Айбат » Эрнест Карыбеков “кожоюнун” өзгөрттү. Эми аны Р.Жээнбеков жетелейби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эрнест Карыбеков “кожоюнун” өзгөрттү. Эми аны Р.Жээнбеков жетелейби?

Эрнест КарыбековЭрнест Карыбеков аттуу чала сабат энергетика жаатында экспертчалыш бар. Ал көшөгө артындагы «кожоюндары»: жолбашчысы Феликс Кулов менен вице-премьер Валерий Дильдин буйругун «кыңк» этпей аткараарын, алардын көрсөтмөсү менен энергетикага байланыштуу сын-пикирлерин таратаарын жазбаган гезит калган жок окшойт. Мына ошол киши УОК лидери Равшан Жээнбековдун долбоору саналган «Жаңы муун» кыймылынын 19-ноябрга белгиленген тегерек столуна катышканы атыр. Жыйында айтыла берип ашмалтайы чыккан «омоктуу ойлорун» ортого салып, өкмөт акени капталган согуп өтөрү айтпасак деле түшүнүктүү эмеспи. Мындан улам, бир суроо жаралат: Э.Карыбеков «кожоюнун» алмаштырып, эми Равшан Бабырбековичтин жетегине өттүбү? Дегенибиз, Равшан мырза Феликс Шаршенбаевич менен жең ичинен макулдашып, Э.Карыбековду өзүнө «ижарага» алганы, эңди аны каалагандай «сайратары» тар чөйрөдө айтылууда. Көрүнгөндүн «заказын» аткара берген Эрнест мырза цирктин жака белинде, МосСоветтин боюнда жүргөн «көпөлөктөрдөн» үлгү алганбы дейсиң…

Айбат гезити №104




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru