Айбат » Атаандаш темир тулпарлар – BMW E34, Audi С4, Mercedes W124

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Атаандаш темир тулпарлар – BMW E34, Audi С4, Mercedes W124

1989-1999 жылдарында бири-бирине атаандаш келип кыргызстандын ичинде бир топ аброй топтоп, азыркы учурга чейин өз абройлорун жоготпой дагы дэле атаандаш болуп элдин кызуу алкышына ээ болуп жаткан Mercedes W124, BMW E34, Audi 100 автоунаалары болуп саналат эмеспи.  Айталы дегенибиз  ал убакта үч уктаса түшүбүзгө кирбеген,  коомдо өз ордуларын бербей келатышкан, темир тулпарлар кайсы жылы чыккан, канча май корото турганы жөнүндө сиздерди кызыктырып өтөлү…

 

BMW-E34BMW E34 (БМВ E34)

1988-жылдан баштап чыга баштаган BMW E34 өз учурунда дүйнө жүзүндө жашап жаткан адамдардын кызыгуусун артырып, бир топ баркка да ээ болмоктурсун кино жаатында банда, бандиттердин машинасынын кызматын аткарып да келген. Ал эми  Кыргызстандагы жаштар арасында өзгөчө кадыр баркка ээ болгон жана болуп келе жатат.

Чыгарган өлкө – Германия

Чыгарылган жылы – 1989-1995 жж

Кыймылдаткычтын көлөмү – 2.0 жана 4.0

Кузов түрү – седан

Узундугу –  4720 мм

Туурасы – 1750 мм

Бийиктиги – 1410 мм

Эшиктеринин саны – 4

Орундарынын саны – 5bmw_e34_7

Массасы – 1350 кг

Багажынын көлөмү – 460 л

Бензин багынын көлөмү – 80 л

Дөңгөлөк өлчөмү – 195/65HR15

Күйүүчү майдын сарпталышы 100 км (механика):

Шаар ичи – 12л

Трассада – 8.1

Баалары – 3500-7000 миң доллар

  

OLYMPUS DIGITAL CAMERAAudi С4 (Ауди С4)

Бул үлгүдөгү  машинаны кимдер гана билбейт, өзгөчө айыл жергесинде жашагандардын туу туткан машинасы болуп саналып келе жатат. “Бул машина Кыргызстандын жолу үчүн чыгарылган” деп эл арасында тамашалуу сөз бар эмеспи… Бирок, чындыгында бул өңүттөгү темир тулпар биздин жол жана тоолорубузга чыдамдуу келет. Азыркы күнгө чейин өз баркын түшүрбөй өзгөчө айыл жергесинде көп айдалган машина болуп эсептелинет.

Чыгарган өлкө – Германия

Чыгарылган жылы – 1991-1994 жж

Кыймылдаткычтын көлөмү – 2.0 жана 4.0

Кузов түрү – седан

Узундугу –  4790 мм

Туурасы – 1780 мм

Бийиктиги – 1430 мм

Эшиктеринин саны – 4

Орундарынын саны – 5au

Массасы – 1297 кг

Багажынын көлөмү – 510 л

Бензин багынын көлөмү – 80 л

Дөңгөлөк өлчөмү – 195/65HR15

Күйүүчү майдын сарпталышы 100 км (механика):

Шаар ичи – 11л

Трассада – 8.8л

Баалары – 2000-5000 миң доллар

Mers W124Mercedes W124  (Мерседес W124)

Бул үлгүдөгү машина алгач  1984-жылдын 5 ноябрында Севильенин авто салондорунун биринде сатыка чыга баштаган. Бизге 1995-жылдан кийин атка минерлерибиз айдап канча адамдарды тамшандырганы эсиңиздерде болушу керек. Мына ошол жылдан бери  өз кызматын аткарып жана дагы деле болсо элдин бүйүрүн кызытып келе жатат.

Чыгарган өлкө – Германия

Чыгарылган жылы – 1984-1995 жж

Кыймылдаткычтын көлөмү – 2.0 жана 2.6

Кузов түрү – седан

Узундугу — 474.0 (476.0)

Туурасы — 174.0 (174.0)

Бийиктиги — 144.0 (149.0)

Эшиктеринин саны – 4

Орундарынын саны – 5Mercedes_w124_e420_red_2

Массасы – 1260 (1410)кг

Багажынын көлөмү – 520 л

Бензин багынын көлөмү – 70 л

Күйүүчү майдын сарпталышы 100 км:

Шаар ичи – 11.6 (12.8) л

Тарассада – 8.6 (8.8)л

Дөңгөлөк өлчөмү – 195/65 R15

Баалары – 4500-6500 миң доллар

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №104



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru