Айбат » Алгач кыргыз, анан мусулман бололу!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » Алгач кыргыз, анан мусулман бололу!

ТеррорАлгач өзүмдөн баштайын. Беш маал намаз окубасам да, окуган намазын милдет кылбаган диндар адамдарды абдан сыйлайм.

Ата-энем да көпчүлүк замандаштары сыяктуу эле СССРдин атеизмине сугарылган адамдар. Ошентсе да үй-бүлөбүз менен Кудай деген кишилербиз. Менимче намаз окубай, орозо кармабай туруп эле Кудайдын бар жана бир экенине жүрөгүнөн ынангандар четтен чыкса керек…

Жаш туруп сапсайтып сакал коюп, же шалбыратып дамбал кийип, өзүн молдо санагандарга караганда аз да болсо диндин, ынанымдын эмне экенин жакшы түшүнөм деп ойлойм. Себеби жогорку окуу жайдан аз да болсо диндин философиясы деген сабак алып, эл сыйлаган диний аалымдардан билбеген суроолорума жооп алып келем.

Эмне эле сакалга, дамбалга асылып жатат деп жинденишиңиз толук мүмкүн. Чыныгы мусулмандардай өзүңүздү сабырдуу кармап, жазгандарымды аягына чейин окуңуз.

 

Намаз окуу – ыймандуулуктун баш критерийиби?

Ислам – дүйнөдөгү диндердин эң тазасы деп келебиз. Ооба, буга өзүн мусулман санагандын баары кошулса керек. Бирок ошол исламды, ошол биз тутунган динди эмне үчүн атрибутташтырып салдык? Келгиле, мусулманчылыкты идеалдаштырбай жөнөкөй эле кабыл алабыз. Мисалы, даарат алуу – өздүк гигиена, тазалык, намаз окуу – спорттук көнүгүү, орозо кармоо – ички органдарды тазалоо, кайрымдуулук – жардамга муктаждарга каралашуу, байлыкты башкалар менен бөлүшүү жана башка. Бул жөрөлгөлөр бир эле учурда ар бир адамдын кудайга болгон жеке ишенимин көрсөтөт. Бирок намаз окуу – ыймандуу деген “справканы” туютпайт да. Арийне, мусулманчылыктын беш парзын эч кимге милдет кылбай, татынакай аткарып жүргөндөр да аз эмес. Ишеним Кудай менен жеке адамдын гана ортосундагы мамиле болсо кана?

Чала молдолордун көптүгүнөн исламдын баалуулуктары жасалма символдорго алмашты. “Мусулман сөзсүз сакал коюш керек! Сөзсүз топу, анан дамбал кийиш керек! Болбосо катын же каапыр болот! Кыздар сөзсүз хижаб кийип, чүмкөнүп алыш керек!”

Биздин дааватчылар, чала молдолор ушинтип айтат дейсиң, сүйлөмдүн аягына илеп койбосоң, көркү чыкпай калчудай таасир калтырат. “Антпесе эмне болот?” деп сурадың дегиче түз эле тозок отуна киргизип жиберишет.

Келгиле, ойлонобуз. Ислам баалуулугу бул пакистандыктардын же арабдардын улуттук кийимин кийүү дегендик эмес да, туурабы?

 

Манас намаз окуп, Курманжан хижаб салынды беле?

Анан эле бирибиз Манасты момун мусулман кылсак, экинчибиз теңирчи кыла коёбуз. Курманжан датка кийген элечек көзүнө хижаб көрүнгөндөр да көбөйүп барат. Кандай болгон күндө да кыргыздын улуттук исламы болуш керек деп ойлойм. Биз эч качан араб же башкасы таңуулаган исламды эмес, кыргыздын улуттук баалуулуктарын четке какпаган исламды туу тутунушубуз зарыл болуп турат. Болбосо беш миллионго жетпеген кыргыздын жарымы араб, жарымы түрк, калганы хизбутчу, жихадчы болуп кетти.

Блогумдун башында жазган ата-энем дамбал кийип, хижаб салынбаса да исламда бар баалуулуктун баарын тарбия менен балдарына кошо берген. Мектепти аяктагыча калп айтпа, ууру кылба, кудай алдында таза жүр, ушак сүйлөбө, бирөөгө жамандык эмес, өзүңө жакшылык тиле деп какшап чоңойткон. Биз идеалдаштырып, символдоштуруп жаткан шарияттын маңызы деле ушунда да эгер туура түшүнсөк.

Анан эле диний сабаты жоюлбаган, куран бетин ачпаган караңгы молдокелер “пайгамбар төрт аял алган, биз да ошентишибиз керек” дегенде күйбөгөн жериң күл болот. Алардын айтымында, алакан жайып эле кудайдан тилеп мечитте отуруш керек же баарын таштап дааватка кетиш керек. Мунун баары чала молдолор жайылткысы келген тайкы түшүнүктөр деп эсептейм. Адамды адам кылган эмгек да. Эгер иштебей эле баарыбыз дербиш болуп кетсек, үй-бүлөнү ким багат? Кудай деле аракет кылганга берет, ансыз да жок дегенде лотерея билетин албай эле жалбаргандар көбөйүп кетти…

Мыктыбек ажынын “адал мөөрү”…

Мынча болду эми “адал жашоону” да кыстара кетейин. Кыргызстанда адал стандарты деген түшүнүк жок туруп, Мыктыбек Арстанбек баштаган ажыкелер арыктагы суудан баштап, саунага чейин баарын адалдап чыкмай болду. Тамактын кайсынысы адал, кайсынысы арам экенин Мыктыбек молдонун мөөрү чечеби?

Келгиле, туугандар арыдан бери бололу. Бөрк ал десе баш албайлы. Мен муну менен чочконун этин жегиле дебейм, бирок адал стандарты, аны аныктаган лаборатория жок туруп “халал” деген жазууга ишенебизби? (Нарында арам өлгөн уйдун Бишкектеги колбасныйга жеткенде кандайча адал болуп кеткенин эмдигиче түшүнбөйм). Кыргыз эли Мыктыбек Арстанбекке чейин эле аккан сууда арам жок деп, малды бата кылып мууздап бышырып жешкен да, туурабы?

Элүү жылда эл, жүз жылда жер жаңы деген акылман кыргыз. Адамга карап заман, заманга карап адам өзгөрөт. Анын сыңарындай ислам да модернизацияга муктаж. Бир нече кылым мурда пайгамбар бак алдынан эңкейип өткөн десе, азыр да ошону кылышыбыз керекпи? Эгер ал бак эчак куурап жоголгон болсочу?

 

Жихадга үндөгөн радикализм…

Соңку кезде каршы сүйлөп, каяша айтсаң достуктан кечип, же каапыр кыла койгон интернет дааватчылар арбыды. Кудум өлүп-тирилип жаңы эле бейиштен келгендей. Келгиле, бири-бирибизди сыйлаганга үйрөнөбүз.

Намаз окубаса, христиан же башка динди тутунса эле “эл душманы” болуп калабы? Ошол эле шарият сабырдуу болууга үндөйт. Менимче чала сабат интернет дааватчылар элди исламдан жийиркенткенден башка эч кандай салым кошо албайт. Алар аты-жөнүн арабча өзгөртүп, жихадга аттангандан деле кайра тартпайт.

Мен бул блогум менен элди исламга каршы үгүттөгүм келбейт, болгону диний радикализмдин босогосунда тургандарга каршы үн каткым келди. Абдышүкүр ажы Нарматов сыяктуу момун мусулмандарга өрнөк болчу костюм-шымчан адамдар аз эмес деп ойлойм. Келгиле, алгач кыргыз, анан мусулман бололу! Албетте, дин тутуу светтик Кыргызстанда ар бир адамдын өз эрки.

Улан Эгизбаев

Айбат гезити №103




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru