмаштырганыма өкүнбөйм. Бизден да ылдый жашаган адамдарды көргөндө тобоо келтиришибиз керек. Балдар үйүнө барганда өз балдарымды да ала барып жүрөм. алар да өз теңдүүлөр кандай күндү өткөрүп жатканын көрүп, булардын да жүрөгүндө кайрымдуулук орноп, чоңойгондо муктаждарга жардам берсин деп тилейм. Биз балдар үчүн майрамдык салтанаттарды өткөрөбүз, тарыхый жерлерге алып барабыз, англис тили, компьютерди үйрөнүү, тигүү, сүрөт тартуу ийримдерин ачканбыз жана бүтүрүүчүлөрдү Жалпы Республикалык тестирлөөгө даярдайбыз. Быйыл 20 бүтүрүүчү бюджеттик орундарды камсыздай алышты. Майып балдарга коляска, тамак-аш  жана 2-3 миң сомдон пособие беребиз.  Бардык өлкөнүн элдери жакшы жашашса деп тилейм. Кыргыз элине болсо өнүгүүнү каалайм. Сиздердин меймандос, көп улуттуу өлкөңөрдө жашап жатканыма кубанам.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №101



Башка окшош макалалар:

9 комментарий

  1. Жетишпегендердин муктаждыктарын камсыз кылып, жетим-жесирлерге кайрымдуулук кылып келе жаткан “ Human Appeal International” кайрымдуулук фондун көптөн бери билем, теледен көрөм. Биздин шаар алыскы тоолуу райондун борборунда жайгашкан. Бул Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Токтогул шаары. Биздин шаарда дагы материалдык колдоого муктаж тоголок, жарым жетим балдарыбыз бар. Ошондой эле ФАП, балдар бакчалары, балдар ойноочу аянтчалар жетишпейт. Шаарыбызда бюджеттин көлөмү аз, бирок социалдык багыттагы көптөгөн иштерибиз бар. Эгерде биздин кайрылуу сиздерди кайдыгер калтырбаса, өтө кубанычта болуу менен байланышууга даярбыз. We highly appreciate your activity in Krygyzstan, we’ll be glad to see you in our place also. We need assistance of such charitable fond. Thank you in advance.

    Маалымат булак: http://aibat.kg/archives/11883
    © Айбат – коомдук саясий гезити

  2. саламатсызбы?. сиз менен кантип байданышса болот???…

  3. Мукаш Кожомуратов:

    Ассолоому алейкум. Сиз менен кантип байланышсам болот дарегинизди берсениз. Ишинизге ийгилик каалап алдын ала ыраазычылык билдирем.

  4. Али байке салам сизге муктач мен кайрлып келдим эки жыл алдын аперация болдум жакшы болбодум эки путумду Эми кайрадан аперация жасстайын десем кара жадым жоок Элден 15000долар топтойун десем топтолгон жоок жардам берин сизден суранам жардамынызды бир кун кайтарам путума турсам жаман ойум жоок абалым ор суранам 0777429215/0551011146мен номерим

  5. Урматтуу Али Айоуб .Сизге кайрулуумдун себеби томонкучо: Биздин орчундуу маселебиз эгин сугарганга СУУБУЗ жок.Биздин жер коп гектарлап жатат жер бар сугат суубуз жоктугунан сизге кайрылууну туура таптык.Бизге жер астынан суу чыгарып беришинизди (скважн ) сууранып жана отунобуз.

  6. эркингул:

    Саламатсызбы Али Айоуб менин сизге бир отунуч суроом бар эле кантип байланышсам болот

  7. кантип дарегин билсем же байланышсам болот ???

  8. Саламатсыздарбы? Кантип байланышсам болот?

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru