Айбат » Токио шаары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Токио шаары

Tokyo Shibuya OkaӨлкө: Жапония
Ички бөлүнүшү: 62
Губернатор: Шинтаро Ишихара
Негизделгени: 1869-жыл
Расмий тили: жапон тили
Калкы: 13 051 965 адам (2010-жыл)
Жыштыгы: 5966,20 адам/км²

 

TokyoТарыхы

Токио шаарынын тарыхы 400 жылдан ашуун убакытты ичине камтыйт. Токио шаары алгач Эдо (Куймага кирүү) деп аталган. Бул жерде 1603-жылы Токугава Иеясу Токугава сегунатын (1603-1867-жж.) түзгөн. Ошондон тартып шаар дүркүрөп өнүккөн. Мурда Япониянын борбору Киото шаары эле, 1868-жылы император Эдого көчүп келет да, шаардын атын Токио (Чыгыш борбору) деп өгөртөт. Ошентип, Токио Япониянын борбору болуп калган.

Мейдзинин тушунда (1868-1912-жж.) батыш цивилизациясынын таасири менен шаардагы эски үйлөрдүн ордуна кирпичтен имараттар тургузулган. 1923-жылы Кантодо болгон зилзалада шаар үчүн көптөгөн жоготууларды алып келген, расмий маалыматтарда 140000 адам дайынсыз жоголду же каза болду, 300000 үй кыйроого учурады деп жазылган. Шаарды кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп, 1927-жылы биринчи метро линиясы салынган, ал эми 1931-жылы дүйнөгө таанымал Ханеда аэропорту жүргүнчүрөрдү тейлей баштаган. 1935-жылы Токионун тургундарынын саны 6,36 милионго жетип, Лондон менен Нью-Йорктун элинин санына теңелген.1941-жылы башталган согуш шаардын өнүгүшүнө оор залакасын тийгизген. 1943-жылы чоң мегаполис түзүү максатында Токио префектурасы менен Токио-ши шаары бириктирилип, губернатор шайланган. 1947-жылы Япониянын жаңы Конститутциясы кабыл алынган. Ага ылайык, Токиошаары 23 раонго бөлүнгөн. 1960-жылы шаардын экономикасыатайын техника чыгаруу менен катуу өнүккөн. 1864-жылыТокиодо кезектеги олимпиадалык оюндар өткөрүлгөн.

 

TokyoГеографиясы

Токио Япония ахипелагынын ортосунан орун алган Канто түштүк аймагында жайгашкан. Шаар чыгышынан Эдогава суусу жана Чиба прифектурасы, батышынан тоолор жана Яманаши префектурасы, түндүгүнөн Сайтама префектурасы, түштүгүнөн Тамагава суусу жана Канагава префектурасы менен чектешет. Изу, Огасавара аралдары шаардан окчун турса да, Токионун администрациялык-аймактык бөлүгү катары саналат.

 

BuddaДини

Шаардыктардын тутунган диндери-синтоизм (аймакчы, синтоизм дини 1945-жылга чейин мамлекеттик дин деп саналган) жана будизм, андан тышкары христиан динине ишенүүчүлөр да бар. Азыркы мезгилде Япония мамлекети тарабынан атайын кабыл алынгын дин жок. Бирок, жогоруда айтылган диндер жапондордун каада-салттарынын калыптанышына бир топ таасирин тийгизген. Үйлөнүү үлпөтү синтоисттик салтта өтсө, сөөктү көмүү зыяратында буддисттик шарттар сакталган. Калктын эки пайызы христиан динин тутат. Ошондуктан, шаардан ар кайсы багыттагы сыйынуучу жайларды кезиктирүүгө болот.

 

Japon BirjeЭкономикасы

Шаардын өнөр жайынын негизин автоунаа куруу, темир жана жыгач иштетүү, электроника, электротехника, полиграфия, химия жана тамак-аш тармактары түзөт.

 

TokyoРайондору

Шаардын негизги көчөсү-Гинза көчөсү. Бул жерде кымбат ресторандар, дүкөндөр, мейманканалар жайгашкан. Шинджуку району бийик-бийик имараттары, сайрандоо жайлары менен таанымал болсо, Акихабара электроника жана компьютердик оюндар борбору катары каралат. Асакусанын эски кочөлөрү дүкөндөргө, сувенир саткан жайларга жана сайрандоо борборлоруна толгондуктан, күнү-түнү эл аягы суюлбайт. Дал ушул жерден жергиликтүү жапон матрешкаларын табууга болот. Токио Диснейлени да бүйүр кызытпай койбойт.

Кызыктуу фактылар:

• Токио – дүйнөнүн эң кымбат шаар болуп саналат

• Токиодо жылына 150дөй жер титирөөлөр болуп турат.

•  Токиодо зоопаркты жылына 2 айга жабып турат. Анткени жаныбарларды зоопаркка келген кишилерден эсалдырыш үчүн.

• Токио дүйнөдөгү 12 кооз шаардын катрына кирет.

• Токиодо жердин  баасы дүйнөдө эң кымбат болуп саналат. Лондондон 33 эсеге, Нью- Йорктон 89 эсеге кымбат келет.

Айбат гезити №103




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru