Айбат » Үй-бүлөлүк башкаруу деген ушундайбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Үй-бүлөлүк башкаруу деген ушундайбы?

Республикабызда эки жолу эмне себептен революция болгондугу баарыбызга түшүнүктүү. Электр энергиясынын кымбатташы, уюлдук телефонго салынган кошумча 60 тыйындык салык, айлык акынын аздыгы, жакырчылык, жумушсуздук өңдүү толгон-токой көйгөйлөр себеп болгон. Бирок, булардан сырткары эң башкысы – бул бүтүндөй мамлекетти бир үй-бүлөнүн башкарып калгандыгы болгон. Тилекке каршы Акаевдин катачылыгын Бакиев жазбай кайталап, керек болсо күчөтүп кайталап бергенинин эсебин эми Минскиде тартып жатат. Кыргыз эли жакырчылыкка, кыйынчылыкка чыдаса дагы акыйкатсыздыкка, адилетсиздикке, элдин байлыгын бир гана үй-бүлө каалагандай калчоосуна жол бербей тургандыгын көрсөттү. Ошентип эки жолку революция менен үй-бүлөлүк башкарууга чекит койдук дедик. Чындыгында эле учурдагы мамлекет башчысы тарабынан мурдагы президенттердин катачылыгы кайталанган жок. Парламентте беш фракция иш алып барып, үчөө коалициялык көпчүлүктү түзсө, экөө оппозицияда калып, кадимкидей кызыл-кыргын талаш-тартыштар менен иштеп келишет. Алгачкы эки бийликтин тушундагыдан айырмаланып, учурда парламентте оппозициянын өзүнүн трибунасы бар. Ал жерден бийликти да, башкасын да каалагандай сындап, каалагандай сунуштарын айта алышат. Бирок, азыркынын оппозициясы «мурдагы оппозиция деле көчөдө кыйкырып жүрүшкөн, биз деле көчөдө кыйкырышыбыз керек» дегендей парламентте сунуш айткандан көрө көчөгө элди топтоп алып кыйкырганды жакшы көрөт. Муну менен алар мурдагы оппозициянын парламентте атайын трибунасы жок болгондуктан, көчөдө кыйкырууга аргасыз болушкандыгын түшүнө алышпагандыгын көргөзүштү. Ошентип «үй-бүлөлүк башкаруу болуп атат» деп элди дүргүтүп кыйкырайын дешсе, андай көрүнүш жок аргасыз кеткен оппозиция «бийликти узурпациялоо жүрүп атат» деп кыйкырып чыгышты. Кандай узурпация, кантип узурпация кылды так айтылган маалымат жок. Жөн гана кыйкырганга себеп керек. Болбосо оппозиция жок деген сөздөр чыгып кетет. Азыр бийликте Атамбаевдин туугандарынан эч ким жок. Өмүрлүк жары деле эч кандай саясат менен иши жок. Партиялаштарын өзүнө тартып жатат деген доомат коелу десек, президент азыр эч кандай партияга мүчө эмес. Өкмөт өзүнүн ишин, парламент өз казанында кайнап, сот өз алдынча, Башкы прокуратура өз алдынча эле иштеп атат. Анан кайдагы узурпация? Кандай узурпация? Эгерде өлкөбүздөгү айрым саясатчылардын саясат айдыңында ишмердүүлүктөрүн үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте жасап жаткандыгы тууралуу сөз болуп жатса, анда башка кеп. Андыктан мамлекет башчысынын ишмердүүлүгүнөн эч кандай үй-бүлөлүк башкарууну да, узурпацияны да таба албаган соң, айрым саясатчылардын үй-бүлөлүк башкаруунун байкалбаган элементтерин жасап жаткандыгы тууралуу сөз кылалы. «Чү» дегенде «Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын» лидери  Өмүрбек Суваналиевден баштабайлыбы? Себеби дал ушул мырза «Кыргызстанда бийликти узурпациялоо болуп атат» деп биринчилерден болуп кыйкырып чыккан эмеспи? Анын артынан калгандары тоту кушчасынан кайталап келишет.

 

Өмүрбек СуваналиевБийликти ким узурпациялап алды десе, ал – Суваналиев турбайбы?

«Бийликти узурпациялоо жүрүп атат» деп кыйкырып алып, анан эле ың-жыңсыз жоголгон  Өмүрбек Суваналиев келерки парламенттик шайлоонун камын көрүү үчүн кайрадан кыймылга келди. Бирок, баягы узурпация деген сөзүн негедир эми кайталагысы келбейт. Себеби ким эле бийликти узурпациялап жатат десе, ал өзү болуп чыгып атпайбы? Узун сабак сөз кылып отурбай, ток этер жерлерин эле айтып коелу. Анын бир тууган агасы Жеңиш Исаков учурда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлык кызматын ээлеп отурат. Иниси Болот Суваналиев болсо КР наркотиканы көзөмөлдө мамлекеттик кызматынын начальниги. үлкөн кызматтар бекен? Албетте мамлекеттик деңгээлдеги жогорку кызмат орундары. Бир эле учурда эки бир тууганы мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалап аткандан кийин ким бийликти узурпациялап алган болот? Же кимдин үй-бүлөсү башкаруу системасында иштеп жаткан болот? Албетте, Суваналиевдин. Көрсө, Суваналиев өзүнүн үй-бүлөсүн айтып аткан турбайбы?..

 

Кулов президент болуп калса, анда өлкөнү сөзсүз ханайым башкармак беле?

Ушундай экен да көрсө… Биз ишенип жүргөн темир генерал деле аялынын башкаруусунан чыга албайт экен. Муну ал 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоо болуп жатканда тастыктап бербедиби. Тактап айтканда ал алы-күчүнөн тайып баратканын түшүнүп калдыбы, же дагы кандай себеби бар, айтор партиялык жана саясый процесстерге өзүнүн өмүрлүк жары Ф. Абдрасулованы аралаштыруу аракетин көрдү. Шаардык кеңештин шайлоосуна ал аялын партиялык тизменин 6-орунуна каттап туруп атказды. Буга байланыштуу шайлоо алдында Куловдун жары партиянын бардык финансылык каражаттарын өзүнүн «Куткаруу» («Спасение») деп аталган коомдук фонду аркылуу өткөздү. Мындан сырткары ал шайлоого карата партиянын атынан талапкерлердин тизмесин каттоодо өзүнө жакын санаалаштарды алдыңкы орундарга коюуга аракет кылды. Муну биз жогоруда сөз кылган Өмүрбек Суваналиев деле тастыктап бере алат. Себеби дал ушул «Ар-Намыстын» лидеринин өмүрлүк жарынын жасаган иш-аракеттеринен улам эки генералдын ортосуна жарака кеткен болчу.

 

Текебаев ӨмүрбекӨмүке деле үй-бүлөсүн саясаттан тышкары алып кете алган эмес

Конституциянын «атасы» атыккан «Ата-Мекен» лидери Өмүрбек Текебаев дагы өзүнүн саясый кызыкчылыгын жүзөгө ашыруу үчүн жакын туугандарын активдүү пайдаланып келери белгилүү. Анын бир тууган иниси, маркум Асылбек Текебаев Өмүке кайда барбасын жанында көлөкөсүндөй эле ээрчип жүрчү. Ал мурда Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгында иштеген. Анан 1996-жылы Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 8,5 кг наркотикалык затты алып жүргөн жеринен кармалган. Анын арты менен соттолуп, 1,5-2 жылча темир тор артында отуруп, агасы Өмүрбек Текебаевдин байланыштары аркылуу эркиндикке чыккан. Асылбек Текебаев Өзбекстан Ислам Кыймылынын айрым талаа командирлери менен тааныш болгон. Алардын арасында кадимки Жумабаев Намонгони да болгон. Ошентип жүрүп оорунун айынан бул иниси дүйнөдөн өткөн. Азыркы тапта Өмүкенин дагы бир иниси, КР ИИМинин мурдагы кызматкери А. Текебаев саясый процесстерге активдүү катышып келет. Ал азыр Ош шаарында кийинки жылы боло турган парламенттик шайлоого даярдыктарды көрүп, саясый-коомдук уюмдар менен жолугушууларды уюштуруп жүрөт. Ошол эле убакта “Улуттар биримдиги” партиясынын өкүлдөрү менен да жолугушуп, “Ата-Мекен” партиясы менен аталган партиянын биригүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселелерди ишке ашыруу аракетинде.

 

Бекназаров Азимбек“Бульдозердун” “бурамасы”

үй-бүлөлүк башкарууга караманча-каршы чыгып келген саясатчылардын бири кадимки революция “бульдозеру” Азимбек Бекназаров болгон. Бирок, өзүнө келгенде мындай башкаруу майдай жага тургандыгын далилдеп келет. Маселен, ал 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турганда уулу Русландын ой-да “оромпой тээп” жүргөнүн убагында көп жазышкан. Атасы аркылуу мамлекеттик кадрларды коюу иштерине да аралашып кетерин кеп кылгандар көп болгон. Ошондон улам “Айдар жокто Максим бар, Максим жокто Руслан бар” деген сөз айтылып калган. Акыркы жылдарда өзүнүн прициптеринен тайып кеткени үчүн Азимбек мырзанын “аптарыйкаты” бир топ төмөндөп кеткенинен улам саясатка баш-оту менен кирише албай жүрөт. Бирок, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров өңдүү саясатчыларга кеп-кеңешин берип келери белгилүү. Ошол эле убакта өзүнүн уулу Русланды да Равшан Жээнбековго жакыныраак кармап, “Жаңы муун” кыймылына мүчө да кылып койгон. Ошол эле убакта эми Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүп уулун “Республика Ата-Журт” партиясынын атынан келерки шайлоодо депутат кылууга аракет кылып жатканын эшиттик. Буга менимче Бабанов “башын чайкабаса” керек. Себеби 2011-2012-жылдары Руслан мырза Бабановдун жардамы менен Кыргызстандын Япониядагы элчисинин жардамчылык кызматын аркалаган.

 

Жапаровдордон саясый «жарманке»

Садыр жана Сабыр Жапаровдор Кыргызстандын саясый айдыңында 2005-жылдары пайда болгон. Алар дал ушул жылы Жогорку Кеңештин депутаттык креслосуна ат салышууга чыгышкан. Бирок, алардан жакшылык күтпөгөн жердештери Жапаровдордун депутат болушуна ошондо эле каршы чыгышкан. Бирок, Садыр Жапаров парламентке депутат болуп келет. Анан саясаттан Ташиев, Келдибеков, Кудайбергенов, Мамытов, Арапбаев, Жумабеков, Чолпонбаев, Кадыров, Түлеев, Тагаев, Ормонов өңдүү досторду табат. Бакиевдердин коюн-колтугуна кирип атып, коррупцияга каршы Комиссар болот. Ити чөп жейт. Агасы Сабырга «Жыргалаң» шахтасын ит бекер баага алып берип жыргатат. Анан ишенген «кожолору» -Бакиевдердин доору бүткөндөн кийин «Ата-Журт» партиясы аркылуу парламентке келет. Жөн жүрбөй мурда түшүнө да кирбеген «Кумтөр» маселесин көтөрүп чыгат. Болгондо да ал дагы бир депутат Эркингүл Иманкожоеванын бир нече жылдап топтогон материалдарын пайдаланып, өзүнө саясый упай топтоону көздөйт. Ошентип 2012-жылдын 3-октябрында борбор шаарыбыздын борбордук аянтында «Кумтөрдү» улутташтыруу керек деп 2 миңдей адамды топтоп алып курултай өткөрөт. Аягында Ак үйдү басып алууга аракет жасашат. Бийликти басып алууга жасаган аракеттери үчүн аларга кылмыш иши козголот. Мына ошондо саясатта Жапаровдордун «жарманкеси» башталат. Садыр мырзанын бир туугандары Сабыр, Давлет, Ороз, Сабырдын баласы – Азат жана бир тууган эже-карындаштары Салтанат, Райкүл аттуулар сот ишине басым көрсөтүү максатында Жети-Өгүз районунда каршылык акцияларын уюштурушуп, «Балыкчы- Кумтөр» жолун тосушуп, алтын кени электр энергиясын алып турган «Тамга» подстанциясын өчүрүшүп, күч органдарынын кызматкерлерине атайын чабуул жасашып, бийликтин өкүлдөрүн барымтага алышып, өрттөйбүз деп коркутушуп, айтор толгон-токой мыйзам бузууларды жасашат. Мына ушуну саясатка үй-бүлөсү менен аралашуу деп айтсак туура болобу? Ошол эле маалда Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайыр, уулу Таймурас дагы Жалал-Абад облусунун аймагында каршылык акцияларын уюштуруп, жол тосуп жатышканын билебиз. Бул дагы саясатка үй-бүлөсү менен аралашуу болуп саналат.

 

Американы Ата-Мекенинен артык көргөн ата-бала Жээнбековдор

Саясатта Бабырбек жана Равшан Жээнбеков деген ата-бала бар. Калпты суудай агызуу жагынан экөө бири-бирин алдыга салбайт. Бул экөөнүн аты жалпы коомчулукка 2005-жылдын 13-мартынан кийин дүң эте түшкөн. Себеби Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутаттыкка ат салышып, жеңилип калган соң, анын тарапташтары атасы Бабырбек баш болуп Талас облустук администрациясынын имаратын басып алышкан. Губернаторун барымтага алышкан. Ошентип 2005-жылдагы революциянын алгачкы кадамын жасоого катышып калат. Бул эмгеги үчүн Равшан Жээнбековду Бакиев 2006-жылы Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси кылып дайындайт. Ага чейин 2005-жылы Равшан мырзага Мамлекеттик мүлк министрлигин жетектеп тургандагы ишмердүүлүгү үчүн еылмыш иши козголот. Бирок, ага карата толук фактыларды таба алышпай кайра жабышат. 2006-жылы ал оппозицияга өтөөрүн ачыкка чыгарып Малайзиядагы Элчилик кызматтан кетет. Анан ага кайра 2007-жылы укук коргоо органдары тарабынан мурдагы эле ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши жанданат. Мындай шылтоону таба албай турган Равшан мырза түз эле АКШ беттеп качат.  2008-жылдын май айында ага Мамлекеттик мүлк министрлигин жетектеп турганда «Кайыңды -Кант» заводунун 10 % акциясын реализация кылып алгандыгы үчүн КР финполициясынын инициативасы менен эл аралык издөө жарыяланат. Ошол эле жылдын декабрында Мамлекеттик мүлк министрлигинин имаратын оңдоо үчүн каражаттын көп сарпталгандыгы үчүн дагы кылмыш иши козголот. Анын бул багытта мамлекетке келтирген зыяны 6 миллион сомду түзөт. Ошентип 2010-жылы Бакиевдердин доору аяктаган соң кайрадан Кыргызстанга кайтып келет. Андан берки ишмердүүлүгү баарыбызга дайын. Кыскача айтканда «Ата-Мекен» партиясы аркылуу парламентке депутат болуп келип, анан Текебаев менен пикири келишпей партиядан чыгат. Анан «Улуттук оппозициялык кыймыл» аттуу кыймылды түзөт. 2014-жылдын март айынан бери карай өзүнүн кыймылынын финансы жагын чечип алуу үчүн эл аралык уюмдар менен байланышуу аракетин көрүп келет. үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде борбор шаарыбызда 15 миң адам топтоп курултай өткөрөм деп болгону 1000ге чукул адам топтогону эсибизде. Ушул эле күнү өлкөбүздүн ар бир облусунда элди митингге чыгууга үндөгөн. АКШ саясатчылары тарабынан колдоо табуу үчүн сентябрь айында кесиптеши Өмүрбек Абдрахманов экөө АКШдагы Кыргызстандын элчилигине АКШ Конгрессинин сенатору Ж. Маккейн менен жолугушуу уюштуруп берүүсүн өтүнгөн расмий катын жолдошкон. Эске сала кетсек, бул сенатор Украинанын бүгүнкүдөй абалга кептелишине үлкөн салымын кошкон саясатчылардын бири. Равшан мырза сенаторго өзүнүн «Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруунун жаңы концепциясын» көрсөткүсү келгендигин жашырбайт. Эмне үчүн аны АКШ саясатчысына көрсөткүсү келгендиги албетте табышмак жана кызык. Ошол эле убакта атасы Бабырбек Жээнбеков дагы америкалыктар менен тыгыз кызматташуу аракетин көрүп келет. Буга ал жетектеген «Алиби» гезитинин редакциясына Кыргызстандагы АКШ элчилигинин эки өкүлү келип, бир нече саат бою пикир алышып кеткени мисал боло алат. Бабырбек мырза «ээрге» минисп калганда башка адам, «ээрден» жылмышып калганда башка адам болуп каларын эки жолу катарынан далилдеди. Эки жолу Антимонополдук комитетти жетектеп, экинчисинде кол алдындагы кызматкери аркылуу жеке ишкерлерден пара талап кылгандыгы ашкереленип кызматынан кетти. Ошол эле убакта уулу Равшан дагы бийликтин бир өкүлү катары ЖК депутаты болуп отурат. Андыктан саясатка үй-бүлөсү менен аралашып, жеке кызыкчылыктары үчүн аракет кылып жатышкан бул саясатчылар «бийлик узурпациясы» тууралуу ооз ачканга деги моралдык укуктары барбы деген суроо туулат.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №104




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru