Айбат » Бакиевчилерди колдоп, жаштарды бийликти басып алууга чакырган Чолпон Жакупова

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бакиевчилерди колдоп, жаштарды бийликти басып алууга чакырган Чолпон Жакупова

Чолпон Жакупова“Адилет” укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова акыркы 3-4 жылдын ичинде кыргыз элине, Кыргызстанга каршы иштеп аткан адамдын образында жүргөнүн балким өзү түшүнбөстүр. Балким ал акыркы жылдардагы жасап аткан аракеттери менен өзүн чындыкты көзгө сайып көрсөтүп аткан патриот адамдай сезип аткан болушу да мүмкүн. Тилекке каршы андай эмес. Анын ар бир жасаган кадамы кыргыз элине, Кыргызстанга каршы жасалып атканын жалпы коомчулук эң сонун көрүп турат.

Апрель революциясынан кийин ал колунда куралы жок тынчтык митингине чыккан элге каршы ок аткан канкор Курманбек Бакиевдин “жан-жөкөрлөрүнө” адвокаттык кылып жүрдү. Бир нече жылга созулган бул сот процесси жүрүп аткан убактарда Чолпон айым маал-маалы менен басма-сөз беттерине маек куруп, элге ок аткан адамдарды актоо менен алек болду. Ошондой маектеринин биринде ал: “Тынчтык митингине чыгышкан дегендерге каршы ок аткан деп “Альфа” жана Мамлекеттик күзөт кызматынын спецназдарына айып тагып аткандары мага азыркыга чейин түшүнүксүз. Алардын ок чыгаргандары өзүнчө пункт. Бирок “тынчтык митинг” деген формулировка мага түшүнүксүз” деген эле. Муну менен ал 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыгын билдирүү үчүн колунда куралы жок чыккан элди күнөөлөгүсү келет. Ал эми аларга каршы ок аткандарды “өзүнчө пункт” деген шылтоо менен айыптан сырткары калтыргысы келгенин байкасак болот. Ошол эле маегинде Азимбек Бекназаровдун кайсы бир жерде сүйлөгөн сөзүн мисалга тартып, “булар бийликти басып алууну көздөшкөн” дегендей оюн кыйытат Чолпон айым.

Эми 2012-жылдын 3-октябрында Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдун “тынчтык митинги” тууралуу айтканына көңүл буралы. Мында Ташиевдин Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөнү туура эмес болуп калган деп үстүртөн гана жайпап өтүү менен, аларга карата тагылган 295-беренени туура эмес коюлду деп билдирет. “Алардын аракетинде бийликти басып алуу болгон эмес” дейт эжекебиз. Эми салыштырып көрөлү. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяга кандай баа берип атат дагы, 2012-жылдын 3-октябрындагы окуяга кандай баа берип атат? 3-октябрда Камчыбек Ташиевдин бийликти басып алууга ачык эле чакырык таштаганын эмнеге 2010-жылдагы Бекназаровдун сөзү мисал келтиргендей мисалга тартпайт? Мына ушундан эле Жакупованын көздөгөнү бирөө гана экени байкалат. Ал – учурдагы бийликти кандай жол менен болсо дагы сынга алып, жамандап туруу, жалган жалаа жабуу.

Дагы бир кызык жагдайды айтып коюшубуз керек. Мындан бир-эки ай мурун борбор шаарыбыздагы маалымат борборлорунун биринде “Жаңы муун” деп аталган кыймылдын мүчөлөрү тегерек стол өткөрүшкөн. Ага жалаң оппозициялык маанайдагы саясатчылар, депутаттар, коомдук ишмерлер тартылган болчу. Алардын катарында Чолпон Жакупова да бар. Жыйында “жаңы муунчулар” өздөрүнүн эл аралап келгендерин, анан алардын эл менен жолугушуусуна укук коргоо кызматкерлери жолтоолуктарды жаратканын ашыгы менен арман кылып айтып беришкен. Мына ошондо Чолпон Жакупова: “Силер жашсыңар, өзүңөрдүн аракетиңерди баштадыңар. Эми токтобошуңар керек. Айтып кое турган нерсе, бийликти шайлоо менен алам десеңер жаңыласыңар” деп билдиргенин бүткүл эл уккан. Кызык, муну менен ал эмне айткысы келди эле? Жаштарды бийликти күч менен басып алууга чакырганыбы? Шайлоо жолу менен бийликке келүүгө неге болбосун? Же ал азыркы оппозициянын, оппозициянын долбоору болгон “жаңы муунчулардын” эл арасында кадыры жок экендигин билип айттыбы? Же азыркы бийликти күч менен кулатуу үчүн жаштарга акыл-насаат айтуунун ордуна көкүтүп жатабы? Айтор эжекебиздин акыркы жасап аткан аракеттери табышмак. Кыргызстанда стабилдүүлүктүн жок болушун, ар дайым ызы-чуу, башаламандык коштолуп турушун каалаган Жакупованы балким элибиз өзү ордуна коёр. Бирок, анын бузукулук иштерине акыры чара көрүш керек го. Болбосо мындай тымызын тукуруулар Кыргызстанды дагы бир жолу чайпалтып койсо натыйжасы жакшы болбойт.

Чолпон айым дайыма эмки жылдагы парламенттик шайлоодо бийлик күч колдонушу ыктымалдыгын, кырдаал татаалдашып кетиши мүмкүндүгүн айтып, элдин үрөйүн учуруп келет. Ошого жараша факты келтирдиби? Жок. Курулай сөз, жалган жалаа, имиш, имиш жана имиш. Балким ал мына ушундай пикири менен оппозициянын планынын четин чыгарып жаткан болбосун? Балким оппозицияда эгер парламенттик шайлоодо жеңилүү ызасын тартса кырдаалды курчутуу планы түзүлүп жүрбөсүн? Муну алдын ала Ч.Жакупованын оозу менен айттырып жатышкандыр?

Айбат гезити №105



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru