Айбат » Энергетикалык талаш-тартыш: эксперттер жана адистер

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Энергетикалык талаш-тартыш: эксперттер жана адистер

Энергосистемадагы кризистик кырдаал мындан көп эмес убакыт мурун эле таптакыр башка талаштарды жаратып келген. Энергетиктер суу каатчылыгы деген эмне жана бул жылы свет бардыгына эмне үчүн жетпей тургандыгын бир эмес, бир нече жолу түшүндүрүшкөн. Токтогул суу сактагычында суу аз, андыктан электр энергиясын сатып алуу керек. Качан гана өлкө президенти бул маселени чечип, электр алып келүү келишимине келгенден соң талаш-тартыштар башка өңүттө уланды. Айрым эксперттер бул келишимди казак тараптын Кыргызстанга каршы диверсиясы деп да атап жиберишти. Ошол эле эксперттер буга чейин калкты светсиз калтыруу – мына ушул кылмыш деп бекемдеп айтып келишкен…  

Токтогул ГЭСи

Эске сала кетсек, казак энергетиктери менен макулдашууда 400 миллион кВт саат электр энергиясы 2014-жылдын аягына чейин жана 1,4 миллиард кВт саат 2015-жылы  алып келинмек болгон. Кыргызстандыктарды электр энергиясы менен камсыздоонун түрдүү варианттары каралган жана бул вариант эң пайдалуусу болгон. Ал эми диверсия деп – эгерде элибиз кыш мезгилинде светсиз калганда айтсак болмок. Анын үстүнө электр энергиясы – бул көптөгөн үй-бүлөлөрдүн негизги жылуулук булагы.

 

Популисттердин эсине

Бизнеси электр энергиясынан көз каранды болгон ишкерлер көптөн бери эле электр үчүн көбүрөөк төлөгөнгө даяр. Мындан сырткары көптөгөн бардар турмушта жашаган адамдар үйлөрүндө светтин болушу үчүн капчыктарын жукартууга да даяр. Кышында свети жок отурууну каалабагандар генератор сатып алышууда. Мындай ресурстун өздүк баасы азыр сунушталып жаткан электрдин баасынан кыйла жогору. Калктын бир бөлүгүнө социалдык тарифти калтырып, калганын базар баасында сата берсе болот. Мында калктын негизги бөлүгү кадимкидей эле киловаттына 70 тыйындан төлөшөт. Негизги күч байларга жүктөлөт.

 

Эсеп-кысап… сүрөтүн тартып жашай беребиз

«Кыргыз тарап казак тараптын көз каранды кылуучу шарттарына макул болбошу керек болчу, андан көрө өткөн жылдан тарта өзүбүздүн электр энергияны Бишкек ТЭЦинде максималдуу түрдө иштеп чыгарыш керек болчу», – деп эсептейт эксперт Эрнест Карыбеков.

Максималдуу түрдө «өзүбүздүн электр энергияны иштеп чыгаруу» үчүн ТЭЦке дагы 325 МВт иштеп чыгарууну кошумча жүктөө керек. Ал үчүн жок дегенде 12 котлоагрегат жана 5 турбоагрегат болушу керек экендигин адистер белгилеп келишет. Муну менен бирге жазгы-жайкы мезгилдерде ТЭЦтин негизги жабдууларынын 70 пайызы пландуу оңдоп-түзөөлөрдө болот. Андай кылбаса алдыда келе турган күзгү-кышкы мезгилге даяр болушу кыйын болот.

Карыбековдун эсеби боюнча 165 доллардан «Газпромдун» 330 миллион куб метр газын 1000 куб метр электр энергиясын борбордук ТЭЦтен өндүрүү үчүн жумшаш керек экен, аны менен Токтогул суу сактагычындагы сууну да үнөмдөмөкпүз деген ойдо.

Энергетиктерде болсо башкача көз караш. «Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө үчүн 1,4 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрүү үчүн Бишкек ТЭЦи конденсациялык режимде 325 МВт жүктү 2014-жылдын жаз-жай мезгилдеринде толугу менен көтөрүшү керек болчу. Мындай жүктү көтөрүү үчүн 502,3 миллион куб кошумча газ керектелмек».

Муну менен бирге 1 кВт сааттын өздүк баасы каралып жаткан мезгилдин баасы боюнча 5,69 сомду түзмөк. Жылуулук жоготуулары (ТЭЦтин конденсациялык режимде иштөө убагында) 391,3 Гкал/саатты түзмөк (саатына 280 миң сом, же айына 201,6 миллион сом). Эксперттер 1,5 миллиард Квт саат электр энергиясын 5-6 айда борбордук ТЭЦте иштеп чыгарса болот, аны менен бирге миллиондорду иштөөгө мүмкүн деп эсептешет. Мына ушундайча теоретиктер менен практиктердин маалыматтары эки башкача болууда.

Vz.kg сайтынан которулду

Айбат гезити №104



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru