Айбат » Сейдакматова Жамал – театр жана кино артисти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сейдакматова Жамал – театр жана кино артисти

Кыргыз киносунда жана театрына ат көтөргүс эмгеги менен кыргыздын элдерине аттын кашкасындай танымал, асмандагы чолпон жылдыздай баркы бар кыргыздын театр жана кино артисти Жамал Сейдакматова  эжебиз жөнүндө баяндамакчыбыз.

Жамал СейдакматоваСейдакматова Жамал – театр жана кино артисти, «Туңгуч» жеке менчик театрынын уюштуруучусу жана көркөм жетекчиси

Жамал Сейдакматова Көл кылаасынын күңгөйүндөгү Темир айлында туулуп-өскөн.

Бала чагынан эле Жамал ырга-бийге шыктуу болуп өсөт. Бирок, орто мектепти аяктагандан кийин, эңсегени ишке ашпай, ал атасынын тили менен Москвадагы жеңил өнөр жай институтуна тапшырып, өтүп кетет да окуп калат. Баары бир жүрөгүн уялаган максаты жанына жай бербей, акыры аталган институтту 2-курстан таштап, Фрунзеге келе берет.

Чыгармачылыгын өздүк көркөм чыгармачылык коллективинде ырдоодон баштаган Жамал Сейдакматова, акыры, 1957-жылы, Кыргыз мамлекеттик драма театрына (азыркы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры) келип кирип, артист болуп кызматка орношот. Ошондон тартып 1989-жылга чейин, башкача айтканда “Тунгуч” театрын негиздеп, бөлүнүп кеткенге чейин, дээрлик 32 жыл ушул театрдын сахнасында агарып-көгөргөн, чыгармачылык чоң-чоң ийгиликтерге жетишкен.

Аталган театрдын сахнасында Ж.Сейдакматова ондогон ролдорду ойноп, кыргыз элине таанылды. Анын лирикалык маанайдагы, ички маанилерге бай образдарды түзүүгө чебердиги дал ушул театрдын сахнасынан көрүндү.

Театрда иштей баштаган алгачкы эле мезгилден тартып жаш артистка кыргыз кинолоруна да активдүү тартыла баштайт.

Жамал СейдакматоваЖ.Сейдакматованын 60-70-жылдардын ичиндеги театр өнөрүндөгү чыгармачылык ийгиликтеринин бири Англиялык улуу драматург У.Шекспирдин “Азоого чалма” комедиясындагы Катаринанын образы деп айтылып жүрөт. Ырастан эле бул образ дегеле Ж.Сейдакматованын жалпы чыгармачылыгындагы эң орчундуу жетишкендик болуп саналат.

Бир чети сахналаш өнөгү, бир чети ошол кездеги жубайы, таланттуу театр артисти, маркум Болот Шалтаев экөөнүн “Азоого чалмадагы” чыгармачылык дуэти (жубайы Петруччону аткарган), ушул кезге чейин кыргыз театрынын тарыхындагы нукура чыгармачылык өнөктөштүктүн, нукура чыгармачыл атаандаштыктын эң жогорку, эң бийик, эң мыкты үлгүсү болуп эсептелет.

Театр менен сахнада Ж.Сейдакматова көбүн эсе лирикалык, драмалык маанайдагы образдарды жаратуунун чебери катары мүнөздөлүп жүрөт. Бирок, ошол эле аталган “Азоого чалмадагы” Катаринанын, андан соң “Үйлөнүү” спектаклиндеги Агафья Тихоновнанын образдары актрисанын комедиялык мүнөздөгү ролдордун да андан ашкан устасы экенин айгинелейт.

Кыскасы, Ж.Сейдакматова көп кырдуу талант.

Обончу Э.Мукамбетовдун “Сайрагүл”, “Айдайлы жашоо кемесин” сыяктуу ж.б. ырларын ырдап чыгып, Ж.Сейдакматова убагында өз замандаштарына таланттуу ырчы катары да таанылган.

Кырдармтеатрдын сахнасында жетишкен ийгиликтери үчүн Ж.Сейдакматова 1970-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1977-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти ардак наамдарын алат.

Ал эми “Манастын уулу Семетей” драмасындагы Каныкейдин образы үчүн ал 1986-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болот.

 

Жашоонун образы – Жамал

Бирок, Ж.Сейдакматова Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасында жетишкен чыгармачылык ийгиликтерине канаатанып, бир орунду таптап туруп калган жок. Анын чыгармачылык жаңылыкка чаңкоосу, умтулуусу, 1989-жылы болочок “Тунгуч” театрынын түптөлүшүнө алып келди.

СССРдин жетекчиси М.Горбачевдун Кайра куруусунун шарапаты тийип, Ж.Сейдакматова пикирлеш артисттердин тобу менен Кырдрамдын ичинде студия ачууга аракеттенип, алгач драматург Ж.Өзүбекованын “Апамдын махабаты” драмасын ишке ашырат. Андан соң ушул эле багытта К.Акматов менен Ж.Кулмамбетовдун “Мунабия” драмасын режиссер А.Сарлыкбековго койдурат.

Театрдын ичинде дагы бир театрдын түзүлүшү ал кездеги Кырдрамдын жетекчилиги үчүн өтө өөн көрүнүш эле. Ж.Сейдакматова менен анын пикирлештери ачык эле кодулана башташат. Андан ары Кырдарамдын ирегесинде калууга мүмкүн болбой калган, ошондо Ж.Сейдакматова бир катар пикирлештери: М.Токтобаев, А.Өзүбеков, М.Мамбетов, Ж.Балыкбаева, Ж.Жаманбаева, Т.Абдыразаева, Э.Чалабаев, К.Бекбатыров ж.б. менен бирдикте театрды таштап, чыгып кетишет да “Тунгуч” театрын негиздейт.

1990-жылы декабрь айында Кыргызстан театр ишмерлер союзунун имаратынын залында Кыргызстандагы эң алгачкы жеке менчик театр – “Тунгуч” театрынын расмий ачылышы өтөт.

“Тунгуч” театрынын ачылышындагы репертуары төмөнкүдөй эле: К.Акматов, Ж.Кулмамбетов, “Мунабия”

Ж.Кулмамбетов, “Чынгыз хандын купуя сыры”

Ж.Өзүбекова, “Апамдын махабаты”, “Карагыз”

1992-жылы Ж.Сейдакматова, театр коллективини жыйынында «Туңгуч» театрынын көркөм жетекчиси болуп шайланат.

 

«Өмүрлүк жар…»

Жыйырма эки жашымда турмушка чыктым. Күйөөм таланттуу артист Болот Шалтаев деген адам болгон. Чыгармачыл адамдын, айрыкча аялзатынын жанында, биринчиден, күчтүү адам болуусу керек. Чынында, интрига, ушак, бут тосуулардын сазынан чыга албай калат экенсиң. Бирок уулум жети жашка чыкканда, Болотум оорудан улам каза болуп калды. Андан кийин тагдыр мени Садырбек менен кошту. Экөөбүздүн ортобузда кызым Ажар бар. Азыр жолдошум экөөбүз чогуу эмгектенип келе жатабыз. Негизи, эки күйөөм тең мени катуу кармашты. Башкалардай болуп бейчеки бастырбай, жаман чөйрөгө кошпой, талантымды аздектеп келишти. Мен ушуга ыраазымын. Болбосо менин атымды да пайдаланып, ушакка айланткысы келгендер четинен табылмак.

Сүйүү… Албетте, адамдын жүрөгүндө сүйүү ар дайым жашашы керек. Бирок ал жан дүйнөмдүн бир бурчунда гана жашай турган сезим. Элге жарыя кылуунун кажети жок.

«Менин курмандыгым…»

–Искусство курмандыкты талап кылат. Айрыкча актёрлук. Балдарыма, жолдошума арноочу мээримимдин жарымын ролдорума арнадым көрүнөт. Менин курмандыгым үй-бүлөм болду. Азыр артыма кылчайып, балдарыма, жолдошума талаптагыдай көңүл бурбаганымды, ата-энеме перзенттик эмгегимди өтөбөгөнүмдү байкап, өзүмдү күнөөлүү сезем. Мен да элдин аялдарындай болуп үйгө киши чакырып, кечинде тамак жасап, балдарымды, күйөөмдү күтүп отурсам болот эле. Бирок кесибим менден башка нерсени талап кылган. Жашоомдогу эң оор жоготуум, төрөлбөй калган балам болду. Жаштыктанбы же байкабастыктанбы, көп нерсени көңүлгө албай, ичимди таңып алып иштей берчүмүн. Ошондо бир нерсе болгонбу, ичимдеги бала өлүү түштү. Гастролдоп жүрүп да бир ысыкта, бирде суукта калып жүрүп, ден соолугум жабыркады.

Өмүр бою маянадан-маяна күтүп жашадык. Ошентсе да эч кейичү эмесмин. Актрисалык башыңды айланта турган куду баңгизаттай азгырык окшойт. Жиниңди, арманыңды, сүйүүңдү, мээримиңди, эмоцияңдын баарын сахнада төгүп бересиң. Сахнада миңдеген көздөрдүн алдында турган учурдагы ырахатты, бакытты эч нерсе менен теңештире албайм. Театрда аткарган негизги ролдору

Жамал (А. Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу»)

Алиман (Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу»)

Сейде (Ч.Айтматов, «Бетме-бет»

Шайыргүл (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт»)

Айганыш (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»)

Нази (М.Байжиев, “Төр адам”)

Катерина, (У. Шекспир, «Азоого чалма»)

Эркайым (Ш. Садыбакасов, «Ак боз ат»)

Агафья Тихонова (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»)

Шафак (М. Карим, «Ай тутулган түндө»)

Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»)

Күлсүн (М.Байжиев, “Кыз-Күйөө”)

Дездемона (У. Шекспир, «Отелло»)

Алмагүл (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»)

Эльпи (К.Мамбетакунов, “Омор Хаямдын махабаты”)

Зейнеп (Б.Жакиев, “Күттүргөн жаз да келээр”)

Каныкей (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей»)

Салыя (К. Акматов), «Ажырашуу түнү»)

Жайдар (Ч.Айтматов, Жаныбарым, Гүлсары)

Найман эне (Ч.Айтматов, “Кылым карытаар күн”)

Тангабике (Мустай Карим, “Ай тутулган түндө”)

Мунабия (К. Акматов, Ж.Кулмамбетов «Мунабия»)

Көзү ачык кемпир ( Ж.Кулмамбетов, “Чыңгыз хандын купуя сыры”)

Ханыша (С.Раев, «Ханышанын көз жашы») ж.б.

Киноролдору

Зиягүл («Алыскы тоолордо»)

Хатша («Караш-Караш окуясы»)

Жамал («Ташка баткан элестер»)

Фатима («Улан»)

Бегайым («Ак илбирстин тукуму»)

Шайыргүл («Кара кийикке жол») ж.б.

 

 

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №104




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru