Айбат » Ляо, Суң династиялары доорундагы кыргыздар жана Жин, Юань доорлорундагы кыргыздар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Ляо, Суң династиялары доорундагы кыргыздар жана Жин, Юань доорлорундагы кыргыздар

кыргыз840-жылы кыргыздардын дагы бир бөлүгү уйгурларды ээрчип батыш өңүргө көчүп, Тянь-Шань тоолуу аймактары менен Памир өрөөндөрүнө келип, бул жерде мурда отурукташкан кыргыздарга кошулгандан кийин, азыркы Үч-Турпан, Кашкардын түндүгүндөгү Ак-Чийден тартып, Улуу-Чатка чейинки кең жерлерди ээлеген. Бул кыргыздар уйгур, ягма, чуңут, карлук сыяктуу уруулар менен бирге Караханиддер мамлекетин курган.

Тан династиясы жоюлгандан кийин, орто түздүктө бөлүп башкаруу бийлиги орногон. Бул доор тарыхта 5 доор, 10 хандык деп аталат. Бул мезгилде кыргыздардын орто түздүк менен болгон байланышы үзүлгөн. Ляо, Суң династиялары мезгилиндеги кыргыздар тарыхый булактарда хагас деп кезигет. Бул мезгилдеги кыргыздар эки чоң топко бөлүнгөн. Бири чоң чөлдүн түндүгүндө отурукташкан, экинчиси Тянь-Шандын түштүк өңүрүндө отурукташкан. Чоң чөлдүн түндүгүндө отурукташкан кыргыздар түндүк Суң династиясынын жериндеги Шаң-Жин жолунун батыш түндүгүндөгү Жавтав мекемеси менен коңшулаш болгону менен Суң династиясы менен тыгыз байланышта болгон эмес. 10-кылымда кидандар күчтөнүп, өз бийлигин орнотуп, чоң чөлдүн түндүгүндөгү ар кайсы урууларды бара-бара багындырган. Кидандар кыргыздардын ордуна чыгып, чоң чөлдүн түндүк жайлоосундагы үстөмчүлөрдөн болгон. 931-жылы кыргыздар кидандарга көз каранды мамлекет болгон. 947-жылы кидандар расмий түрдө Ляо мамлекетин куруп, ар кайсы көз каранды мамлекеттерде улуу падышалык же падышалык мамлекеттерин куруп, көз каранды мамлекеттердин башчыларын, ошондой эле кидандарды «падыша» жана «йүйө» сыяктуу мансаптарга койгон. Ляо династиясы кыргыз аймагында «Кыргыз каганатын» куруп, кыргыз башчыларын каганаттын кагандыгына белгилеген. Кыргыз уруулары Ляо династиясынын бийлигине тартуу тартуулап эле калбай, жоокер чыгарып, Ляо мамлекети үчүн согушка катышуу милдетин аркалаган. Бул мезгилде, Тянь-Шандын түштүгүнө отурукташкан кыргыздар тарыхта хагас уруулары деп аталып, орто түздүк падышалыгы менен кыйыр түрдө байланышты сактаган. Тянь-Шандын түштүгүндөгү кыргыздар негизинен азыркы Ак-Чий айланасына отурукташып, 5 доор, 10 хандык мезгилинде белгилүү күчкө ээ болгон.

Түштүк Суң династиясынын жядиң 3-жылынан (1210) 6-жылына чейин (1213) чыгыш, батыш Караханиддер каганаты Күчлүк жана Хорезмшах Мухаммед тарабынан талкаланганда, Тянь-Шандын түштүгүндөгү жана Памирдеги кыргыздар батыш Лйав бийлигине каратылган. Лйав династиясынын бавда 5-жылы (1125-жылы)жүржүттөр чоң чөлдүн түндүгүндө Жин бийлигин куруп, кидандардын ордуна Жуңгонун түндүгүндө үстөмдүгүн орноткон. Жин династиясы кыргыздарды «кыргыс» деп атаган. Кыргыз уруулары Жин бийлигине көз каранды болгон.

12-кылымдын аяктарында Чыңгыз-хан башчылыгындагы моңголдор тез күч алып, көп өтпөй Жин династиясынын ордун ээлеп, моңгол бийлигин орноткон. Бул тарыхта чоң чөлдүн түндүгүндөгү муштумзордеп аталган. Бул мезгилде ханзуча жазылган тарыхый китептерде кыргыздар берилген. Моңголдор күчтөнгөн алгачкы жылдарда кыргыздар моңголдор менен тыгыз же кыйыр түрдө байланышта болгон. Түштүк Суң династиясынын чиң Юань 5-жылы (1199-жылы) Темучин жакын коңшусу болгон кыргыздарды багындырган. Суң династиясынын Кайши 2-жылы (1206-жылы) Темучин өзүн Чыңгыз-хан деп атап, кыргыз аймактарын Хорчинин башкаруусуна бөлүп берген. Түштүк Суң династиясынын кайши3-жылы (1207-жылы) Чыңгыз-хан кыргыз урууларын тизгиндөө үчүн, Алтан, Бугра деген эки адамды кыргыздарга жиберген. Бирок, бул жолу натыйжа болгон эмес. Ошол жылы Чыңгыз-хан Жучини жортуул жасап кыргыздарды багындырууга жиберген. Кыргыздар согушта жеңилгенден кийин, аларга баш ийип багынган. Кыргыз башчылары инал, алдыяр, калибек тегиндер жана башкалар ак булгун, ак боз ат, кара булгун сыяктуу белектерди Жучиге тартуулап, багынгандыгын билдирген. Түштүк Суң династиясынынжядиң 10-жылы (1217-жылы) Чыңгыз-хан тумашка кайра чабуул кылганда кыргыздардан жоокер талап кылган. Кыргыздар жоокер бермек турсун, тескерисинче, коңшу уруу тумаш менен биригип, моңгол кошуунуна кайтарма сокку урган. Чыңгыз-хан Жучини кайра кыргыздарды багындырууга жөнөткөн. Жучи Енисей дарыясынын тоңгонунан пайдаланып дарыядан өтүп, кыргыздарды белден алып дагы бир жолу багындырган. Бул жерлерге болгон үстөмдүгүн күчөтүү үчүн, Чыңгыз-хан Жаталакун башчылыгындагыочогорчу жоокерлерин кыргыздардын Кемкемжит аймагына калтырган. Түштүк Суң династиясынын жядиң13-жылы (1220-жылы) Чыңгыз-хан кыргыз аймактарын өзүнүн улуу аялынан болгон баласы Толуга бөлүп берген. Кыргыз аймактары ошондон баштап моңголдордун борбордук бийлигинин башкаруусунун карамагында болгон. Түштүк Суң династиясынын хавю 12-жылы (1252-жылы) мөңгү жаат кошууну Кем аймагына барып, бир жагынан кыргыз урууларына үстөмдүгүн күчөтсө, экинчи бир жагынан бул жерде батышка жортуул жасоо базасын курган. Түштүк Суң династиясы жин дыңдын биринчи жылы (1280-жылы) Хубилай моңгол империясынын тагына отурганда, анын иниси Албука ага моюн сунбай, Каракорумда өзүн падыша деп жарыялаган. Хубилай Есунгени түндүккө жортуул жасап, Каракорум аймагын багындырууга жиберген. Албуканын аскерлери жеңилип, кыргыз аймактарына чегинген. Андан кийин да көп жолку катуу согуштарда Албука кайра-кайра жеңилип, акырында Хубилайга багынган. Хубилайдын аскери кыргыз аймактарына кирген. Бирок, Огудайга караштуу Хайдунун каршылыгына учураган. Хайду батыш-түндүктөгү башка падышалар менен кээде Хубилайга каршы ынтымак түзсө, кээде өз алдынча чабуул коюп согушуп турган. Токтоосуз согушкан баш аламан согушта кыргыз аймактарынын чарбасы оор зыянга учураган. Моңгол үстөмчүлөрү кыргыздардын турмушун сактап калуу үчүн, бул жерлердеги тургундар менен жыгач усталарды башка жерлерге көчүргөн.

Юань династиясынын жыюан 16-жылы (1279-жылы) моңголдор Жуңгону бириктирип, Юань династиясын курган. Юань династиясы чоң чөлдүн түндүгүндө түндүк акимчилигин курган. Енисей өрөөнүндөгү Жылан аймагы сыяктуу жерлерде соттук органын курган. Бул кезде кыргыздар аталып, Жуңгонун түндүгүндөгү Жылан, Кемкемжит аймактарын ээлеп турган. Юань династиясынын өкмөтү ЛюхавлиниЖылан аймагы сыяктуу 5 элге сот кылып жиберип, кыргыз сыяктуу 5 элди башкартган. Юань династиясынын алгачкы жылдарында чоң чөлдүн түндүгүндө моңгол бектери дайыма бүлүк салып турган. Кыргыз аймактарында бектердин бүлүк салышы кыргыздардын тынчын алып, ал түгүл кээде ал бектер тарабынан ээленип алынган. Юань династиясынын жы юань 30-жылы (1293-жылы) Юань династиясынын сангунуТутуха Кем дарыясында (азыркы Енисей дарыясынын башкы агымы) алар менен көрүшүп, кыргыздын 5 элин кайтарып алган.

Ляо, Суң династиялары доорунда кидандар Кыргыз каганатына башкаруучу адамдарды жиберип, кыргыздарды катуу көзөмөлдөгөн. Кыргыздардын башчысы падышалыкка коюлган болсо да, уруулардын чоң-кичи иштеринин бардыгы кидандардын ою менен кылынган. Кыргыз «падышасы» кидандардын ал жерге койгон бир куурчагы болгон. Кыргыздардын коомдук орду төмөн болуп, 40 жаштан ылдыйкы букаралардынкидан үстөмчүлөрүнүн алдында жол жүрүү укугу да болгон эмес.  Чарбалык жакта кыргыздар дагы эле мал чарбачылык, аңчылык, эгинчилик жана аз көлөмдө кол өнөрчүлүк менен алектенип, малчылык менен аңчылык негизги чарба болгон. Кыргыз аймактарынан пил тиши, жыпар, кара булгун териси, бөкөн мүйүзү, боз тыйын чычкандын териси чыккан. Бул кымбат айбан түшүмдөрүнүн көбү кидандарга бериле турган тартуу болгон же кидандар жагынан талоон кылынган. Кыргыздар таруу сыяктуу дан эгиндерин, эт, жер жемишти азык катары урунган, үй айбандарынын териси, жүнүнөн кийим кийишкен. Юань династиясынын доорунда кыргыздардын чарбасы кыйла өнүккөн. «Юань тарыхында»: «кыргыздар ак үйдө жатышат. Жайыт, сууга карай оторлоп көчүп жүрүшөт. Эгинчиликти жакшы билишет, кар жаап сонор болгондо ырайыл (чаңгы) менен аң уулашат. Бөтөнчө түшүмдөрүнөн буудан жылкылар чыгат, ак-кара булгундар болот» деп айтылат. Бул мезгилде кыргыздардын дыйканчылык иштери бир кыйла көбөйгөн. Рашиддин «тарыхтар жыйнагы» деген китебинде, Енисей өрөөнүндөгү кыргыз аймактарында «көптөгөн шаар жана айыл-кыштактар бар. Малчылар эң көп» деп айтылат. Шаар жана айыл-кыштактардын болушу – өнөр жайдын жана айыл чарбанын өнүккөнүнүн белгиси. «Чаңчүндөгү жүржүттөрдүн батышка саякаты» атту эмгекте жазылганына караганда «Кемкемжит аймагында жакшы темир бар. Тыйын чычкандар көп. Тарууну оңой алса болот. Ханзу усталардан миңдеген усталар отурукташкан. Алар кендирден кездеме токуйт» деп айтылат. Демек, ал кездеги кыргыздар малчылыкты негиз кылган болсо да, айыл чарба, кол өнөрчүлүк да кыйла жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн, ошондой эле темир устачылыктын кире баштаганын болжолдосо болот.

Юань династиясы кыргыз аймактарынын чарбалык өнүгүүсүнө пайдалуу чараларды колдонгон. Мисалы:Жылан аймагынын соту Люхавлии кыргыз аймактарынын чарбасын өнүктүрүү үчүн, Юань династиясынын өкмөтүнөн суранып отуруп, түштүк Жуңгодон жыгач усталарды алдырып келип, жергиликтүү тургундарга кеме, кайык жасоону, балык кармоо куралдарын жасоону үйрөтүп, кыргыздарга кеме колдонууну жана балык уулоону үйрөткөн. Уйгур аймагынан тажрыйбалуу дыйкандарды, жыгач усталарды сунуш кылып, дыйканчылыкты өнүктүрүүгө жардам берип, кампа жасаткан. Юань династиясынын өкмөтү көп жолу күмүш, аштык, акча берип, кыргыз аймактарын кыйынчылыктан куткарып, жергиликтүү токумачылыкты өнүктүргөн. Кыргыз аймактарындагы чарбанын өнүгүүсү Юань династиясынын бай мамлекет, күчтүү кошуун куруу жана улуттук чарба маданиятын алмаштыруу саясатына байланыштуу болгон.

Суң, Юань династиялары мезгилинде кыргыздардын саясий, экономикалык абалы да кыйла өнүккөн. Бир канча жолу көчүп, Тянь-Шандын түштүгүнө (азыркы Ак-Чийден Улуу-Чатка чейинки аймак) келген кыргыздардын күчү кыйла эле өскөн. Алар чарбада негизинен бийик тоо малчылыгына таянып, кошумча түрдө аңчылык жана аз көлөмдө эгинчилик менен алектенишкен. Бирок, айыл чарба, өнөр жай чоң чөлдүн түндүгүндөгү кыргыз аймактарына жеткен эмес.

Минь династиясынын доорундагы кыргыздар

Минь династиясы Юань династиясынын ордуна бийликке келгенден кийин, Жуңгонун түштүк менен түндүк жагындагы чек ара аймактарда гана үстөмдүк укугу моңголдорго өтүп, калган аймактар Юань падышасынын карамагында болгон. Минь династиясынын тарыхый китептеринде кыргыздар аталган. Бул мезгилде ойрот уруулары тез күч алып, Енисейдеги кыргыз аймактарына үзгүлтүксүз чабуул жасап өз аймагын кеңейте баштаган жана кыргыздарды багындырып, аларга өзгөчө зулум көрсөткөн. Жырткычтардын эзүүсүнө чыдабаган кыргыздар арты-артынан козголоң чыгарып, аларга каршылык көрсөтүп, көп жолу ойрот уруусунун үстөмдүгүн оодарып таштаган. Ошону менен Юань Зуң падыша жаатынын урпактары курган татар уруулары да ойрот, кыргыздар менен курч согуштарды алып барган.

(Уландысы кийинки санда)

Айбат гезити №101




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru