Айбат » Валерий Диль менен Феликс Куловдун «куурчак» эксперти – Эрнест Карыбековбу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Валерий Диль менен Феликс Куловдун «куурчак» эксперти – Эрнест Карыбековбу?

Валерий ДильАкыркы учурларда эксперт дегендерден баш адаша турган болду. Билимдүүсү да, билимсизи да, билгени да, билбегени да эксперт болуп чыга келишти. «Сиз эксперт турбайсызбы, айтып койсоңуз?» деп журналисттер микрофон тосо калса, ар кандай жомокту айткан эксперттер бар. Ошолордун катарын өзүн энергетика жаатындагы эксперт катары көрсөтүүгө далалат кылып келаткан Эрнест Карыбеков деген толуктап келет. Бирок, ал өз алдынча эч кандай жагдайга эксперт жүргүзө албай тургандыгы белгилүү. Качан гана көмүскөдөгү кожоюндары «мындай деп сүйлө» деп буйрук кылганда, алардын пикирин өзүнүн оозу менен айтып чыга калат. Маселен, кече жакында эле бул экспертчалыш Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда электр энергиясын сатып алуу боюнча жетишилген макулдашууну сынга алып чыкты. Анын ою боюнча казактардын койгон шарттарына кыргыз бийлиги макул болбой, андан көрө өткөн жылдан бери карай Бишкек ТЭЦинде өзүбүздүн электр энергияны максималдуу өндүрүп чыксак туура болмок экен. Мунун канчалык деңгээлде тууралыгын албетте дасыккан эксперттер айтышсын. Бирок, бир гана кызык суроо туулат, эмне себептен Карыбеков мындай сунушун өткөн жылы айткан жок эле? Же анда анын оозун бирөө басып турду беле? Кыргыз элинде «Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап» деп айтылып келет. Өткөн жыл эми өткөн чак болуп калгандан кийин мындай сунушту айтып не кылат? Кыш босогого кирип келгенде биз Бишкек ТЭЦинде электр энергиясын өндүрөт элек деп отурсак, кыш мезгили бизди күтүп отурат беле? Деги эле түштөн кийин акыл айтканды качан коебуз? Ошончолук эле мыкты эксперт болсо Карыбеков өзү өкмөттө энергетика тармагын көзөмөлгө алып турган маалында неге бул тармакты реформалоо, өнүктүрүү багытында сунуш айтпай, тилин тишине катып отурду эле? Же жумшак креслосунан айрылып калам деп коркту беле? Же анда азыркы «акылкошчулары» вице-премьер Валерий Диль менен «Ар-Намыстын» лидери Феликс Кулов тарабынан тапшырма айтылган жок беле? Баса, ушул жерден кыстара кетүүчү нерсе Карыбековду куурчак театрдын куурчагындай кылып сүйлөтүп аткан дал ушул аттары аталган эки эрен экендигин эркин басылмалардын бири буга чейин эле жазып чыгышкан. Бири өкмөттө, бири коалициялык көпчүлүктө отуруп алып, «бакма» экспертине тапшырма берип аткан экөөнө жол болсун.

Айбат гезити №104




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru