Айбат » Жээнбековдор тараткан бала бакчаларды азыркы бийлик кайра алды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жээнбековдор тараткан бала бакчаларды азыркы бийлик кайра алды

Жээнбеков РавшанБашбакандын орунбасары Элвира Сариева Чүй облусундагы бала бакчалардын бирине жасаган сапарында кызык фактыны жар салды. Анын айтымында, убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 50 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылыптыр. «Башкы прокуратура бул бала бакчалардын мыйзамсыз менчиктештирилишине укуктук баа берип жатат. Кайтарылган имараттарды тезинен оңдоп-түзөп, пайдаланууга берүү өкмөттүн милдети» деди Э.Сариева.

Расмий статистикага таянсак, учурда 700гө жакын бала бакча жетишпейт. Ал эми апрель окуясынан кийин келген бийлик ит бекер менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды, ишканаларды мамлекетке кайтарып алууга киришти. Өз мезгилинде текейден арзан сатылып же жеке колго өтүп кеткен имараттардын көпчүлүк бөлүгү учурдагы оппозиция лидери Равшан Жээнбеков мамлекеттик мүлк фондун башкарган мезгилге (2001-2004 -жылдар) туш келет. Минтип жаш жеткинчектердин ырыскысына кол салган адамдын эми минтип мамлекет, эл үчүн күйүмүш эткени адамдын кыжырын гана кайнатат экен.

 Айбат гезити №105



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru