Айбат » Эс алуу багына караштуу жер тилкесин Нариман Түлеев турак-жай курууга берип койгону кандай?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эс алуу багына караштуу жер тилкесин Нариман Түлеев турак-жай курууга берип койгону кандай?

БакчаКоррупциялык беренелер боюнча айыпталып жаткан Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин дагы бир мыйзамсыз иши ачыкка чыкты. Көрсө, Түлеев Кытайдан кымбаттатылган баада автобустарды гана алып келгенди билбестен, жалпы эл колдоно турган эс алуу багынын жер тилкесин турак-жай куруу үчүн өзүм билемдик менен берип койгонду да жакшы өздөштүргөн экен. Бул туурасында Бишкек мэриясы маалымат агенттиктеринин бирине билдирген. «Турбаза жайгашкан райондун аймагындагы жашыл зонанын жер тилкелери 2005-2007-жылдары турак-жай үйлөрүн курууну көздөгөн адамдар тарабынан басылып алынган. 2009-жылы шаар мэри болуп турган Нариман Түлеев тийиштүү кызматтарга «Ак-Тилек Турбаза» жаңы конушунун аймагында жайгашкан жалпы колдонуу статусуна ээ парк зонасын турак-жайларды курууга ылайыктуу кылып документтеринин долбоорун өзгөртүү тапшырмасын берген» деп билдирет мэрия. Бишкек башкы архитектурасы тарабынан бул жер тилкелерин жеке менчик үйлөрдү курууга колдонуу жалпы колдонуу статусун алып салуу схемасы даярдалган. Бирок азыркы тапта ал схема Бишкек башкы архитектурасында жылан сыйпап кеткендей жок болуп чыккан. Азыркы тапта «Ак-Тилек Турбаза» конушунда 205 үй мыйзамдан тышкары өз алдыларынча эле курулуп калганы белгилүү болуп турат. Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген Нариман мырза шаарыбызды көрктөндүрбөй эле, тескерисинче бак-дарагы көйкөлгөн парктарыбызды талкалап жүргөн турбайбы, көрсө…

Айбат гезити №104



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru