Айбат » “Республика” жана “Ата-Журтка” өз-өзүнчө болгондо эч кандай жарык түшпөйт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Республика” жана “Ата-Журтка” өз-өзүнчө болгондо эч кандай жарык түшпөйт

Ташиев, Бабанов«Республика» жана «Ата-Журт» партияларынын биригүүсү элементардуу саясый логика менен гана жасалган.

«Республика» акыркы жылдарда өзүнүн позициясын, өзүнүн мүчөлөрүн жоготуп алды. Көптөгөн таасирдүү өкүлдөрү партиядан чыгып, парламентте өздөрүнүн тобун түздү. Ушундай эле тагдыр «Ата-Журт» партиясында да болду. Андан олуттуу лидерлери кетип калгандыктан салмагын жоготту. Экөө тең бирдей позициядагы алсыз партиялар, өз-өзүнчө турганда аларга эч кандай жарык түшпөйт.

Эки партия өздөрүнүн күчтөрүн бириктирип жатат. «Ата-Журт» Камчыбек Ташиев менен түштүк электоратын тартат. Мындай жол менен түштүк жана түндүк шайлоочуларын тарткан бинардуу курал пайда болот. Бул кырдаалда аларда алдыңкы партиялар менен соодалашууга жол ача турган позиция пайда болот. Анын ичинде «КСДП» менен. Азыр алар экономикалык окуялардын өнүгүүсү – энергетикалык жана азык-түлүк кризиси, экономикадагы кыйын кырдаал элдин нааразычылыгын жаратат деген логика менен күтүп жатышат. Мындай кырдаалда алардын кыйкырып чыкканга ресурсу пайда болот. Мен аларда ушундай максат бар деп ойлойм.

Бул толук аракеттеги жана жандандыруучу союз болушу мүмкүн. Анткени азыр алдыңкы партиялар өзгөчө активдүүлүгү менен айырмаланган жок. Учурда алар бийликте, андыктан социал-демократтардын партиялык иштери өзгөчө деле байкалбайт, жаштар канаты абсолюттук түрдө өзүн көргөзө элек. Балким алар жергиликтүү деңгээлде элита менен кулуардуу иш жүргүзүп аткандыр. «Ата-Мекенде» дагы түрдүү аракеттер болуп атат. Андыктан аларда алдыга чыгып келүү мүмкүнчүлүгү бар. Анын үстүнө булар профессионалдуу жогорку класстагы саясый технологдор болот.

Парламенттик шайлоодо утуп чыгууга аларда шанс бар. Бирок, эң кеминде бир жылдан бери  саясый процесстер стихиялык жана табигый жолдор менен жасалбай жаткандыгын эске алыш керек. Бардыгы долбоорлук режим менен жүрүүдө. Менин оюмча «Республика» менен «Ата-Журттун» биригиши дагы алдыңкы партиялардын долбоору болушу мүмкүн. «Республика» түштүк элитасынын радикализмин тең салмактап жана абсорбициялап (жутуу, боюнча тартуу) турат.

Алдыңкы партиялар менен соодалашуу маселеси кандай болот? Кандай өңүттө алар коалицияга кирет, же оппозиция калары келишимдик-консенсусдук жол менен жүзөгө ашырылат. Анткени Кыргызстандагы элита жана партиялар идеологиялык принциптер боюнча курулган эмес. Концептуалдуулук эч кандай чоң рольду ойнобойт. Андыктан эч кандай бири-бири менен пикирлери келишпеген адамдар да биригүүдө. Маселен Ташиев кайсы бир убакта Бабановго каршы катуу сөздөрдү айткан. Андыктан мен муну бул партиялардан тышкары партиялардын долбоору болушу керек деп ойлойм.

Марс Сариев, саясат таануучу

Айбат гезити №104



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru