Айбат » Кыргызстанда кезектеги дүрбөлөң салуу күч алдыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Кыргызстанда кезектеги дүрбөлөң салуу күч алдыбы?

“Алло, биз ЖКУ (Жарандык коом уюмдары) издеп жатабыз жана акча беребиз!” дейт “Фридом Хаус”, ал эми Жордж Сорос болсо жеке өзү Бишкекке келет.

Дүрбөлөң

“Кызмат кылуу кубаныч – көшөкөрлөнүү жийиркеничтүү”, – деп өз убагында бир классик айткан экен. “Вести.kgнин” билдирүүсү боюнча “Фридом Хаус” эл аралык уюму “…кыска мөөнөттөгү чукул аракеттер” программасын жарыя кылды. Программанын алкагында кыска мөөнөткө жарандык коом уюмдарына жардам берилет. Демөөрчүлөрдүн көрсөтмөсү боюнча адам укугуна туулган күтүүсүз коркунучтарга көңүл буруу, же болбосо укук коргоо көйгөйлөрүн жаңы, инновациялык ыкмалар менен чечүү коюлган.

“Фридом Хаус” ЖКУну чоң эмес, кыска мөөнөттө жасала турган инициативалары үчүн колдоого алат. Күтүүсүздөн туулган коркунучтарга чара көрүү, же болбосо каршы туруу, маселен, сунушталып жаткан, же кече жакында эле кабыл алынган мыйзам актыларына, күтүүсүз репрессиялык чараларга, күч колдонуунун өсүп жатканына жана башка коркунучтарга/тенденцияларга  карама-каршы турууга, – деп билдирилет ФХнын сайтына жайгаштырылган кулактандырууда.

Ар бир долбоорго беш миң доллардан берет. Ал акчаны жарым жылдын ичинде акташ керек болот. Акчаны программа аракетте болуп турган маалда каалаган учурда сурап алса болот. Бардыгы ЖКУнун сунушу ФХнын Кыргызстандагыприоритетине туура келе тургандыгынан көз каранды. Баса, программанын приоритетине туура келе тургандай сунуштар ал келип түшкөн күндөн туура эки жумадан кийин каржылана баштайт.

Акча тандоо жолу менен берилет, анын ичинде буга чейинки карым-катыш мамилеси да бар. Мындай талап Фридом Хаустун өкмөт секторундагы уюмдарды жана мекемелерди бул багытта каржылабай тургандыгын кыйытып жатканын көрсөтөт. Тескерисинче дал ушул ЖКУлар ФХнын ою боюнча мамлекеттик органдарга каршы ачык жана түз аракет кылышы керек. Алар жаңы мыйзам долбоорлорун жана нормаларды сынга алып туруусу керек. ФХнын программасы боюнча ЖКУлар эң биринчи кезекте оперативдүү жана чукул аракеттерди көрүшү керек. Беш миң долларды издегендер калк менен бат эле тил табышып, күү-шаа түшкөн талкууларды жаратууга шыктуу болушу кажет. Кызыгы ФХнын донорлору мындай аракеттерди Кыргызстандын түштүк аймагында көбүрөөк болушуна басым жасашууда. Мамлекеттин кадырын кетирүү, беделин түшүрүүгө багытталган иш-чаралар өткөрүлгөндөн кийин ЖКУнун кызматчылары «кожоюндарынын» алдында сапаттуу отчет тапшыруулары зарыл.

– Бир жагынан бул нормалдуу процесс, – деп комментарийлейт “Вести.kgге”бул кырдаалды өнүгүү саясаты Институтунун директору Надежда Добрецова. – Бул жарандардын конституциялык укугу – мыйзам чыгаруу багытындагы сунуштарды талкууга катышуу. Эгерде мындай болбосо, анда мыйзам чыгаруу бийлиги катачылыктарды кетирип баштайт. Себеби коомдук пикир болмоюнча сын да болбойт. Бирок кеп төркүнү башкада, кеп саясый ишмердүүлүккө жакыныраак, же болбосо түздөн-түз аралашкан уюмдар тууралуу болуп атат. Мындай Бейөкмөт уюмдар атайын кызматтын каттоосунда болушу керек. Алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп туруш керек, өзгөчө эгерде алар деструктивдүү мүнөздө болсо, улуттук коопсуздукка коркунуч туудуруп жатса. Андан дагы маанилүүсү Кыргызстанда иштеп аткан чет өлкөлүк Бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөп туруу өтө маанилүү.

Муну менен бирге өнүгүү саясаты Институтунун директору Бейөкмөт уюмдар юстиция министрлигинен каттоодон өткөндөн тарта эле алар менен сапаттуу иштөө керектигин белгиледи. Ошондо гана бул уюмдардын ишмердүүлүгү мыйзамдын алкагынан чыга албайт, жана алар мамлекеттин белгилүү бир идеологиялык чийини менен жаратмандык багытта иш алып барышат.

 

Кыргызстандагы ЖКУ сектору ар дайым гранттардын эсебинен гана жашай тургандыгы менен экс-башкы прокурор Кубатбек Байболов да макул.

– Бизде бүтүндөй мамлекет эгемендүүлүктүн бардык 24 жылында чет элдик акчаларага жашап келет, – деп билдирди генерал “Вести.kgге”. – Ал эми бейөкмөт уюмдар тууралу эмне айта алабыз. Баса, мен биздин Бейөкмөт уюмдар деструктивдүү күч катарында аракет кылышаарынан күмөнүм бар.

Бирок, атайын кызматтын генералынын бул аргементи чыныгы турмушта күчөп олтурат, муну менен буга чейин Украина каршылаш келген эле. Мындан туура бир жыл мурун кыш мезгилинин алдында бул өлкөнүн бейөкмөтчүлөр уюму “Техкемп” долбоорунун алкагында атайын даярдыктан өтүшкөн.

 

– Бүгүн мен Жогорку Раданын трибунасынан эртең мененки отурумда менин көз карашымда АКШ элчилигине тиешелүү мурда болуп көрбөгөндөй кырдаал тууралуу билдирүү жасадым, – деп эскерткен 2013-жылдын ноябрында Жогорку Раданын депутаты Олег Царев. – Мага Украинанын элдик депутаты катары “Воля” коомдук уюмунун активисттери кайрылышты. Алар биздин мамлекеттин аймагында АКШ элчилигинин көмөгү жана катышуусу менен “Техкемп” долбоору жүзөгө ашырылып атканын ишенимдүү күбөлөр менен көрсөтүштү. Бул долбоордун алкагында Украинада жарандык согушту чыгаруу даярдыгы көрүлүп атат.

“Технолагерь” долбоору маалымат согушу боюнча адистерди, коммуникациялык дестабилдүүлүктү, заманбап ММКларды жана социалдык түйүндөрдү пайдаланып, каршылык акцияларын пайда кылып, учурдагы мамлекеттик бийликти кулатуу үчүн адистерди даярдай тургандыгы белгилүү. Бул долбоор АКШ элчилиги аркылуу ал элчилик жайгашкан мамлекеттерде иштелет. Кыргызстанда мындай лагерди Бейөкмөтчүлөр жана укук коргоочу ММКлар үчүн Ысык-Көлдө үстүбүздөгү жылдын августь-сентябрь айларында уюштурушту. Бул “зонанын” катышуучулары өздөрү макалаларында жана социалдык түйүндөрдө аларды дискуссияларды уюштуруп, же кандайдыр бир күрөштү мобилдештирүү аркылуу коомчулукка кантип таасир этүү керектигин үйрөтүшкөндүгүн моюндарына алышты. Туура, мындай “зонанын” пайда болушу атайын кызматтын активдүү кызыкчылыгын жана парламент депутаттарынын сын айтуусуна себепкер болду.

“Вести.kgге” курган маегинде депутат Ирина Карамушкина Бейөкмөтчүлөрдүн лагердеги жашоосу тууралуу маселени профилдик комитеттин тиешелүү отурумунда көтөрүп чыгууну жана атайын кызмат аркылуу иликтөө жүргүзүү сунушун көтөрөөрүн убада кылды.

“Вести.kgге” бул депутаттын сунушу өзүнүн ордун таап, “лагердин” жашоочуларынын ишмердүүлүгү жана башка ЖКУчуларды УКМК текшерүүнү баштап, жетишээрлик натыйжа чыгара алышканы маалым болду. Атайын кызматтын маалыматы боюнча Кыргызстанда ишмердүүлүгү саясат жана коомчулукка таасир этүүгө багытталган бейөкмөт уюмдардын 3 миңдейи активдүү позицияда турат. Булар укук коргоочу Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү. Алардын артынан укук коргоо-саясый айдың жаатында иштеген Бейөкмөтчүлөр турат. Бул уюмдардын тобу өтө кеңири эмес, бирок каржылоосу кеңири.

– Учурда Бишкекте гана бейөкмөт уюмдарынан саясый турмуш менен активдүү алек болуп аткан жүзгө чукул адам бар, – деп билдирди “Вести.kgге” маалымат булагы. – Алар белгилүү схема жана долбоорлор өтө так иштешет. Анан бардык финансылык агымдар аларга агылат.

Ошол эле учурда ММК булактарынын маалымдашынча ноябрь айларынын ортосунда Кыргызстанга Жордж Сорос өзү келет. Батышта Соростун капиталынын айланасындагы чыр дагы деле басылбай келет. Ошол эле учурда Кыргызстанда 20 жылдан бери карай “Сорос Фондунун” бөлүмү “Сорос Фонд – Кыргызстан” ийгиликтүү жашап келет. Бул фонддун программасы жана долбоорлору аркылуу жүздөгөн адамдар тартылды, ЖКУ – секторго миллиондогон долларлар жумшалды. “Сорос Фонд – Кыргызстандын” жетекчилигинин билдиришинче американец Кыргызстанда болгону бир гана күн болот. Бир күндүн ичинде ал өзүнүн Кыргызстандагы фондунун ишин карап чыгат, анан дагы Борбор Азиялык Америкалык Университетке барат. “Сорос Фонд – Кыргызстан” Жордж Соросту президенттин администрациясы кабыл алышын аябай каалап тургандарын кыйытып түшүндүрүштү. Андан соң, практика көрсөтүп келаткандай американец кайрадан кайтып кеткен соң, анын артынан мыйзам чыгаруу жаатындагы сунуштарды “элдик” талкууга алуулар активдешет.

– Адегенде активисттер үчүн диверсиялык иштер боюнча тренинг өткөрүп, андан кийин аларга акча берип атканын таң калаарлык эч нерсе жок. Анан дагы бул программанын башкы финансисти алардын кандай иштеп атканын карап көрүү үчүн келип атат, – деп билдирди “Вести.kgге” жогоруда аталган атайын кызматтын маалымат булагы.

Айбат гезити №103



Башка окшош макалалар:

2 комментарий

  1. Смерш Марат:

    Автор Б. Б. – это кто? что за чушь? везде враги?

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru