Айбат » Автандил Кулбараков, коомдук ишмер: “Балтыр тилген балачак – өмүрдүн башаты”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Автандил Кулбараков, коомдук ишмер: “Балтыр тилген балачак – өмүрдүн башаты”

Автандил Кулбараков“Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, өзүнүн Ата-Журтунда эле эмгек жаратып, элдин пайдасына жарап жаткан мекенчил инсандардан элибиз уучу куру эмес. Ошондой маңдай тери менен эл-журтубуздун бүгүнкү күндөгү ийгиликтерине салым кошуп жаткан ишкер мырза Автандил Кулбараков жөнүндө көптөр сыймыктануу менен кеп салат. Сенин бүгүнкү ойлогон оюңдан, сүйлөгөн сөзүңдөн, жасаган иштериңден эртеңки жашооңдун кандай болоору түзүлөт дешет. Талыкпаган эмгексиз ийгиликке жетүүнү каалоо-үрөн сеппеген жерден түшүм алууга окшош. Биздин каарман кыргызымдын кырааны Автандил мырза эл үчүн талыкпаган эмгектин артынан ийгилик жаратып, сепкен үрөндөн мол түшүм алууда. Байлык-мээнеттин түшүмү. Түшүмдү пайдалана билиш керек. Пайдаланганды билгенде ал сага эч убакта кожоюн боло албайт. Автандил мырза ишмердүүлүгүнүн натыйжасында эли-жери үчүн ак эмгек жаратып келүүдө. Бул каармандын өмүр-таржымалына саякатка чыктык.

“Адам өз балалыгын өмүрү өткүчөктү сактап жүрөт”, -деп бир акылмандын накылы сөзү кандай калетсиз чындык! Бүгүнкү каарманыбыз 1961-жылдын 21-сентябрында  Жумгал районунун Чаек  айылында ыңаалап жарык дүйнөгө келген. Ал ар бир жараткан ийгилиги үчүн алтын бешикке бөлөгөн мээримин марттык менен төккөн, түн уйкусун  төрткө бөлүп, үстүңдөн үзүлүп түшүп, көзүңдүн карегиндей чарк айланган-энесине ыраазы болуп келет. Апасы Зина катуу оорудан Автандил мырза 4 жашка чыкканда каза болот. Автандил мырзаны чоң апасы Турдукан багып чоңойтот. Ал эми уулдуу болгонуна кубанычында чек жок болгон.  Илдус атасынын каректеринен бакыт тамчысынын тамышы айтып бүткүс дастан эле. Бул каармандын балачагы  эсте калаарлык нары кызык, нары маңыздуу өтүптүр. Балалык учуруң киргил сууга аралаша элек аска тоонун мөлтүр булагындай тунук да, таза да болот тура. Чоң атасы кичинекей булак туп-тунук болуп түбү көрүнүп турат деп калчу экен. Ал баёо балалыгын дал ошол булакка салыштырат. Себеби, жашоонун оош-кыйыш көйгөйлөрү менен түк ишиң жок, эч кимге баш ийбеген “өжөр” мезгил экен. Эчак өтүп кеткен бал татым балачагын, уйду кезүүдөн күткүчөктү футбол ойногон өспүрүм кезин  ага даана элестелип, көп учурда мен ага күтүүсүздөн “саякатка” аттана чыгып калган учурлары болот. Ошол балалыктын бал даамы алигиче оозунан кетпегенин азыркыга чейин жон териси менен сезип келет.

 

“Китеп тарбия берди”

Окуучулук күндөрү Мидин Алыбаев атындагы мектепте өтөт. “Бешиктеги баланын бек болоорун ким билди” дегендей, ошол кезде эле маданий иш чараларда активдүү катышып, уюуштуруучулук жактан эч кимди алдыга чыгарбаптыр. Классикалык чыгармаларды чогултуу анын хоббиси экен. Мектептин китепканасында көп каттап, дүйнөлүк, орус жана кыргыз жазуучулардын чыгармаларын кызыгуу менен окуучу тура. У. Шекспирдин, Шолоховдун, А. П. Чеховдун, Л. Толстойдун, Ч. Айтматовдун, М. Гапаровдун, Ө. Даникеевдин чыгармалары ага таалим-тарбия берген. Китептен башы көтөрүлбөй окуучулук күндөрү да кызыктуу өтүптүр. Ушундан уламбы келечекте кыргыздын керегине жараган инсан болууну тилек кылууну көздөптүр.

 

“Үй-бүлөсү – байлыгы”

Сүйүктүү жубайы Чолпонай ар дайым аны колдоп келет. Кызы Гүлзина уулдары Арслан, Субан, Насыркул жана Султан бул дүйнөдө бар байлыктары.

 

“Дүйнөгө  саякат”

Балачагынан дүйнөгө саякаттаганды жактырган Автандил мырза дүйнөнүн теңинен көбүн кыдырыптыр. Бирок, канчалык катуу шамал болбосун ак чардак сүйгөн деңизинен айрылбайт демекчи, күнөстүү кыргыз жерин эч бир жерге алмаштыргысы келбегенин да жашырган жок.

 

“Мыкты жетекчинин белгиси ишмердүүлүгүндө”

Кайсы гана деңгээлде мамлекеттик жетекчи болбосун, анын күчү менен өзүнүн эмгек жамааты, коомчулук жумурай журт менен ажырагыс байланышта болуп, алар менен бирге жашап, ой-мүдөөлөрү, пикирлери, суроолору, сунуш-талаптарына назар салып, ар дайым алардын күрөө-тамырынын согушун сезип туруусунда. Муну кудайга шүгүр Автандил мырзадай билгендер чанда чыгаар деп ойлоймун. Анткени кол-арага жарап калган кезинен баштап, мына, ушул күнгө чейин ал өз эли, өз жерине талыкпай 33 жылдан бери эмгектенип келет.

Автандил Кулбараков“Өз элинин демөөрчүсү”

Автандил мырза Жумгал өрөөнүнө бир топ жакшы иштерди жүргүзүп келет. Андан сырткары көп учурда демөөрчүлүк кылып, муктаж адамдарга жардамын да аябайт. Жумгал районунун милиция кызматкерлерине иштери жакшы жүрүшүш үчүн атайын кызматтык автоунаа белек кылды. Өзү кичинекейинен китепти сүйгөн жан деп белгилеп кетпедикпи, ошондуктан Жумгалдагы С.Байгазиев атындагы китепканага 80 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты жагынан жардам берди. Андан сырткары Жумгалда өтүп жүргөн ат оюндарына да демөөрчүлүк кылып, баш байгеге автоунаа жана жүздөгөн миң сом акчалай сыйлыктарды берип жүрөт.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №102



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Автандилге рахмат айтуу менен ишине ийгилик каалаймын.

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru