Айбат » Аида Салянова: “Аманбаева кантип БУМду бурмалаган?”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Аида Салянова: “Аманбаева кантип БУМду бурмалаган?”

Салянова АидаЖогорку Кеңештин кечээги отурумунда Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш иши козголгон «Республика» фракциясынан депутат Урмат Аманбаевага байланыштуу Башкы прокурор Аида Салянова маалымат берди. Төмөндө анын маалыматын кыскартып сунуштайбыз.

– 14-май 2013-жылы Ош шаары жана Ош жана Баткен областтары боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгы  тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси менен Ош областтык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголгон.  2013-жылы бул кылмыш иши негизсиз токтотулган. 2013-жылдын 25-декабрында кылмыш иши  Кыргыз Республикасынын  Башкы прокуратурасы тарабынан  жандандырылып, тергөө жүргүзүү жагы башкы прокуратуранын тергөө тобуна тапшырылган. Тергөө учурунда 2009-жылдан баштап  2013-жылдын  ичинде Ош облусттук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы эсепчиси Урмат Аманбаева, ошол эле борбордун директору Байсалов, аптеканын башчысы Шамшиева жана  «БУМ» ЖЧКсынын директору Улуходжаевалар менен алдын ала макулдашып, дарылоо бөлүмдөрүнүн улуу мед айымдарын колдонуу жолу менен  дары-дармектин сандарын көбөйтүп, бухгалтериялык отчётторго Урмат Аманбаевага караштуу «БУМ» ЖЧКнын тарабынан дары дармектер келип түштү деген жалган маалыматтарды киргизип мыйзамсыз акча каражаттарын сиңирип жүрүшкөн. Жогорудагы мыйзамсыз кыймыл аракеттер Урмат Аманбаева, Шамшиева жана башкалардын катышуучулары менен 2013-жылга чейин улантылган. Тергөө тобу тарабынан уулу мээрман айымдар Кожонова,  Айтиева,  Кадыровалар суракка алынып, алар өз көрсөтмөлөрүндө 2009-жылы башкы эсепчи Урмат Аманбаева бизди чакырып талаптамаларга дары-дармектердин санын көбөйтүп «БУМ» ЖЧКсынан келген деген жалган маалыматтарды киргизесиңер деп биз алардан көзкаранды болгондуктан жалган маалыматтарды талаптамаларга жазганбыз деп көрсөтүшкөн. Тергөөдө «БУМ» ЖЧКсынын Аманбаевага караштуу экендиги аныкталган.

Чынында «БУМ» эч кандай кургак учукка каршы дары-дармектерди ооруканага түшүргөн эмес. Урмат Аманбаева бухгалтериялык документтерге, отчётторго жалган маалыматтарды киргизип, «БУМ» ЖЧКсы тарабынан келди деп көрсөтүп жүргөн. Ошол жалган документтердин негизинде «БУМ» ЖЧКнын банктагы атайын эсебине дары дармектер үчүн деп акча каражаттары которулуп келген Улуходжаева «БУМ» ЖЧКсынын жетекчиси катары банктан атайын эсептен акча каражаттарды алып, анын беш пайызын өзүнө, 95 пайызын Урмат Аманбаевага берип жүргөн.

«БУМ» ЖЧКсынан жалпы суммасы 450 миң сомдук дары дармектер келип түштү деген жалган 2009-жылдын 11-июнундагы 24 жана 25 счет фактуралары кийинки июль айына дагы кирештеп, Аманбаева бир эле счет фактуралар боюнча эки жолу меморандумдук ордерге кол коюп, жалпы суммасы 900 миң сомду мыйзамсыз «БУМ» ЖЧКсына которуп жиберген. Ошондуктан Урмат Аманбаеванын кыймыл аракеттеринде Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышы бар болгондуктан 2014-жылдын 27-октябрында анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси менен кылмыш иши козголгон. 2014-жылдын 30-сентябрында кылмыш иштин алкагында Ош областык кургак учукка каршы күрөшүү борборуна комплекстүү документалдык ревизия жана аудитордук текшерүү дайындалган. Журналдардын жоголдугуна байланыштуу 2008-жылдан бери ооруканада дарыланган ар бир оорулуунун бейтап баянын текшерүү менен мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы аныкталып, ал зыян 17 миллион 263 миң 500 сомду түзгөн.

2010-жылы Урмат Аманбаева Жогорку Кеңешке депутат болгондон кийин өзүнүн ордуна күйөө баласы Асановду борбордун директору Байсаловдон суранып өзүнүн ордуна башка эсепчи кылып сүйлөшүп киргизген. Тергөөдө суралган Асанов аны чынында эле кайнежеси өзүнүн ордуна башкы эсепчи кылып дайындаганга жардам берип, бирок Ош шаарына келип бухгалтердик отчётторду өзү жазып берип «БУМ» ЖЧКсына которулган акчаларды 2013-жылга чейин Аманбаева алып жүргөнүн көрсөткөн…

 

Инисинин тиешеси жок…

Жыйын жүрүшүндө депутаттардын бири: «Аида Жеңишбековна, Урмат Аманбаева  депутаттарга билдирүү таратты. Анда: «Менин акыйкатчы иним  үчүн  ушундай куугунтук болуп жатат» деп жазыптыр.  Аны бүт депутаттар окуган. Ушуга сиздин комментарийиңиз кандай болот да?» деген суроого Башкы прокурор: «Мен жана  айтып кеткендей март айында Саламаттык сактоо министрлигинин департаменти текшерип  жатат, анын корутундусу болуп жатат мыйзам бузуулар болгон  деген. Анан  кийин апрелде ошол Ош, Баткен, Жалал-Абад боюнча  Эсептөө палатанын  аймактуу  бөлүмү корутундусун  чыгарып жатат бул жерде, мыйзам бузуулар болгон деп. Андан кийин ГСБП 2013-жылы май айында иш козгоп  жатат. А  Омбудсмен өзүңүздөр  билесиздер 2013-жылы октябрда шайланган.  Бул чечимдердин баары Аманбаев шайланганга чейин эле  кабыл алган. Бул жерде  эч кандай жеке мамиледен чыккан бир иштер жок. Анткени ошол эле мен дагы көрдүм ал кайрылууну, ошол жерге жазган Омбудсмен прокуратуранын да эмес, Салянованын мыйзам  бузууларын аныктап, сотко кайрылып, сот чечимдери менен иш аракеттери аныктап сотко кайрылып, сот чечимдери менен иш аракеттери мыйзамсыз деп табылган деп. Бүгүнкү күнү мен айтып койгум келет ошондой бир дагы чечим жок. Анткени ошондой айтылгандан кийин мен өзүм дагы анализ кылдым, анткени балким мен болбосом дагы аймактарда ошондой чечим болгон деп, бүт республика боюнча суранып чыктык бардык прокурорлордон, андай чечимдер чыкпаптыр Омбудсмендин кайрылуусу боюнча…» деп жооп узатты.

Айбат гезити №104



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru