Айбат » Жумушсуздукту жеңүү үчүн – «Кумтөр» менен кызматташ

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумушсуздукту жеңүү үчүн – «Кумтөр» менен кызматташ

Ярмарка вакансийӨлкөбүздөгү орчундуу көйгөйлөрдүн бири – бул жумушсуздук экендиги белгилүү. СССР ыдырап, Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгондон бери карай жумушсуздук көйгөйү чечилбей келет. Мурда иштеп келген завод-фабрикалар таланып-тонолуп, колхоз-совхоздор таркап кеткенден кийин элибиз «алаканын шак коюп, көчүгүн жерге так коюп» кайдан жумуш таап, кайсыл каражатка жашаарын билбей баштары маң болуп калган. Акыры аргасы түгөнгөн мекендештерибиз бактысын чет өлкөлөрдөн издеп суудай агылып кетти. Буга бүгүнкү күндө бейрасмий маалыматтар боюнча 1 миллион кыргыз жаранынын Россияда оокат кылып жүргөнү толук мисал боло алат. Кыргыз бийлиги Акаев доорунан тарта эле «Инвесторлорду тартабыз, өндүрүштү жандантабыз, жумушчу орундарын түзөбүз» деген кулакка жагымдуу убадаларын берип келет. Тилекке каршы аны жүзөгө ашыруу акыркы учурларда жомокко айланып баратат. Тескерисинче инвесторлордун жолун тороп, куугунтукка алуу аракеттери менен инвесторлорду кызыктыруудан да калып баратабыз. Ошентип «Өгүзүм өлбөсүн, арабам сынбасын» деген басык менен гана экономикабыз кылдырап келет. Бирок, мына ушундай жагдайда башкаларга үлгү көрсөтүп, өлкөбүздө чакан өндүрүш иштерин жандантуу аракеттерине салым кошуп жаткан «Кумтөр» компаниясы бар экендигин эске алышыбыз керек. Бул ишкана бүгүнкү күндө өзүнүн өндүрүшүнөн сырткары дагы бир нече жүздөгөн чакан ишканалардын, фермерлердин, жеке ишкерлердин стабилдүү иш жүргүзүүсүнө тирек болуп келет. Компания азыркы тапта азык-түлүк, товар жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү жасаган 600дөн ашуун жеке ишкерлер менен кызматташат. Албетте, компаниянын мындай кызматташуудагы талабы күчтүү – биринчиден, азык-түлүктөрдүн жана товарлардын сапаты жакшы болушу шарт. Ага жараша баасы да жогору болот. «Кумтөр» менен кызматташкан кандай гана чакан ишкана болбосун, ал өзүнүн бизнесинин стабилдүүгүнө терең ишене алат. Анткени кандай товар болсо да, канча санда, же канча көлөмдө сатып ала тургандыктарын компания алдын-ала контрак аркылуу бекемдеп берет. Мындай стабилдүүлүк өлкөбүздө чакан өндүрүштөрдүн жандануусуна чоң өбөлгө экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Бул бир жагы. Экинчи жагынан «Кумтөр» мындай ишмердүүлүгү менен өлкөбүздө кошумча жумуш орундарын түзүп жатканын айтып коюшубуз керек. Компанияга кызмат көрсөткөн 600дөн ашуун жеке ишкердин ар биринин карамагында орточо эсеп менен 7ден гана жумушчу бар деп эсептегенде, алтын кени өздөрүнүн өндүрүшүндө иштеген 3000дин тегерегиндеги кыргыз жарандарынан сырткары дагы 4000ден ашуун адамды жумуш менен камсыз кылып жаткан болот. Аталган компаниянын вице-президенти Лесли Лоунун айтымында алар мындан ары дагы жергиликтүү рынок менен кызматташууну күчөтүү аракеттерин көрүп келишет. Бул багытта “Кумтөр” менен кызматташууну каалаган жеке ишкерлер үчүн ар дайым эшик ачык. Болгону өздөрүнүн кандай кызмат көрсөтө ала тургандыктарын конкреттүү көргөзүп берүүлөрү керек. Алар сунуштаган азык-түлүктөр, же товарлар сапаттуу болушу шарт. Ага жараша «Кумтөр» жогорку өлчөмдөгү бааны коюп беришет. Компаниянын мындай демилгеси жеке ишкерлик менен алектенүүнү көздөгөн жарандарыбыз үчүн эң сонун шарт экендиги белгилүү. Компания өндүрүшкө дагы, анда иштеген кызматкерлерге дагы керектүү бардык товарларды сатып алат. Эгерде компаниянын аракети менен өлкөбүздө дагы жаңы чакан ишканалар ачылып иштей баштай турган болсо, демек ага жараша дагы кошумча жумушчу орундары пайда болот. Бул бүгүнкү күндүн орчундуу талабы. Ага салым кошуп жаткан компаниянын демилгесинен пайдаланып калуу өзүбүздүн гана кызыкчылыгыбызга багытталат.

Айбат гезити №104




Башка окшош макалалар:

2 комментарий

  1. ТОЧ айттылего…жумушсуз адистерге жаны мумкунчулук беребиз деп, ошондой популисттерди укпай туура кадамдарды жазашыбыз керек

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru