Айбат » “Өлкөнү өнүктүрүү” илимдеринин доктору

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Өлкөнү өнүктүрүү” илимдеринин доктору

Усубалиев ТурдакунКыргыз Республикасынын Баатыры, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, «Руханият» сыйлыгынын ээси, тарых илимдеринин кандидаты, коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин ысымы бүтүндөй кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү десек аша чапкандык болбос. Бул инсан 19 жашынан тартып бир катар кызматтарды аркалап, кыргыз эли, кыргыз журтчулугу үчүн тоодой эмгектерди жасады. Алгачкы эмгек жолун Кочкор айылындагы мектептердин биринде катардагы мугалимдиктен баштап, андан соң завуч, райкомдун бөлүм башчысынын орун басары, КПСС БКнын инструктору, «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитинде башкы редактор, Фрунзе шааркомунун 1-катчысы, Кыргыз ССР КП БКнын 1-катчысы, Кыргыз Республикасынын «легендарлуу парламентинин» депутаты болуп элинин алдында ак кызматын өтөгөн.

Турдакун Усубалиевичтин эмгек жолундагы өзгөчөлөнгөн окуялары менен, тарыхый өзгөрүүлөрү менен түбөлүккө эсинде калган кызматы – бул 1-катчылык кызматы. Азыркы биздин тил менен айтканда – Президенттик ишмердүүлүгү. Себеби, бул мезгил аралыгында, тагыраак айтканда 1961-жылдан 1985-жылга чейинки убакыт ченеминде Т. Усубалиев өзүнүн мекенинин жана кадырман элинин алдында чыныгы патриот, өлкөнүн өнүгүшү үчүн кан-жанын аябай иштей турган инсан катары көрсөтө алды десек жарашар. Т. Усубалиев 1-катчылык кызматын ээлеп турганда өлкөдө, анын ичинде борборубуз Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында чоң өзгөрүүлөр болуп, алга карай кадам таштоо процесси жүрүп турган. Бул боюнча КРнын 3- жана 4-чакырылыштарынын депутаты, Бишкек шаарынын экс-мэри Аскар Салымбеков төмөнкүлөрдү жазып кеткен: «…1965–85-жылдарда Фрунзе шаарыбыздын көркүнө көрк кошкон, ансамблдешкен, архитектуралык жагы эң сонун чечилген, уникалдуу, түбөлүктүү имараттарыбыз, элге салынган турак жай, айыл кыштактарда суу чыкпай жаткан кайрак жерлерге каналдар курулуп, суу түтүкчөлөрү орнотулду. Миңдеген гектар аянттар жашыл талаага айланды. Алыскы райондун кыштоолорун, орто жайлоолоруна чейин электр энергиясы жеткирилди. Негизги байлыгыбыз мал чарбачылыгына өзгөчө көңүл бурулуп, айтаарлык жетишкендиктер жаралды. Эл турмушу оңолуп, жогорку чегине чейин жетти. Аларды тейлөө жакшырды. Айыл жаңы техника менен үзгүлтүксүз жаңыланып турду…». Буга удаалаш кылып Кыргыз эл мугалими, коомдук ишмер Мукаш Базаркуловдун да Т. Усубалиевдин чейрек кылым өлкөнү башкарып тургандыгына баа берген цитатасын келтиргим келип турат: «… Ушунча узак убакыт республиканын башында туруп, анын материалдык жана руханий байлыгын кемитпей, кайра көп эселеп көбөйтүп, барк-баасын көтөрүп, жыргалчылык менен ынтымактын кучагында нарктуу жана акылман башкаруу, акыйкатта, чындыгы адамдык эрдик болуп саналат…». Ал эми Турдакун аксакалыбыздын замандашы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы (1958–61-ж.ж.), 1-тышкы иштер министри (1944–49-ж.ж.) Казы Диканбаев 1-катчы туурасында төмөнкүдөй ойлорду бөлүшүп кеткен: «Мен Турдакун Усубалиевичти мыкты журналист, акылман тарыхчы-философ, көрүнүктүү партиялык жана мамлекеттик кызматкер катары жакшы билем… Отуз жыл бою мен Турдакун Усубалиевич менен тыгыз байланышта иш алып бардым. Мамлекетибиздин башчысы катары, ал чейрек кылым ичинде өзүнүн эли жана өзүнүн мекени үчүн баа жеткис иштерди жасады. Муну эч ким тана албайт. Өмүрүндөгү кыйын учурларында дагы Турдакун Усубалиевич, бардыгына сабырдуулук менен мамиле жасап, өзүнүн баркын, наркын жоготпой, барыдан мурун интеллигент жана ойчул адам катары өзүн сактап келет…».

Косыгин, УсубалиевТурдакун Усубалиевич мыкты жетекчи гана болбостон, мыкты калемгер катары дагы калың элге маалым. Анын калеминен коомдун саясий-экономикалык абалын, өлкөдө болуп жаткан түрдүү маселелердин жаралышын, аны чечүүнүн жолдорун чагылдырган публицистикалык макалалары жазылып, алар республикабыздын түрдүү газета журналдарынын беттеринен орун алып, учурдун актуалдуу делген материалдарынын катарын толуктап келген. Турдакун Усубалиевичтин жазма ишмердүүлүгүнүн кульминациясын 7 томдон турган бакандай эмгеги түзөт десек жаңылышкан болбойбуз. Бул эмгектердин ар бири өз алдынча формага, терең мазмунга жана өзгөчө жазуу стилине ээ. Бул эмгектери туурасында Кыргыз эл жазуучусу, «Манас» орденинин кавалери Асанбек Стамов «Кыргыз Туусу» газетасына берген макалаларынын биринде: «Турдакун Усубалиев өз авто портретин толук жазып койгон инсан. Аксакалдын жети томдон турган эмгеги өткөн кылымдын орто ченинен тартып, аягына чейинки болгон Кыргыз Республикасынын турмушу жөнүндөгү энциклопедия. Мына ушул томдордо кутманыбыз республиканы башкаруудагы түзүүчүлүк касиетин толук көрсөткөн…» деп жазган. Ал эми  саясий илимдеринин доктору, КРнын V чакырылышынын депутаты Каныбек Иманалиев төмөнкүлөрдү белгилеп өтөт: «…Мындан 7-8 жыл мурун журналистика адистигине билим алып жаткан студенттер менен жолугушуп калсам: «Сиз Кыргызстанда №1 публицист деп кимди эсептейсиз?» – деп суроо менен кайрылышты. Мен «Турдакун Усубалиев, ишенбесеңер ал жазып чыгарган 4 томдугун барактап чыксаңар» – деп жооп бердим…».

Турдакун Усубалиев 2Турдакун Усубалиев кыргыз саясий элиталарынын ичинен жылдызы жарык жанган инсандарынын бири. Бул ойго саясат чөйрөсүндө жүргөн адамдар гана эмес, калыс караган карапайым калктын каймактары дагы кошулат деген ойдомун. Бул инсан кыргыз элинин баа жеткис байлыгы болгон тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, Б. Исакеев, И. Раззаков өңдүү тарыхый инсандардын катарына кошулуп олтурат.

Турдакун Усубалиевичтин 95 жылдык юбилейи Республикабыздын булуң бурчтарында кызуу белгиленип, аксакалдын урматына, бул инсандын өмүр жолун, иштеген ишин, чыгармачылык ишмердүүлүгүн чагылдырган илимий-практикалык конференциялар, тегерек столдор, көргөзмөлөр байма бай уюштурулуп жаткан чак. Мына ушундай иш-чара борборубуз Бишкек шаарындагы Улуттук компьютердик гимназиясында (УКГ, мурунку №5 мектеп) болуп өттү. Тегерек стол түрүндө уюштурулган бул иш чара «Улуу элдин улуу уулу Турдакун Усубалиев 95 жашта» деген аталышты алып, окуучулардын активдүү катышуусу менен өз максатына жетти десек болот. Жыйындын жүрүшүндө Т. Усубалиев туурасында 3 мүнөткө созулган видео тасма, окуучулар даярдап келишкен кыскача видео репортаждар көрсөтүлүп, залкар адамыбыздын өмүрү, эмгек жолу камтылган, китептери туурасында, анын мазмунун ачып көрсөткөн ойлордон куралган докладдар окуучулар тарабынан мыкты аткарылды. Аягында тегерек столдун катышуучулары резолюция кабыл алышып, ага Т. Усубалиев тууралуу мектептин базасында чоң конференция уюштурууну, мүмкүн болсо окуучулар менен бул инсанды жолуктурууну, Т. Усубалиев жана ушуга окшогон кыргыз элинин чыныгы саясий элиталары тууралуу тарых сабагынан кенен жана кошумча маалыматтарды берүүнү, мектеп ичинде бардык класстарга Т. Усубалиевдин өмүр жолу, иштеген иши тууралуу класстык ачык сабактарды өткөрүүнү киргизишти. Тегерек столго УКГнын 11м1, 11м2 класстарынын окуучулары тартылып, ага физика мугалими, илимий иштер боюнча директордун орун басары А. Эмилбек уулу төрагалык кылды.

Т. Усубалиевдин адамдык сапаттары, жасаган иштери бүгүнкү күндүн муундары үчүн – эталон болуп саналат. Биз, келечектин кожоюндары, бул инсан басып өткөн узак жолду терең талдап, ар бир эртеңки күнүбүз үчүн көп сабактарды алсак болот. Бул, албетте, Турдакун аксакалды жөнү жок ашкере мактагандык эмес, чыныгы, реалдуу нерсени гана ачыкка чыгаруу.

Учурдан пайдаланып мен дагы Турдакун Усубалиевичти 95 жылдык торколуу тою менен чын ыкласымдан куттуктап, аксакалга бекем ден соолук, бактылуу карылык каалап, арабыздан алыстабай, кыргыз элине караан болуп жүрө беришине тилектешмин!!! Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине, анын өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн таазим кылып, ыраазычылыгымды билдирем. Ырахмат, Сизге, Турдакун Усубалиевич!!!

ЭМИЛБЕК уулу Айбек,
УКГнын илимий иштер боюнча директорунун орун басары

Айбат гезити №102




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru