Айбат » «Жаңы муунчуларды» «жайлаган» Р.Жээнбеков эми Токтакуновго өттүбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Жаңы муунчуларды» «жайлаган» Р.Жээнбеков эми Токтакуновго өттүбү?

Нурбек ТоктакуновӨгүнү эгемен гезиттердин бири жазды эле, улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков Нурбек Токтакунов аттуу укук коргоочуну өзүнө чакырып: «Кыргызгаз» ишканасын «Газпром» ишканасына сатылышын мыйзамсыз деп сотко кайрыл» дегендей кезектеги «заказын» бергенин. Журналисттердин тарткан «төлгө ташы төп» келди. Муну Нурбек мырза өзү ырастады. Ал «Газпром» менен түзүлгөн келишимди денонсациялоо өтүнүчү менен өкмөткө кайрылганын жарыялады. Анын айтымында, «Газпром» келишимдин шарттарын аткарбай атыптыр. Эми ага кандай жооп берерин өкмөт аке өзү чечер. Ага чейин Токтакуновго бир нерсени эскерте кетели. Равшан Бабырбекович энергетикалык каатчылыкка байланыштуу «Жаңы муун» кыймылынын активисттерин ачкачылыкка чыгарып, кийинчерээк аларды «өзүңөрдү өзүңөр өрттөгүлө» дегендей буйрук кылганда, М.Аспеков, А.Бузурманкуловдордун келмеси оозунан түшкөнү ашкереленген болчу. Эңди Равшанчик Нурбек Токтакуновду «өрттөн» десе өзүн өзү өрттөп жибереби?

Айбат гезити №104




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru