Айбат » Кош бол, Nokia…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Hi-Tech » Кош бол, Nokia…

Финландия компаниясы Nokia’ны америкалык Microsoft сатып алганын бардыгыбыз билебиз. Сатып алгандан соң компанияда масштабдуу реформалар жана ребрендинг жүрүп, 24-октябрда расмий түрдө Nokia уюлдук аппараттары эми Microsoft Lumia деп аталары белгилүү болду. Бул кадамдар компанияны дүйнөлүк конкуренциядагы абалда, банкроттон сактап калат дешүүдө. Бирок, кантсе дагы Nokia деген сөз, биздин жаркын элесибизде эң мыкты телефондорду эскерип турат. Анткени, убагында бул компаниянын телефондору индустриядагы дүйнөнүн эң алдыңкы технологияларын сунуштап, өз убагынан алдыда жүрчү. Nokia телефондор индустриясына Apple’дин iPhone’нунан да зор салым кошкон десек жаңылышпайбыз. Nokia’нын доору өтүп жатса дагы, биз аны эң сапаттуу, бекем жана өз убагынан алдыда жүргөн телефондорду чыгарган компания деп эскерип, миллиондоп саткан аппараттарынын эң мыктыларын жана жүрөккө эң жакын телефондорунун ондугун жазып көрөлү.

Nokia

 

Nokia 33101. Nokia 3310 (2000-жыл) – компаниянын эң белгилүү телефону десек жаңылышпайбыз.

Бул телефонду бардыгы колдонгон, колдонбосо дагы уккан. Аны менен жаңгак чакса болоор эле.

Бул телефонду 126 миллион адам сатып алган (колдон колго сатылганын эсептесе бир топ сан чыгат). Анын атын “өлбөс телефон” деп, бир метрден түшүп “өлүп” калчу смартфондорго үлгү кылсак болот. Экраны сенсордук эмес жана камерасы жок болсо дагы, бул телефон дагы деле интернет колдонуучуларынын арасында эң атактуу болуп келет.

 

Nokia 8910i2. Nokia 8910i (2003-жыл) – премиалдуулардын арасындагы компаниянын эң мыкты телефонунун бири.

Бул телефон өзүнүн бир башкача ачылуу механизми жана титан корпусу менен кызыктуу болчу. Клавиатурасын көрүү үчүн телефондун капталындагы кнопканы басканда, өзүнүн мүнөздүү үнүн чыгарып, жылып, чыкчу.

Мындай механизмди бул телефон биринчи болуп колдонгон эмес, бирок ага карабастан так ушул телефон атактуулукка жетти.

 

Nokia N903. Nokia N90 (2005-жыл) – Carl Zeiss оптикасын жана автофокусту колдонгон биринчи смартфон.

Бул смартфон N-Series линейкасын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Анын өлчөмдөрү таң калтырчу – жөн эле кирпич. Жыйналып турганда калыңдыгы 24мм, ал эми салмагы 173граммды түзгөн. Бирок ага карабастан бул смартфон өзүнүн 2 мегапикселдик камерасы, “вспышкасы” жана Carl Zeiss оптикасы менен кардарлар арасында бир топ атактуу болчу. Ал, ошол убакта эң мыкты сапаттагы видео тарта алчу.

Камерадан тышкары анын формасы кызыкту болчу – экранын ачып, 90 градуска буруп койсо, кээбир видео камераларга окшоп калаар эле.

Аппарат Symbian 8.1 платформасында иштечү. Ал кездеги эң атактуу платформа болгондуктан, ал телефонго эң мыкты оюн жана башка программаларды орнотуу мүмкүн болгон.

 

Nokia 63004. Nokia 6300 (2007-жыл) – бестселлер!

А бул телефонду дагы деле кээбир адамдар колдонуп жүргөнүн көрсөк болот. Анын ийгилиги сырткы “сабырдуу” кебетесинде. Ал бизнесс-колдонуучуларга арналып чыгарылган.

Дат баспаган стальдан жасалган корпусу (калыңдыгы болгону 11.7мм) жана компакттуу көлөмү бул телефонго тарыхый атактуулукту жана “өлбөстүктү” алып келди.

Корпусунун ар түстүүлүгү (күмүш –негизги, кара, ак, кызыл, шоколад жана алтын) менен бул телефон бизнесмендерге эле эмес, айымдарга дагы жакты.

 

Nokia E905. Nokia E90 – акыркы Communicator.

Бул смартфон өзүн бизнес-аппарат деп көргөзгөн. Аппаратты жагымдуу деп аташ кыйын эле – өз убагы үчүн чоң жана абдан кымбаттыгы менен бул аппараттын баркын жана эмнеге керектигин билгендер гана сатып алган. Ал колдонуучулар телефондун мыктылыгын жана функционалдыгын жакшы түшүнүшкөн. Communicator – деп, компания өзүнүн ноутбукка окшогон телефондорун атаган.

 

Nokia E716. Nokia E71 (2008-жыл) – эң атактуу QWERTY-смартфон.

Функционалдуулук, бардык коммуникациялык мүмкүнчүлүктөр, сталь корпусу жана мыкты дизайн – ушунун барын дүйнөдөгү эң жалпак смартфон өзүнө камтыган. Дал ушул аппарат ар кандай басмаларда жылдын мыктысы деп табылган.

 

Nokia 58007. Nokia 5800 (2008-жыл) – Symbian S60 платформасындагы эң биринчи сенсордук смартфон.

Өзүнүн функционалдуулугу, сапаты, Xpress Music технологиясы жана күчтүү бренддин артынан, смартфон чындап атактуу болду. Аны жөнөкөй мектеп окуучусунан баштап, топ-менеджерлерге чейин көтөрүштү.

Бирок дал ушул смартфондон баштап Android жана iOS платформалары менен болгон конкуренция күч алып, компания өзүнүн 3500 кызматкерин жумуштан кетирүүгө аргасыз болду.

 

Nokia Lumia 8008. Nokia Lumia 800 (2011-жыл) – Windows Phone платформасындагы Nokia’нын биринчи телефону.

Бул смартфон WinPhonе 7 платформасында иштеген биринчи Nokia жана картографиялык сервиси дароо орнотулгандыктан, конкуренттеринин арасында артык болчу.

 

Nokia 808 PureView9. Nokia 808 PureView (2012-жыл) – акыркы Symbian-смартфон.

Nokia 2012-жылдын февралында Nokia PureView технологиясын колдонгон  41 мегапикселдүү камерасы менен биринчи смартфон чыгарып, дүйнөнү таң калдырды.

Бул бир убакта эң атактуу Symbian платформасын колдонгон смартфон болуп калды. Бирок кийин бул смартфонду WinPhone платформасында ийгиликтүүчыгара башташты. Камерасы бар телефон эмес, телефону бар камера ;)

 

Nokia Lumia 83010. Nokia Lumia 830 (2014-жыл) – Nokia бренди алдында чыккан акыркы смартфон.

Бул телефонду көпчүлүгүбүз колдонуп көрбөсөк дагы, тарыхта дал ушул аппарат Nokia’нын эң акыркы аппараты болуп калат. Эми телефондор Microsoft Lumia деген бренд менен чыгат.

 

Nokia – көп жылдар бою телефондорду чыгарган эң чоң компания болуп келген. Компания жаңы технология, форма жана дизайн менен ар дайыма эксперимент кылып келгенден коркчу эмес.

Мүмкүн Nokia болбосо азыркы телефон индустриясы эч качан азыркыдай болбойт эле. Кандай болсо дагы Nokia телефондору ар бирибиздин чөнтөгүбүздө чыңгырап, жаңырып турганы жаркын элесибизде калаары талашсыз. Кош бол, Nokia…

 

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №103




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru