Айбат » Кыргыз журналистикасынын казаны кандай «кайнап» атат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Кыргыз журналистикасынын казаны кандай «кайнап» атат?

ПрессаКайсы бир бийлик өкүлү тарабынан ММК өкүлдөрүнүн дарегине кандайдыр бир сын айтылып калса эле, журналистика журтчулугу таарынып калмай адатыбыз бар. Бул жолу да президент Алмазбек Атамбаевдин журналистика тармагында кызмат өтөп келе жатышкан айрым кесиптештирибиздин ишмердүүлүгүнө карата айтылган сыны бир топ таарынычтарды жаратып жиберди. Андыктан биринчи кезекте таарынычка алдырып койгон кесиптештерибизди бир аз сабырдуулукка чакыргыбыз келет. Себеби мамлекет башчысы «өлкө имиджинин төмөндөшүнө коррупционерлердей эле журналисттер да салымын кошууда» деп жалпы журналисттердин атына көлөкө түшүрүп жаткан жери жок. Терең ой жүгүрткөн адам президенттин пикири кайсы бир саясый күчтөрдүн колундагы куралга айланып, өлкө ичиндеги окуяларды бир гана тескери жагынан чагылдыруу менен алектенип келаткан басылмалар жана анда иштеген журналисттер туурасында гана болгондугун аңдай алат. Экинчиден, эмне себептен биз журналисттер журтчулугу өзүбүз кимдир-бирөөлөрдү сынга алганга маашырланабыз дагы, өзүбүзгө карата айтылган сындарга туруштук бере албай, ошол замат таарынып, же чычалап чыга калабыз? Же кыргыз журналистикасында бардыгы ойдогудай болуп атабы? Журналисттик этика, журналисттик стандарттар сакталып атабы? Биздин профессионалдык цехте бардыгы ойдогудай эмес экендигин өзүбүз дагы жакшы билебиз. Арабызда принциби жок жалаң кара пиар менен шугулдангандар, маалыматтык киллерлер, провокаторлор, журналист-коркутуп акча «сындыруучулар», ал гана эмес арабызда белгилүү инсандардын «төшөгүнө» чейин «кирип» кеткендери бар. Кайсы бир саясатчынын уюштуруп жиберген чуулгандуу митингдерин, курултайларын бир беткей гана мактап, бийликти тепкилеп жатып калган журналисттер бар экендигин да тана албайбыз. Чуулгандуу митингдерде бийлик өкүлүн барымтага алып, «өрттөйбүз» деп коркутуп атышса дагы, «туура кылып атышат» деп алакан чаап турган басылмалар канча? Ошол эле учурда өлкөбүздө кандайдыр бир жаңы ири долбоорлор ишке аша баштаса да, ага таптакыр көңүл буруп койбогондорун, анын ордуна ызы-чууларды, жол тосмойлорду, басып алмайларды «баатырдык», «патриоттук» катары сыпаттап макалалардын серияларын чагылдырып атышкан басылмалар азбы? Анан ушундай «сериалдар» ал басылмалардын беттерине бекер эле чыгып атат деп айтканга ким ишенет? Андай гезиттер таңгак-таңгагы менен митинг, же пикет өтүп жаткан жерлерге жеткирилип, ал жердеги адамдарга бекер эле таркатылып жатканын көрбөй атабызбы? Мына ушунун өзү эмнени түшүндүрөт? Же араңдан зорго жумасына 2000-3000 нуска менен чыгып аткан гезиттер бекер таркатылгыдай, анда иштеген журналисттердин байманасы ашып атыптырбы? Андыктан мындай көрүнүштөрдүн артында сөзсүз түрдө «дирижерлук» кылган саясый күчтөр – «демөөрчүлөр» бар экендигин танбашыбыз керек. Албетте, ал басылмалардын баш редакторлору «биз эч кимден акча албайбыз» деп миң жолу сайрашат. Бирок, журналистиканын казанында кайнап келаткан журтчулук мындай актанууга эгерим ишене алышпайт. Демек, мына ушундай багытта иш алып барып аткан журналисттер өлкө имиджине терс таасирин бербей жатат деп айта алабызбы? Азыркы интернет доорунда «кыңылдап» учкан коңуздун дабышын дагы керектүү болсо, которуп туруп дүйнөлүк маалымат сайттарына жайгаштырып коюу оңой эле. Өзгөчө Кыргызстанда стабилдүүлүктүн болушуна ар дайым терс таасирин тийгизип, башаламандык гана болуп турушун каалаган сырткы жана ички күчтөрдүн чырагына мындай маалыматтар май тамызып тураарын кантип билбей калабыз? Мына ушундай аракеттер кыргыз элинин кызыкчылыгына, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетире тургандыгын айтып койсо эле, чуулдап баса калганыбыз туура болобу? Балким өзүбүз башкаларды чучугуна жеткидей кылып сынга алып жаткандан кийин, өзүбүзгө карата айтылган сындарга да туура мамиле кыла билүү учуру келип жүрбөсүн? Экинчиден, бүгүнкү күндө кыргыз тилдүү эркин гезиттердин саны өтө эле көп. Алардын айрымдары эптеп-септеп 2000дин тегерегиндеги нуска менен жарык көрүп атса, айрымдары шайлоо маалдарында эле «жаркырап» чыга келишет. Анан жүз миңдеген нуска менен басмаканалардан басылып чыгып, кайсы бир партиянын “ырын” ырдап чыгышат. Ал эми эптеп 2000 нуска менен чыгып аткандар да ири көлөмдөгү нускалар менен чыга баштайт. Аларды го макул дейли, ал эми таптакыр эле нымшып «уктап» атып, анан шайлоо маалында «ойгоно» калган басылмаларды кандай түшүнсөк болот. Шайлоо үгүттөрү бүтөрү менен алар кайрадан беш жылдык «уйкуга» кетишет. Эмнеге журналистика журтчулугу бул жөнүндө айтпайбыз? Анткени нусканын санын атайын төмөндөтүү шайлоо тууралуу Кодексти  одоно бузуп жатканын көрбөй атабызбы? Партиялардын шайлоо алдындагы фондунун каражаттарын ачык-айкын сарптоо бузулуп атат. Бул биринчиден салыктардан качуу болсо, экинчиден абийирсиз атаандаштык болууда. Анткени мындай ири көлөмдөгү заказдарды үзгүлтүксүз чыгып келген басылмалар гана алышы керек. Эмнеге ушундай мыйзам бузууларды айтпайбыз? Эмнеге ушул жагынан укугубузду коргобойбуз? Ушул иштерди жөнгө сала турган журналисттер союзу эмне иш кылып жүрөт? Аты бар, заты жок союздун деги кереги барбы? Биз билгенден композиторлор союзу, сүрөтчүлөр союзу, кинометагрофисттер союзу иштеп атат. Алардын иштеп атканы көрүнүп да турат. А журналисттер союзу деги кайда? Эмнеге ал журналисттердин башын кошуп, бирдиктүү иш алып барбайт? Эгерде союз иштеп турса, анда ал жерге журналисттер чогулуп, пикир алышып, бири-бирин тарбиялап турат беле? Албетте. Тилекке каршы бул тууралуу ооз ачкан журналист жок. Журналисттердин биригиши учурдун талабы болуп турат. Биз бардыгыбыз өнүккөн, бардык шарттары бар өлкөдө жашагыбыз келет. Андай өлкөдө жашоо үчүн биз адегенде маалымат айдыңында акыйкаттыкты, чындыкты айтканга үйрөнүшүбүз керек. Журналисттер кимдир-бирөөлөрдүн куралы болуп эмес, эки тараптын оюн бирдей чагылдырган, анализдеген материалдарды чыгара баштаганда гана коомчулуктун ою бир багытта өнүгө баштайт. Болбосо, бир гезитте жакшы жагынан көрсөтүлгөн маалымат экинчи бир гезитте тескерисине айтылып, элдин башын маң кылып, стабилдүүлүктү, тынчтыкты бузууга гана алып келүүдө. Анан кантип “журналисттер өлкө имиджине доо кетирүүгө салымын кошуп атат” деген сынга теригебиз?  Internewsnetwork өкүлчүлүгүнүн программалык директору Аделя Лаишева да Кыргызстандын имиджине журналисттер таасирин берип жаткандыгын билдирген. “Чындыгында эле журналисттер мамлекеттин имиджине таасир берип жатат. Бизге бир убакта армян жана азербайжан улутундагы адистер семинарга келип калышты. Алар биздин жергиликтүү ММКны окуп жана көрүшүп, бул жакка келүүдөн коркушкан экен. Анан алар келгенден кийин биздин өтө тынчтыкты сүйгөн эл экенибизди көрүп таң калышкан. Кыргызстанда журналисттер кандайдыр бир жакшы иштер тууралуу өтө аз жазышат. Жакшы маалыматтарды жазышса эле, аны реклама катары кабылдашат” дейт ал. Айтмакчы, бийликтин кандайдыр бир жакшы иштери тууралуу жазгандардын бардыгын кошоматчылар деп да атап коюшат. Ал эми анын атаандаштарынын колундагы курал болуп аткандар өздөрүн патриот катары эсептешет. Жогорудагы Аделя айымдын айткандарынан деле журналисттердин өлкө имиджине кандай таасир этип атканын аңдап түшүнсөк болот. Андыктан журналисттер биригип, “уктап” аткан журналисттер союзун “ойготуп”, маал-маалы менен жолугушуп, пикир алышып, бири-бирин тарбиялап турууга мезгил бышып жетти окшойт. Себеби баарыбыздын максатыбыз бирөө гана – ал Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсү. Демек, ал үчүн бардыгыбыз бирдей кызмат кылышыбыз кажет.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №102



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru