Айбат » Барыбыз жай мезгилин күтүп жатабыз дешет го, бирок чынында бул жылы барыбыз дүйнөдөгү тынчтыкты күтүп жатабыз…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Барыбыз жай мезгилин күтүп жатабыз дешет го, бирок чынында бул жылы барыбыз дүйнөдөгү тынчтыкты күтүп жатабыз…

Дүйнө эли өз тилдеринде сүйлөшөт жана өзүнүн кичинекей дүйнөсүнөн тышкары эчтеке ойлобогондой. Бирок барыбызды бириктирген нерселер бар. Алар бардыгыбызга тең тийиштүү – кубаныч, күйүт, жек көрүү, сүйүү, эрдик, жашоого болгон кызыкчылык жана жашоо үчүн чексиз күрөшүү.

Кийинки сүрөттөр дал ушул эмоцияларды чагылдырат.

 

01

Кытай. Мээсинин шишигинен өлөөр алдында турган 11 жашаар мектеп окуучусу өзүнүн өтү менен бөйрөктөрүн башка оорулууларга донор кылып берүүсүн айтып, аларга жардам кылгысы келгенин билдирет. Азырынча тирүү балага жана энесине доктурлар таазим кылып турган кез.

 

02

Балинин тургуну инвалид баланын көңүлүн көтөрүш үчүн бамбук флейтасын ойноп берип жатат. Алар бир тууган эместигине карабастан, өз баласындай жакшы көрөт.

 

03

23 саат жүргөн жүрөктү алмаштыруу операциясын жасап бүтүп отурган хирург. Ассистенти бурчта уктап жатат.

 

04

Ал пациент жөн эле тирүү калбастан, 2009-жылы өтүп кеткен өзүнүн хирургунан да узак өмүр сүргөн.

 

05

Жума намаз убагында чоңдорду туурап жаткан кичинекей бөбөк.

 

06

60 жыл мурун Корей согушунда дайынсыз жоголуп кетип, кийин өлүп табылган күйөсүн тозуп жаткан Клара Грантт.

 

07

Нааразылык акциясындагы жаран пианино ойноп жатат. Арткы планда милицияны көрсө болот.

 

08

Өлүм лагеринен бошотулган Руандалык баланын шрамдары.

 

09

Ванкувер. 11-сентябрда терракттан каза болгондорду эскерип жатып ыйлаган скрипач.

 

10

Дүйнөдө тынчтык үчүн дуба кылып жатышкан 100’000 монах.

 

11

Индиан. 6 жашаар баланы өрттөн алып чыккан куткаруучу.

 

12

Коомдук транспортт. Өз өмүрүн кыйууга аракет кылган аялга жардам кылып жатышкан жөнөкөй жарандар.

 

13

Бразилия. Коррупция жана милициянын “беспределине” каршы чыккан жаран ок алдында.

 

14

Эфиопия. Эрбор уруусунун жаш жоокери.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №103




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru