Айбат » Миллиондордун изи менен…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Миллиондордун изи менен…

Башкалар маўкасын тарта албай жїргєндє 100 млн. доллар жыйнаган, КурСалиевичти «атакелеген», коррупционерлиги ашкереленгенде «оорулууга» айланган Ташполотовичтен баскан жол

OLYMPUS DIGITAL CAMERA Акыркы эки жылдан бери коррупцияга каршы ачылган кїрєш алгачкы жемишин бере баштады. Мамлекеттин байлыгын жеке менчигиндей пайдалангандар четинен камалып, министр, депутаттардын алды беш жылдан эркинен ажыратылып, їй-мїлкї конфискацияланды. «Кыўыр иш кырк жылда билинет» демекчи, элдин ырыскысына кол салган «азаматтар» акыры мыйзам алдында жооп берерин бїгїнкї турмуш далилдєєдє. Мына ошондой «эрендердин» бири – Бишкек шаарынын мурдагы жетекчиси, экс-президент Курманбек Бакиевдин «туубаса да тутунгандай кєргєн уулу», «ата журтчу» Нариман Тїлеев. Макаланын бул бєлїгїндє Нариман Ташполот уулунун кантип байыганын жана анын баш айланткан мїлктєрїн конкреттїї аргументтердин негизинде тизмектейбиз.

Макалабыздын башкаарманы быйыл туура эл ортону элїїгє толот. Жогорку Кеўештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, єткєн кылымдын 90-жылынан тартып ишкерлик менен алектенген. Мисалы, 1990-2001-жылдары жеке бизнесин гїлдєтсє, 2001-2005-жылдары мамлекеттик «Темир» ишканасында башкы инженет, директорлук кызматты аркалаган. Ал эми 2005-жылдан тартып мамлекеттик «Кыргызтемиржолу» ишканасын жетектесе, 2008-жылдан тартып апрель окуясына чейин Бишкек мэриясын калчаган. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата журт» партиясынын атынан мандат тагынганы маалым.

Эки жээкте ойдолоктоп, адамдын жанын чымын чакканчалык кєрбєй…

 Нариман Тїлеевди «кїн тийген жердин кїкїгї» атасак жарашчудай. Себеби, ал Акаевдин тушунда ханзаада Айдар Акаев, эрке кїйєє бала Адил Тойгонбаев менен тыгыз кызматташып, алардын буйругун «кыўк» этпей аткарган «кол баласы» болгонун тар чєйрєдєгїлєр жакшы билишет. Ал турсун, 2005-жылдагы март ыўкылабында «ак кепкачандарды» уюштурганын жаш саясатчы Эдил Байсалов «Азаттык» радиосуна курган маегинде мындайча билдирген: «Тїлеев 24-мартта 2005-жылы Адил Тойгонбаевдин буйругу менен ак кепкачан бандиттерби, же темир жолдо иштегендердиби, айтор ошол биздин элге каршы жєнєткєн. Мурун ошол Айдар Акаев, Адил Тойгонбаев менен дос болсо, кийин Максим Бакиев менен тил табышып жїрдї».

 Нариман мырза эл астында апакай кєрїнгєнї менен жеке кызыкчылыгы їчїн адам ємїрїн кыюудан да кайра тартпастыгын бир кєрїнїш ырастайт. КТРдин журналисти Кайрат Биримкулов «Кыргызтемиржолу» ишканасындагы коррупциялык иштерди ашкерелеген сенсациялуу сюжет даярдаган. Натыйжада Тїлеев Биримкуловду сабатып, журналист Швейцарияга журт которуп жатып аман калганы бар. Бул коомчулукка билингени гана, а билинбегени канча дейсиз.  

Тїлеевдин кайсы бийлик болбосун жол тапкан амалкєйлїгїнє аргасыздан баа бересин. Себеби, «ак кепкачандарды» уюштуруп, Акаевге ак кызмат єтєгєн Тїлеев КурСалиевичтин да тилин тапты. Ал турсун, аны «атакелеп», байлыгын арттырганга да їлгїрдї. Бул тууралуу алдыда кеп салабыз.

Нариман мырзанын борбор калааны калчаган кезиндеги бир окуя алигиче элдин эсинде. Ал борбордук аянтта айкєл Манас атабыздын, дагы теренирээк айтканда, кыргыз элинин тарыхый душмандары болгон Коўурбай, Нескара баштаган каармандардын айкелин орнотуп, коомчулукту дїрбєлєнгє салганы бар. Элдин тескери реакциясынан улам, айкелдерди заматта алдырткан. Бирок, мындай «душмандыгы» їчїн мыйзам чегинде жазага тартылган эмес. Ушунун єзї эле экс-мэрдин кыргыз элине болгон «сїйїїсїн» кєрсєтїп турат.

27 жашында миллион болуп…

Нариман Тїлеев жергиликтїї агенттиктердин бирине курган маегинде 1990-жылы эле 100 млн. топтогонун айткан болчу. Бирок, бул анын кезектеги «беш єрдєгї» экенин фактылар тастыктайт. Себеби, ал кезде Нариман болгону 27 жаштагы бозулан эле. Мындай курактагы жигиттин 100 млн. доллар топтогону акыл эси жайында адамды ынандырбайт.

Дегеле башкаарманыбыз мамлекеттик кызматта жїргєн кезинде байыганды мыкты єздєштїргєндєй. Анткени, анын «Темир», «Кыргызтемиржолу» ишканасын башкарган мезгилинде миллиондорду жасаган имиши алигиче айтылып келет. Муну тийиштїї органдар иликтеп, юридикалык баасын берер кез бышып жетилди…

Макул, Нариман Ташполот уулу єзї айткандай, 1990-жылы 100 млн. доллар жыйнады дейли. Ал эми 2001-жылдан бери бизнес менен алектенбейт, кєркємдїї айтканда, мамчиновник. Андай болсо, єзї мактанып жїргєндєй 500 млн. долларды кантип жыйнады? Бул дагы иликтєєнї талап кылчу суроо. Ошентсе да, биз Тїлеевге караштуу байлыктарды санап берели. Эркин басылмалардын бири 2010-жылдын 5-октябрында чуулгандуу макаласын баскан. Анда Нариман мырзанын жакындарына катталган, ар бири 200 миў доллардан жогору турган 17 їйдїн (1. Эркин-Тоо кєч., №23 їй – Тїлеев Ташболот, 2. Саранский пер. №3 їй, 5-кв. Тїлеева Назгїл Наримановна, 3. Раззаков кєч., №7 їй, 8-кв. Тїлеева Назгїл Наримановна, 4. Раззаков кєч., №7 їй, Тїлеева Назгїл Наримановна, 5. Раззаков кєч., №7 їй, Тїлеев Ташболот, 6. Коєнкєзов кєч.,№35 їй, Тїлеев Ташболот,
7. Коєнкєзов кєч.,№37 їй, Тїлеев Ташболот, 8. Айтматов Т. (мурунку Каширская) №65 їй,1-кв. Тїлеев Ташболот, 9. Токтоналиев (мурунку Душанбинский) номерсиз їй, Тїлеев Ташболот 10. Їмєталиев кєч., №41 їй, 27-кв., Тїлеев Ташболот, 11. Їмєталиев кєч., №41 їй, Тїлеев Ташболот, 12. Раззаков кєч., №7 їй, 1-кв. Тїлеев Ташболот, 13. Эркиндик (мурунку Дзержинский) №14 їй, 18 кв. Тїлеев Ташболот, 14. Эркиндик (мурунку Дзержинский) №14 їй, Тїлеев Ташболот, 15. Фрунзе кєч., №495 їй, 7-кв, Тїлеев Ташболот, 16. Славгородский кєч. №21 б, Нариман уулу Санжар, 17. Токтогул кєч., №86/1 їй,10-кв. Нариман уулу Бакыт) тизмеси келтирилген. Дагы бир жолу кайталайлы, бул їйлєрдїн ар биринин наркы 200 миў доллардан жогору, бул билингени гана, а билинбегеничи?

Ошол эле басылма Н.Тїлеевге караштуу 18 компанияны (1.Панфилов кєч., №153-155-їй, ЭкспоСтрой ЖЧКсы, 2. Фрунзе кєч., №364/1, ЭкспоСтрой ЖЧКсы, 3. Киев кєч., №126-128-їй, “CARAVAN” ЖЧКсы (Караван) соода борбору, 4. Їмєталиев кєч., №41 їй, ТСЖ батыш тарабындагы Караван, 5. Їмєталиев кєч., №41 їй,1-кабат, Караван ЖЧКсы, 6. Їмєталиев кєч., №41 їй, жер тєлєсїндє, Караван ЖЧКсы, 7. Манас просп. , №101/1, Караван соода борбору, ЖЧКсы, (Сапаткомдун мекемеси), 8. Жумабек Ибраимов кєч. (мурунку Иваницин), 203/1, Караван соода борбору, ЖЧКсы, (Сапаткомдун мекемеси), 9. Исанов кєч., №81-83, Дос-Кредобанк ААКсы, 10. Токтогул кєч., №171/1, 1-2-кабат, Дос-Кредобанк ААКсы, 11. Чїй просп., №100/5, Дос-Кредобанк ААКсы, 12. Байтик баатыр кєч., №3/2, 11-кв., Дос-Кредобанк ААКсы, 13. Байтик баатыр кєч., №3/2, Дос-Кредобанк ААКсы, 14. Байтик баатыр кєч., №3/2,(цок.кабат) парк, Ст-ка 6, Дос-Кредобанк ААКсы, 15. Байтик баатыр кєч., №3/2,(цок.кабат) парк, Ст-ка 25, Дос-Кредобанк ААКсы, 16. Улан мкр., №7, 48-кв., Дос-Кредобанк АКБ, Бишкектеги филиалы, 17. “Сапатком” байланыш тїйїнї жана анын бардык бєлїмдєрї, 18. “Ак жол” камсыздандыруу компаниясы) жана алардын жайгашкан жеринен бери тизмектеген. Албетте, буга экс-мэр жооп кайтара алган эмес. Бул дагы Тїлеевге караштуу ишканалардын ачыкка чыкканы, ал эми ачыкка чыкпаганы канча экенин эч ким билбейт.

«Мына ушундай баштан ашкан байлыкты кантип жыйнады?» деген суроо жаралары шексиз. Космостук ылдамдыкта баюунун сыры эми ачылган кези. Башкы прокуратура анын Бишкек мэриясын жетектеген кезинде Кытайдан алынып келинген автобустардан 100 миллионго жакын акча жасады деп айыптап, кылмыш ишин козгоду. Учурда темир тордо отуру. Мындан сырткары, Бишкек ШИИБ башчысы Мелис Турганбаев парламент жыйынынан Тїлеевдин мэр кезинде тїштїк магистралынан кантип миллиондорду «мойсогонун» билээрин, зарылчылык туулса ачыкка чыгарарын айтканы бар. Эгер Турганбаев убадасына турса, анда Тїлеевге карата дагы бир кылмыш иши ачылары калетсиз.

Казган сайын былыктары тїгєнбєгєн Тїлеев кылмыш иши козголгондо дароо «ооруп» калып, айыккыс дартка чалдыкканын «ыйламсырай» билдирди. Бирок, бул анын кезектеги «оюну» экенин башкы прокурор Аида Салянова парламент отурумунда жар салды. Анын айтымында, атайын медициналык комиссия тїздїрїп, илдетин аныктайлы десе, экс-мэр андан баш тартыптыр. Эгер ооруп єлєйїн деп жатканы чын болсо, неге иликтєєдєн баш тартат?

Табаа эмес, тобоо дейли. Бирок, «ууру тойорчо жеп, єлєєрчє карганат» ушул Тїлеев болду. «Жемейдин кусмайы бардыгын» билбейби же «бет тырмоочулук» кылып жатабы, айтор, «мен сїттєн акмын» деп карганып, тїрмєдє жатып алып айылдаштарын кєкїтїп, нааразычылык акциясын уюштурууда. Жигиттин кылаары ушубу?

Нариман мырза тууралуу айта берсек сєз бїтпєс. Аны коргогондор макалада келтирилген аргументтерди окуса ойлонушар. Балким, мамлекет байлыгын уурдаган адамды коргоп жатышкандарын тїшїнїшєєр. Анткени, Кыргызстаныбызды тоноп, элибизди итке миндирген олигархтарды коргой берсек, анда коррупцияга каршы кїрєштєн натыйжа чыкпайт. Ушуну ар бир жаран туура тїшїнїшї керек…

«Коркунучтуу» кадамдардан стимулга єтїї. Же эмне їчїн бул єзгєртїїлєргє президент кол койбошу керек?

 Конституцияга карама-каршы келет… Критерийлери такталган эмес… Антикоррупциялык экспертизага муктаж… Кандай ойлойсуздар, кеп эмне жєнїндє болуп жатат? Кече жакында эле Жогорку Кеўештин депутаттарынын їч окумунда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын айрымдарына єзгєртїїлєрдї жана кошумчаларды киргизїї» деген аталыштагы КР мыйзам долбоору тууралуу кеп болууда.

Тактап айтканда «Республика» фракциясынын депутаты Урмат Аманбаева тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору. Анын туманданган демилгеси коомчулукта жана кыргыз тилин билбегендер арасында тїрдїї пикирлерди жана тїшїнбєстїктєрдї жаратты. Єтє катуу тийе турган «окутуунун» кардиналдуу ыкмаларын колдонууну эл єкїлї Аманбаева сунуштаган. Мисалы, «Мамлекеттик тил» тууралуу Заонду «Ким бузууларга барса, же кєрсєтїлгєн образда аткарбаса» чекесинен эле айыпка жыга берїї демилгесин тїшїнїї кыйын болду. Ошол эле учурда кандай бузуулар тууралуу сєз болуп жатканын да аныкташкан эмес.

Жеке мен їчїн сунушталган єзгєртїїлєр эч кандай маселе жаратпайт. Себеби кыргыз тилин билїї маселеси менин алдымда эч качан кєйгєй болгон эмес. Бул менин єзїмдїн тилим. Мен кыргыз тилин сїйєм, кыргыз тилинде сїйлєйм жана бала кезимден кыргыз тилинде жазып келем. Бактыга жараша биздин Кыргызстан ар дайым кєп улуттуу болуп, ынтымакта жашап келгендиктен, менин мїмкїнчїлїктєрїм орус тилин билгендигиме байланыштуу дагы да кеўири болуп келет. Эми англис тилинде дагы жогорку деўгээлде билїїнї кыялданам.

Кайрадан эле «айыпка жыгуу» законуна кайрылып келели. Мунун бардыгы депутат Аманбаеванын пикири боюнча Кыргызстанда мамлекеттик тилдин єнїгїшїн камсыздашы керек эле. Айрым коомдук ишмерлер жана интеллигенция єкїлдєрї «жакшы демилгени ишке ашыруу їчїн жапайы жол тандалып алынды» деп баштарын мыкчып калышты. Кайсыл жерде батыл аракеттерди кєрїш керек болсо, башкача айтканда  саясаттын токочун тиштеп, эволюциялык жол менен бара турган жолдун ордуна, колуна шапалакты алып  онду солду ура берїї сунушталды.

Бул мыйзам долбоору канчалаган эмоционалдуу талаш-тартыштарды жараткандыгы кеп эмес. Бирок, бардыгы кандай аяктаса ошондой аяктады. Эл єкїлдєрї талаш-тартыш жараткан бул документти їч окумунда кабыл алды. Арийне, бул закон кїчїнє кирди дегенди тїшїндїрбєйт. Ага дагы мамлекет башчысы кол коюушу керек. Же болбосо кол койбостон туруп, єзїнїн каршылыгын кєрсєтїп, кайрадан депутаттарга кайтарып берїїчї керек. Эксперттердин айтымында дал ушул экинчи вариант кїтїлїїдє. Анткени жаўы закон єтє эле «чийки». Ал Жогорку Кеўеш кандай кабыл алган болсо, ошол боюнча калуусу менен мамлекеттик тилдин єнїгїїсїнє жардам бере албайт.

«Административдик жоопкерчилик» кодексине жана «Мамлекеттик тил боюнча» мыйзамына киргизилген єзгєртїїлєр менен толуктоолордун айрымдары КР Конституциясына жана «Официалдуу тил боюнча» мыйзамга ачык эле карама-каршы келе тургандыгын кєз карандысыз юридикалык экспертиза кєрсєттї.

Мисалга, депутаттар мамлекеттик тилди билїїгє милдеттїїлєрдїн тизмесин чоўойтту. Алар, жогорку мамлекеттик кызматтагы чиновниктер мамлекеттик тилде окуганды, жазганды, єз оюн кеўири билдиргенди жана кєпчїлїктїн алдында сїйлєгєндї билиши керек. Буга чейин мындай талап президент, премьер-министр, ЖК спикери, Жогорку соттун тєрагасы, Конституциялык палатанын тєрагасына гана коюлчу. Эми алардын катарына КР єкмєтїнїн мїчєлєрї, алардын орун басарлары, статс-катчылары, административдик ведомстволордун жетекчилери, мамлекеттик органдар, жергиликтїїєзїн-єзї башкаруу органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары кошулду. Ушулардын бардыгы мамлекеттик тилден экзамен тапшырышы керек. Тести атайын мамлекеттик орган жїргїзєт (кайсыл орган жїргїзє тургандыгы так кєрсєтїлгєн эмес).

Юристтердин пикири боюнча бул єзгєртїї мамлекетибиздин Башкы законунун тємєндєгї беренесине карама-каршы келет: «… Жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык єзгєчєлїгї, динге ишеними, жаш єзгєчєлїгї, саясый жана башка ишеними, билими, келип чыгуусу, мїлккє ээ болуусу жана башка шарттарына эч ким дискриминация кыла албайт».

– Бул жерде кыргыз тилин билїїсї, же билбєєсї тууралуу критерий жок, – деп белгилешет юристтер. – Ал эми атайын мамлекеттик орган тарабынан тилди билїї боюнча єткєрїлїїчї экзамен антикоррупциялык экспертизага муктаж.

…Эгерде мамлекеттик кызматкерлерди тилди билїї боюнча тест тапшырта турган болсок, алар сєзсїз тїрдє экзамен алуучулар менен жеў ичинен сїйлєшїїлєргє бара тургандыгын белгилїї саясат таануучу Бакыт Бакетаев эскерткен. «Мына ушундай экзамендердин бирєєсїндє эле ага чейинки ємїрїндє таппаган акчаны таап коюуга мїмкїн», – дейт саясатчы республикалык гезиттердин бирине курган маегинде.

Андан ары карай уласак, “Расмий тил жєнїндє” мыйзамдын бир нече беренелеринде депутаттар тарабынан киргизилген єзгєртїїлєрдїн кийин карама каршылыктар болгонун юристтер белгилейт. “КРда расмий документтер, нормативдик-укуктук актылар жана мамлекеттик органдардын, жергиликтуу єзїн єзї башкаруу органдарынын, мамлекеттик уюмдар менен мекемелердин  чечимдери, мамлекеттик тилде даярдалат жана кабыл алынат.  КР мыйзамдарында каралган учурларда  нормативдик-укуктук актылар расмий тилге которулуп, эки тилде жарыяланат”.

Бул єзгєртїї «Официалдуу тил боюнча» Закондун 6-7-беренелерине да карама-каршы келет. Анда «нормативдик-укуктук актылар эки тилде – мамлекеттик жана официалдуу тилде сунушталат жана кабыл алынат» деп жазылып турат.

Эл єкїлдєрї коомдук-саясый иш-чаралар (курултай, сессия, конференция, чогулуш, сїйлєшїїлєр жана башкалар) боюнча да «кам кєрїшкєн». Мына ушулар дагы мамлекеттик тилде єткєрїлїп, муктаждык болсо расмий тилге синхрондук котормо менен камсыз кылуу болмокчу. Бул толуктоонун жыйынтыгында тышкы иштер министрин россиялык делегация менен орус тилинде сїйлєшїїлєрдї єткєргєндїгї їчїн айыпка жыксак болот (айыптар боюнча бир аздан кийин кеп кылабыз). Ошондой эле мындай кырдаалда єз тилдеринде иш-чара єткєргїсї келген этникалык топтор эсне кыла тургандыгы тїшїнїксїз?

Ансыз да документтерди єткєрїїдє бюрократиялык кыйынчылыктарга дуушар болуп келген ишкерлердин укугун бузган дагы бир толуктоо бар. Ал тємєндєгїчє: «Кыргыз Республикасында кєрсєтмєлєрдїн, жарнамалардын, кулактандыруулардын, прейскуранттардын текстери, жана башка маалыматтар мамлекеттик тилде жасалат жана жарыяланат, андан кийин гана башка тилдерге которулушу мїмкїн. Тексттер…, мамлекеттик тил боюнча атайын мамлекеттик органдын макулдугу менен жасалат…». Мына ушул жерде дагы саясат таануучу Бакетаевдин «жеў ичинен сїйлєшїї» тууралуу айтканын кантип эстебей кое алабыз? Менин пикиримде бул толуктоо дагы антикоррупциялык экспертизага муктаж.

Эми эў акыркысы. Эмне себептен депутат Аманбаеванын демилгесин «чатак» (скандальный) деп аташты. «Административдик жоопкерчилик боюнча» Кодекске эл єкїлдєрї «КР мамлекеттик тили боюнча мыйзамынын сферасында административдик укук бузуулар» боюнча деген аталыштагы толуктоону киргизишти. Ага ылайык, жеке, кызматтык, жана юридикалык тараптар КР мамлекеттик тили боюнча мыйзамды бузса, же тийиштїї деўгээлде аткарбаса административдик айып салынат: жеке адамдарга -10дон 20га, кызматтагы адамдарга – 50дон 100гє, юридикалык тараптарга – 200дєн 500гє чейин эсептик кєрсєткїч (Бир эсептик кєрсєткїч – 100 сом). Бул дагы аракет…, бир жылдан кийин дагы кайталанса соттун чечими менен ишмердїїлїгїн токтотот, же лицензиясы алынып салынат.

Биринчиден, депутаттар “Тартип бузуу” менен “Тийиштїї деўгээлде аткаруу”  деген эмнени тїшїндїрєт экендигин  ачыкка чыгарган жок.  Ошондуктан  юристердин айтымында  бул сєздєр  укуктук мамилелердин  субьектиси катары  ар кандай айтылып  талаш-тартыштарды жана чыр чатактарды жаратышы мїмкїн.

Экинчиден, эгерде административдик укук бузуулар тууралуу сєз болуп жаткандан кийин, айып салуудан мурун, алардын конкреттїї тизмесин тїзїї керек болуп жїрбєсїн. Мисалы, мамлекеттик тилде болбой калган жарнама їчїн, же болбосо єндїрїш ишин мамлекеттик тилде жїргїзбєгєндїгї їчїн.

Бирок, эў башкысы эксперттер белгилегендей мында эмес. Кептин бардыгы мыйзам долбоорун иштеп чыккандар кыргыз тилинин єнїгїшїн эволюциялык жол менен эмес, революциялык жол менен колдогулары келгенинде болууда. Алар эмнегедир айып салабыз деп коркутуудан улам мамлекеттик тилди билбегендер, же болбосо чала билгендер кыргыз тилин окуй башташат деп чечишти. Балким булар Михаил Булгаковдун «Собачье сердце» чыгармасын окушпаса керек. Же болбосо профессор Преображенскийдин «Алар террор жардам берет деп туура эмес ойлоп жатышат… Жок, Жок, жардам бербейт, ал кандай болсо дагы… Террор нерв системасын таптакыр иштен чыгарат» деп айтканын эстеринен чыгарып коюшса керек.

Ал эми эркелетїї тирїї жандарга кайрылуунун жападан жалгыз мїмкїнчїлїгї деп эсептеген профессор. Андыктан мамлекеттик тилди єнїктїрїїгє депутаттар кабыл алган жазалоо системасы эмес, кыргыз тилин окутуунун мїмкїнчїлїктєрїн эффективдїї кеўейтїї кєбїрєєк пайдалуу. Лингвисттердин пикири боюнча бул жерде эч кандай татаалдык жок. Болгону каалоо гана керек.

Макаланын аягында КР маданиятына эмгек сиўирген ишмер Талип Ибраимовдун сєзї менен жыйынтайлы: «Тилди єнїктїрїї иш кагаздарынан башталбайт. Ал кыргыз тилин колдонуунун аймагын кеўейтїїдєн башталат. Балдарды їчїн кызыктуу китептерден тарта техника, тарых, биология, маданият, философия тууралуу журналдарды чыгаруу керек. Бул иштерге таланттуу инсандарды тартыш керек. Кыргыз тили интеллектуалдык деўгээлдин єсїшї їчїн кыргыз тили керектїї болушу їчїн, єзїнє тартып турушу їчїн бардык мїмкїнчїлїктєрдї жасаш зарыл. Биринчи кезекте кыргыздардын єздєрї їчїн».

“АКИ-пресс” сайтынан которулду



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru