Айбат » Таалим баян

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Таалим баян

ЧегирткеЧегирткенин укугу…

Чоң энемдин колунда өстүм, а киши Аллах жолунда түз жүргөн, беш маал намаз окуп, орозону такай кармаган такыба эле. Энем ушул окуяны айтып берген: “Кичине эс тартып калган кезим. Жайлоодо, айлана жапжашыл жай күнү. Ата энем айылдын молдосун конокко чакырып боз үйдүн алдында дастаркон жайып, кымыз ичип сүйлөшүп олтурушкан. Бир маалда молдонун чапанынын этегине бир жашыл чегиртке секирип келип коно калды. Ал этегинен түшүрүп жиберейин деп силкип жиберсе чегирткенин бир буту сынып түшүп секире албай туруп калды. Ошо жерден молдо: “Оо, Аллахым ушул чегирткенин тарткан азабын мага ушул дүйнөдө бер” -деп дуа кылып ийди. Мен бул эми бир чегиртке да деп таң калдым. Бир жума өткөн жок, молдону жылкы тээп буту сынып, көпкө чейин төшөктө жатканы эсимде. Ошо мага чоң сабак болду балам. Бейкүнөө эч бир жандыктын убалына калбагыла, ачка калбасаңар кайберендерди атып кырбагыла. Алла жараткан бүт жандыктарынын убал сообу, укугу, акысы болот”- деп айткан эле…

Азыр ойлосом ал молдо “Кыяматта- Улуу Сот күнү ким эгер бир инсанга же жандыкка бейкүнөө зулумдук жеткирген болсо Аллах зулум бергенден өчүн, акысын алып берет, эсептештирет деген хадиске амал кылган экен, Соттогу так эсептешүүгө даярданып, ал күндө жан чыдагыс азапка чыдай албасын билип жазасын бул дүйнөдө сураган экен…

Азыр эми токчулук заманда кумар үчүн кызыл китептеги кекилик, улар, балык, каз өрдөк, эчки текелерди кырып, эттерин сатып жүргөн аңчылардын Улуу сот күнүндөгү  абалы тообо кылып токтошпосо не болот… Бейкүнөө  жандыкка  зулумдук  жеткиргенден  сак  болсок, алардын ээси Улуу Кыямат күндүн Падышасы Адилеттүү Аллах…

 

автоӨлүм бетме бет көрүнгөн кыйчалышта

 Намаз окуп жүргөн бир иним ойлондура турган сөз айтты…

Ата апам, эжем, мен болуп машинеде баратып авария болдук, машинебизди бир машине сүзүп жолдон чыгып суурулуп бир топ барып токтодук… Барыбыз аман эсенбиз.. Бирок, эмне болорубузду билбей суурулуп баратканда атамдын, апамдын, эжемдин оозунан “Ла иллаха иллаллах, Аллах” деген сөздөр чыгып кайталап жатышты…

А менин оозуман “энеңди …..” деген сөгүнгөн сөз чыгып жатты….

Өзүмдү жек көрүп жатам…. хадисте кимдин акыркы сөзү щахада келме болсо Бейишке кирет деп айтылат го, ошондой өлүп кала турган учурда, менин оозуман ыплас сөз чыкты… мен калп эле намаз окуп жүргөн турбаймынбы…жүрөгүмө келме кире элек турбайбы… ыкласым жок экен да… Аллах мени 4-5 секундда эле абалымды көрсөтүп койду, исламдан илим алышым керек экен… деп күйүп бышты…

Өзүбүзгө сабак кылып ойлоно турган окуя… Ушундай өлүм бетме-бет көрүнгөн кыйчалышта биздин оозубуздан Аллах, шахада келмеси чыгабы???

Жеңиш Кулушев

 

Халифтик кызматка киришип жатып элге кайрылуу!

 Абу Бакр ас-Сыддык (Аллах ага ыразы болсун) Халифалык кызматка киришип жатып элге кайрылып сүйлөгөн сөзү:

“О, эл-журт!

Мен силердин үстүңөргө башкаруучу болуп коюлдум, бирок силердин эң жакшыңар эмесмин, эгер мен жакшы жолго баштасам жардам бергиле, ал жолдон четке чыксам мени кайтаргыла.

Чынчылдык – ишеним, а калп – ишенимден чыгуу…Эгер Аллах кааласа, мен анын укугун коргогонго чейин силердин алсызыңар мен үчүн күчтүү болот, а силердин күчтүүңөр аны башкалардын укугун мажбурлап болсо да сактатканча мен үчүн алсыз болот.

Элде бузукулук таркаганда Аллах ал коомго балээ жөнөтөт…

Силерге карата Аллахка жана Анын пайгамбарына гана баш ийсем мага баш ийгиле.

Эгер Аллахтын жолунан тайсам, силер мага баш ийүүгө милдеттүү эмессиңер… Намазга тургула, Аллах силерди кечирсин!”.

 

 

Сыр сандык

Абышка-кемпирдин түтүн-булатканына алтымыш жыл болду. Жашоонун бир караганга узун, бирок көз ачып жумганча өтүп кеткен бул ирмемин экөө ынтымак, бакыт менен өткөрүштү. “Казан аяк кагышат” деп коёт эмеспи эл ичинде, булардын казан аягы деле кагышкан жок. Мунун сыры эмнеде деп ойлоп калдыңызбы? Мунун сыры кичинекей темир сандыкчанын ичине катылган болчу. Баса, абышка-кемпир эч качан сырларын жашырышчу эмес. Алардын жашоосунда баары ачык болчу. Болгону баягы эле кичинекей сандыкча сырдуу эле. Ооба, ал абышкага гана сырдуу болчу. Колуктусу босогосун аттаганда ошол сандыкчаны көтөрө келген эле. Алгач анын кооздугуна суктанып, колуна алып көрүү үчүн жанына барганда, жаш жубайы акырын гана:

– Сүйүктүүм, бул менин сыр сандыгым, сизден сураныч, мен уруксат бермейинче ага колуңузду тийгизбеңиз, – деген жылмайып. Көөдөнүндө жубайына болгон сүйүүсү ашып турган жигитке анын сөзү мыйзамдай сезилген. Колун сандыкчага жеткирбей акырын тартып алган. Ошол күндөн ушул күнгө чейин сандыкты көзү менен гана карап койгону болбосо, ага кол суна элек. Бир канча жолу батынып анын сырын сурагысы келди, бирок “Мен уруксат бермейинче ага колуңузду тийгизбеңиз” деген жагымдуу үн кулагына жаңырып, жагымдуу жаштыгы эсине түшүп кыялга батат да, сандыкты эсинен чыгарып коёт. Мына андан бери арадан алтымыш жыл өтсө да сандык сырдуу бойдон турат.

Кемпирдин ооруусу күчөп, төшөккө жатып калды. Табып көпкө чейин тамырын кармап, абышканын кулагына: “Байбиче адам боло албайт, аркы-беркисине камына бер” деп шыбырады. Абышка кайгыга батты. Өмүрлүк жарыңды жаш кезиңде канча сүйбө, канча жакшы көрбө андан ажыроо ал кезде жеңил болот. “Катын жолдо, бала белде” дейт эмеспи. Дагы бирөөнү таап аласың да, мурункусун бат эле унутасың. Бирок, карыгандыкы кыйын экен. Картайганда кемпирден жетим калгандан сактасын Кудай. Абышканын муундары бошоп кетти. Сексендин сересине чыгып калса да, баскан-турганы тың абышка, бир күндө өзүн таштап жиберди. Керебетте кыймылсыз жаткан кемпир да өз абалын билип калды. Абышкасынын колунан акырын сылап, текчедеги сандыкчаны алып келүүсүн суранды. Калтыраган колдору менен сандыкчаны кармап, абышка кемпирге алып келди. “Ача бер” дегендей белги берди кемпир, жылмайып. Абышка сандыкчаны ачты. Кызык, сандыкчада кийизден жасалган эки куурчак, бир баштык толо күмүш тыйындар бар экен. Кемпир алсыз колдору менен куурчактарды кармалап, абышканын суроолуу көз карашына жооп кыла күбүрөдү:

– Мен сизге жаңы турмушка чыккан күнү чоң энем мага насаатын айтты: “Эркек менен жашоо өткөрүү абдан оор, эгер бүгүнкү чыгып жаткан сапарыңдын ийигиликтүү болуусун кааласаң, менин бир осуятымды өлөр-өлгөнчө аткарып өт” – деди ал. – “Менин осуятым ушул: качан күйөөңө ачууң келгенде кийизден бир куурчак жаса жана ачууңду күйөөңө билдирбе, бир күн келет сен бул ишиңе ыраазы болосуң”. Мен чоң энемдин осуятын аткарып, сизге ачууланган сайын бирден куурчак жасап койчумун.

Кемпирдин жанатан берки икаясын угуп отурган абышка азыр эле башына түшүп турган кайгыны эсинен чыгарып, көздөрү күлмүңдөй түштү:

– Сен мага ушунча жылдын ичинде болгону эки эле жолу ачууландыңбы, демек, мен татыктуу күйөө боло алган турбаймынбы?

Ооба, абышка чындап эле кудуңдай түштү, анан баштык толо тыйынды колуна алып:

– А булардын сыры эмне, булар кайдан келген? – деп сурады. Кемпирдин көздөрү жашылдана түштү, жылмаюуга аракет кылды, үнү жанагыдан алсыз чыкты:

– Булар ошол куурчактарды саткандан түшкөн акча. Абышканын жанагы кубанычы суу сепкендей болду. Кемпирдин алсыз колун кармап, көзүнө жаш алды. Ушунчалык көп ачуусун басып, сабыр менен жашаганына ыраазылык айтып, кечирим сурайын деп кемпирине үңүлө карады. Бирок…

Алайчы Сеитбеков

Сааттын боосу жана тарак

Күйөөсү менен аялы абдан кедей жашачу. Бирок, башка тартса бутка, бутка тартса башка жетпеген кедейчилик алардын ынтымагын буза алган жок. Алар абдан ынтымактуу жашоо кечирчү. Бир түнү аялы күйөөсүнө эркелей карап:

– Жаным, чачым чатышып аябай жүдөп кеттим, мага бир тарак сатып бере аласыңбы? – деп суранып калды. Күйөөсү оор үшкүрүп:

– Жаным, бир аз сабыр кыла тур, ал эмес саатыма боо ала албай жүрөм, – деп жооп кайтарды. Акылдуу аял сөзүн экинчи жолу кайталаган жок. Жубайлар өз ойлору менен көпкө алп урушуп жатып уктап кетишти.

Эртеси эртең менен күйөөсү жумушка кетти. Түшкө чейин жумушун бүткөрүп, шашып-бушуп базарга барды да, жарыбаган акчага боосу жок саатын сатып, жакшынакай тарак сатып алып, үйүнө шашылды. Үйүнө кубанычы койнуна батпай келген күйөөсүн аялы да кубануу менен тосуп турган экен. Бирок, экөө бири-бирин көрөр замат жүздөрү томсоро түштү. Аялы босогодо турат. Чачы түбүнөн кыркылган. Колунда саатка боо. Күйөөсү да босогодо. Колунда тарак. Экөө тең бир азга селейе катып калышты да, анан көз карегине айлана түшкөн көз жаштарын бири-биринен жашырып, кучакташып калышты. Дүкүлдөп соккон жүрөктөр бул эки жан бири-бири үчүн өлүмгө да даяр экенин айтып жаткансып дүкө-дүк, дүкө-дүк кагып жатты…

Айбат гезити №101




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru