Айбат » Сайдулла Нышанов: “Тынчтык болот, бизге тынчтык керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Сайдулла Нышанов: “Тынчтык болот, бизге тынчтык керек”

Сайдулла НышановПарламенттин кечээги отурумунда 2015-жылдын бюджет долбоору талкууланды. Жыйын маалында ар кыл ойлор айтылды. Маселен, “ата мекенчи” Сайдулла Нышанов өкмөттүн кемчиликтерин айтуу менен бирге жалпы коомчулукту ынтымакка чакырды. Төмөндө анын сөзүн кыскартып сунуш кылабыз.

– Бүгүн биз 2015-жылдын  бюджетин талкууладык. Мен жеке пикиримде депутаттардын кээ бирлеринен эң мыкты, эң жакшы  сунуштар түштү. Мен ойлойм, ушунун баарын 2-окууга тандап, талдап, кошумчалап келесиздер. Бюджеттин чыгаша бөлүмүн ар дайым бөлгөнгө, таркатканга биз көп суроолорду беребиз, катышабыз, муну көрүп турабыз. Бирок эч качан бюджеттин киреше бөлүгүн талкуулабайбыз. Мисалы, мага чейин дагы депутаттар айтып өттү. Мен эртең менен дагы айтканмын Жоомарт Кайыпович, ошол жанагы кээ бир маселелерде биз өтө шалаакылык кылып коюп жатабыз. Бул мамлекеттин бюджети, бул тирүү организмде да. Ар дайым талап кылып турат. Эгерде биз кошумча алып келбесек, эмдиги жылы жетпей, мына кээ бирөөлөр тигил, бул деп айтып жатышат. Сүйүнүп, ушул начар болуп кетсе жакшы болот эле деп. Мен андайга кошулбайм. Начар болуп кетсе, эч кимге  жакшы болбойт. Бийлик дагы пландап жаткандарга тийбейт. Бийлик, ал кимге кудай буйруса, ошого тиет, бирок Феликс Шаршенбаевич туура айтты. Эч нерсе болбойт кудай буйруса. Элдин баары айтып жатат эле кыш катуу болот. Мына ноябрдан баштап чөп жетпей калат деп. Дагы бир 15 күн күз узарып турса, мен ойлойм кудай буйруса жакшы  кыштан чыгып кетебиз. Свет дагы болот, чөп да жетет.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №104




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru