Айбат » Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү каржылоого 2015-жылы 243 миллион сом бөлүнөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Экономика » Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү каржылоого 2015-жылы 243 миллион сом бөлүнөт

Мам.тилКыргыз тилине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили деген статус берилгенине 20 жылдан ашуун убакыт өтсө дагы, ал өз деңгээлинде жүзөгө ашырылбай келгени маалым эле. Анын өнүктүрөбүз, деңгээлин көтөрөбүз деген билдирүүлөр мурдагы бийликтердин тушунда да жасалып келген. Бирок, тилекке каршы айтылган сөз иш жүзүнө ашкан эмес. Эске сала кетсек президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн каражатты аябоо керек экендигин өткөн жылы эле эске салган. Кыргыз тилинин деңгээлин көтөрүп, анын мамлекеттик тил деген статусуна жооп бере турган деңгээлине алып келүү үчүн КР Мамлекеттик тил комиссиясын каржылоонун көлөмүн көбөйтүү тапшырмасын берген эле. Президенттин бул убадасы жана тапшырмасы жүзөгө аша баштады. Финансы министри Ольга Лаврова мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн 2015-жылы республикалык бюджеттен 243 миллион сом карала тургандыгын 13-ноябрьда парламент отурумунда билдирди. Мындан сырткары министр айым келерки жылда боло турган парламенттик шайлоого 230 миллион, чек ара аймактарын өнүктүрүүгө 100 миллион жана дипломатиялык кызмат тууралуу мыйзамды реализациялоо үчүн 148 миллион сом карала тургандыгын айтып өттү. Мына ушундайча акырындык менен чечилбей келаткан маселелер четинен чечиле баштады. Мамлекеттик тилге мамлекеттик деңгээлде кам көрүүнүн башталганы демек анын өнүгүүсүнө кепилдик бере алат. Ошол эле убакта чек ара аймактарына жакын жайгашкан айыл-кыштактарды өнүктүрүү маселеси дагы өтө курч маселелердин бири эле.

 Айбат гезити №104




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru