Айбат » Темир Сариев: “Равшан Жээнбековдун кимден канча акча сураганы, канча алганын тастыктап берчү адамдар бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Темир Сариев: “Равшан Жээнбековдун кимден канча акча сураганы, канча алганын тастыктап берчү адамдар бар”

Темир СариевЖогорку Кеңештин кечээги жыйынында эркин депутат, УОК лидери Равшан Жээнбеков менен Экономика министри Темир Сариев кайым айтыша кетти. Равшан Бабырбековичтин 2015-жылдын бюджет долбооруна карата айткан кебине жооп кайтарган Темир Аргенбаевич анын былыктарын чукуп өттү. Бирок, Р.Жээнбеков ага каш кайтарып жооп кайтара албаганы эле – Т.Сариевдин айткандарында чындыктын үлүшү арбындыгын далилдейт. Төмөндө Сариевдин кебин эч өзгөртүүсүз сунуш кылабыз. Анда ал минтет:

– Мен ушул Равшан Бабырбековичке айтып коёюн дедим эле, мына эки күн мурун ушул жерде комитетте жанагы кардарлар жөнүндө жыйын болуп, маселе каралды. Ошол жерде мага жеткен маалымат боюнча, туура эмес десеңиз айтып койсоңуз болот,  ошол жерде аялдарга “азыр эрте келип алыпсыңар жазында келсеңер болмок, жазында революция болуп кетет эле, ошондо митингдерге чыгат элек” деп айттыңыз. Эгерде биз ошондой мамиле кыла турган болсок келгендерге бул аябай туура эмес. Анан экинчиден жанагы коррупция жөнүндө айтып жатканда кичине алар күзгүгө каранып, биз дагы каранып коёлу да. Анан мен ушул жерде дагы айтып коёюн, анткени сиз мага бир нече жолу сөздөрдү айтып, бир топ суроолорду берип жатасыз. Мына сиздин бир тууган атаңыз (Бабырбек Жээнбеков) агентствону башкарды. Анын кандай иштегенин, артында кандай сөз калганын жана  акыры эмне менен бүткөнүн жакшы билесиз. Андыктан, бирөөгө сын айтаардан мурун же болбосо морал айтып, мындай бир нерсе сураардан мурун кичине күзгүгө каранып коюш керек. Экинчиден, өзүңүз убагында мамлекеттик кызматта иштегенде мына бул жерде вице-премьер дагы отурат, кимден канча акча сураганыңыз, мурунку министрлер отурат, канча акча алганыңыз анын баары тең турат. Эми ошонун баарын жок дебей эле мен бүгүн апаппак болдум, таптаза болдум деп анан кийин мындай сын айтып үйрөткөндү токтотуш керек. Бул катуу сөз, бирок мен айтам бул сөздү, айтышым керек болчу.

 

Кыстырма:

Равшан Жээнбеков 2001-2004-жылдар аралыгында мамлекеттик мүлк фондун жетектегени маалым. Ошондо жалпы жонунан 342 мамлекеттик объекти, ишканалар жеке колго өткөрүлүп, итбекер сатылып кеткен. Ал эми өзү Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Асыл-Таш» пансионатын итбекер менчиктештирип, бүгүнкү күндө аны 7 млн. долларга пулдайм деп жүргөн чагы. Равшан мырзаны эгемен Кыргызстандагы «эгемен коррупцияны» баштоочулардын көч башында турган эң жаш өкүлү атаганы да бекеринен эмес.

Р.Жээнбековдун атасын Бабырбек Жээнбеков эки жолу мамлекеттик антимонополдук агенттигин жетектеди. Акырында анын кол астындагы кызматкер «Кудайберген» базарынын ээсинен 300 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал бул акчаны шефи Б.Жээнбековго алып барып берерин айткан эле. Натыйжада Бабырбек Субанович ээрден шыпырылган. Ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, райондук сот колго түшкөн кызматкерге 30 миң сом айып пул салып бошотуп жибериптир. Чамасы Бабырбек мырза соттордун алкымын майлап, экс-кызматкерин бошотуп алганбы?

Айбат гезити №104



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru