Айбат » Дагы бир “показуха”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Дагы бир “показуха”

10-ноябрь күнү, дүйшөмбүдө “Электр станциялары” ААК басма сөз кызматы билдиргендей, Токтогул ГЭСинин плотинасында видеону онлайн көргөзгөн камера орнотулуп, ишке киргизилди.

“Коомчулукту маалымдар кылуу максатында, “Электр станциялары” ААКы Токтогул ГЭСинде онлайн байкоо жүргүзүп баштады. Веб-камера суу топтомдорунун иштерин үстүбүздөгү убакыт тартиби боюнча көрсөтүп турат. Камера Токтогул ГЭСнин плотинасынын жогорку бьефинде орнотулган. Көрсөтүү форматы: видео; саат: GMT+6”, – дейт билдирүүдө.

Интернет колдонуучулары www.energo-es.kg сайтына кирип, “Токтогул ГЭС онлайн” деген бөлүмүнөн видеону көрө алат деп билдирилген болчу. Бирок ал дарек боюнча биз кирип көрсөк, плотина  көрүнгөнү менен ал плотинада канча суу агып кетип жатканын байкоо мүмкүн эмес экен. Суу бар же жогун гана байкоого болбосо, канча көлөмдө суу кетип жатканы белгисиз. Караңгы киргенден кийин бул камеранын кереги да жок, эчтеке көрүнбөйт экен!

Токтогул

Бул камеранын орнотулушу, “Токтогул ГЭСинен канча суу дайынсыз кетип жатат?” – деген коомчулуктун суроосуна жооп бергенге жардам бериши керек эмес беле?! Ал эми 12-ноябрь, шаршембиде видео тап-такыр көргөзбөй калыптыр…

Бул “ишке” канча акча бөлүнгөнү белгисиз, бирок “чисто для показухи” болуп калганын моюнуна алышып, камераны туура жерге коюп, жарык лампаларын керектүү жерлерге кошумча орнотуп, коомчулук чынында канча суу кеткенин байкоосуна толук шарт түзүп беришсе, абдан сонун болмок!

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №104



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru