Айбат » Мамлекеттин 2 миллион сомун «курулуш таштандысына» айланткан Максат Сабиров

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Мамлекеттин 2 миллион сомун «курулуш таштандысына» айланткан Максат Сабиров

Максат Сабиров«Республика» фракциясынын лидери Максат Сабировго карата ушул күнгө чейин укук коргоо органдары неге чара көрбөй келатышкандыгы табышмак. Албетте, биз айта турган «табышмактын» жандырмагы укук коргоо органдарына менимче жакшы эле тааныш болушу керек. Балким астыртадан иликтөө иштери жүрүп жаткандыр?.. Ошентсе да парламент трибунасынан бакылдап сүйлөп, ар кимдин артынан «аңдууга» түшкөн «республикачынын» мамлекетке келтирген зыяндары тууралуу коомчулукка ачык айтып койбосок болбос. Болбосо, учурда биринчи-вице-премьер-министр Тайыр Сарпашевдин ишмердүүлүгүн иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын башында туруп алып, аны болушунча каралоо менен алектенип атканын уккан-көргөндөр Максат Сабировду сүттөй таза депутат экен деген ойго келиши мүмкүн. Сөзүбүз кургак болбошу үчүн жалаң фактылар менен гана сүйлөйлү. Максат Сабировго таандык «Торго-строй» жана «Вадимир» аттуу компаниялар 2009-жылдан бери карай Ысык-Көл облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Компанияларды Максат Сабировдун өзү эмес, жакын тууганы Кубат Турдутегин башкарып келген. Албетте, мындан эч кандай деле өөн издебейт элек, эгерде ал компаниялар ишмердүүлүгүн мыйзамдын чегинде так жүргүзүп келишкенде. Адегенде Сабировдун «Торгстрой» компаниясы Тоң районунун Төрткүл айылындагы спорттук залды куруу үчүн тендерден утуп алышкан. Тилекке каршы ошол күндөн ушул күнгө чейин спорт залдан дайын жок. Анын пайдубалы гана тургузулуп, калганы токтоп калган. Себеби курулуш компаниясы пайдубалды курууда эле олуттуу кемчиликтерди кетирген. Ошондон бери карай курулуш иши кыймылдабаган бул обьектинин пайдубалы талкаланып, жараксыз абалга келип калган. Ал эми ушул эле пайдубалды куруу үчүн мамлекеттин казынасынан 2 миллион сом каражат жумшалганын айта кетели. Бул иш боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан облустук администрациянын курулуш башкармалыгынын ошол убактагы жетекчиси Д. Долубаевге кылмыш иши козголгон. Бирок, мамлекеттин 2 миллионун курулуш таштандысына айлантканга башкы себепчи болгон Максат Сабировдун компаниясы жоопкерчиликтен сырткары калган. 2010-жылы болсо Жети-Өгүз районунун Челпек айылындагы жана Тоң районунун Барбулак, Шорбулак айылдарындагы спорт залдарын куруу иштерин башкы подрядчиктердин уруксаты жок эле Сабировдун компанияларынын шыбагасына берилип кеткен. Кандайча мындай болуп кеткенин Сабиров, анан аны берүүнү чечкен адам гана билбесе, башкаларына табышмак бойдон калган. Мунусуна деле мейли дейт элек. Бирок, тилекке каршы башкы подрядчиктерден уруксаты жок алганын алып алышып, ал объектилерди да мөөнөтүнөн кечиктирип бүткөрүшкөн. Андан сырткары тендерде көрсөтүлгөн суммадагы каражаттан бир топ көбүрөөк сарпташкан. Кыязы, мамлекеттин акчасын аяп эмне кереги бар дешкен окшойт. Маселен, Барбулак айылындагы спорт залга тендер боюнча 1 миллион 616 миң 42 сом сарпталышы керек болсо, иш жүзүндө 2 миллион 266 миң сом коротулган. Демек, 649 миң 958 сомго ашыгы менен. Челпек айылындагы спорт залга 16,3 көп каражат жумшалса, Боз булуң айылындагы спорт залга 45, 3 көбүрөөк жумшалган. 2011-жылы болсо анын курулуш компаниялары тендерден жалпысынан 52 миллион 342 миң 900 сомдук 12 объектини утуп алышат. Бирок аларга которулган акча 66 миллион 751 миң сом болуп чыга келет. Айырмасы 14 миллион 408 миң сом. Мынча акча кимдин чөнтөгүнө «култ» этип кетиши мүмкүн? Буга деле макул дейли. Бирок акчаны ашыгы менен алып алышып, объектилердин айрымдарын бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй жатышканын кандай түшүнсө болот? Бул фактылар боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасына бир эмес, бир нече арыздар келип түшкөн. Бирок, алардан эч кандай реакция жок. Же сөзсүз эле Башкы прокуратурага кайрылыш керекпи? Мамлекеттин акчасын «курулуш таштандыларына» айландырып, тендерден көрсөтүлгөн баадан бир топ жогору суммада каражаттарды алып, каалаганындай тайраңдап аткан Максат Сабировдун компанияларына акыры чара көрүлүшү керек го?..

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №104




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru