Айбат » Бакиевчилдерге адвокат болуп жүргөн Чолпон Жакупова Кыргызстанды бүлүнтүү максатындабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бакиевчилдерге адвокат болуп жүргөн Чолпон Жакупова Кыргызстанды бүлүнтүү максатындабы?

Курманбек БакиевЧолпон Жакупова аттуу кыргыз элине аздыр-көптүр аты таанылып калган эжекебиз бар. Бул эжекебиздин 2010-жылдын 7-апрелине чейинки ишмердүүлүгү бир башка дагы, андан беркиси бир башка болуп келет. Тактап айтканда Чолпон айым 2010-жылдын 7-апрель революциясынан кийин өз элинин канын суудай агызып, окко учкан баатырларыбыздын тууган-туушкандарынын, энелеринин, балдарынын көкүрөгүнө муң, көзүнөн жаш агызып кеткен канкор Бакиевдердин адвокатына айланып калды. Басса-турса учурдагы бийликти шыбап, Кыргызстанда калган Бакиевдин эски кадрларын колдоого алып келет. Эске сала кетсек Жакупова 7-апрель окуясы боюнча сот процессинде соттолуучулардын адвокаты да болуп жүрдү. Оппозициялык маанайдагы басылмалардын беттеринен түшпөй, элге ок чыгарган канкорлорду күнөөсүз деп атап, ал эми тынчтык митингине чыккан элдин кадамын мыйзамсыз болгон дегендей маанайды билдирүү менен алек болду. Маселен, кыргыз тилдүү басылмалардын бирине курган маегинде «Мен «Альфа» жана Мамлекеттик күзөт кызматынын спецназдарын элге ок чыгарды деп күнөөлөп аткандарына түшүнө албай атам. Ок чыгаргандыгы бул өзүнчө пункт. Мага ошол «тынчтык митинги» деген формулировканын өзү түшүнүксүз. Мен ошол убакта тынчтык митингин өткөрүүгө Бишкек мэриясынын уруксаты болгон-болбогондугун тактасам, андай уруксат болгон эмес экен» дейт Чолпон айым. Биринчиден, ал күнү курултай өткөрүлмөк. Бирок, Бакиевдин бийлиги андан бир күн мурун оппозиция лидерлеринин бардыгын түн ката камап койгондугуна нааразы болгон эл аларды бошотуу талабы, деги эле өлкөдөгү адилетсиздикти бийликке жеткирүү үчүн максаты менен Ак үйдүн алдына куралы жок эле тынчтык митингине чыгышкан болчу. Же Чолпон айымдын ою боюнча уруксаты жок тынчтык митинги болсо эле, элге ок чыгара берсе болот беле? Экинчиден, анын мындай пикири 7-апрель баатырларынын жакындарына, тууган-туушкандарына, деги эле Бакиев бийлигинен жапа чеккен калың элге кандай оор тийип атканын билет болду бекен? Тилекке каршы аны билсе да, түшүнгүсү келбейт окшойт. Тескерисинче бүгүнкү бийликти сынга алып, Бакиевдин бийлигин мактоо менен алек. Дагы бир кыргыз тилдүү эркин басылмага «Бакиевдин убагында да мыйзам мынчалык бузулган эмес» деп канкор бийликти жактап сүйлөйт. Эгерде салмактуу коомдук ишмер болгондо Бакиевдин убагында буйрутма адам өлтүрүүлөрдү, саясый куугунтуктарды, рейдерлик басып алууларды, үй-бүлөлүк башкарууну туура салмактап, бүгүнкү күндөгү парламенттик башкарууну, үй-бүлөлүк башкаруунун жоктугун, саясый куугунтук деген түшүнүк артта калгандыгын айырмалап айтып берет эле. Тескерисинче ал бүгүнкү бийликти күч менен кулатууга жаштарды үгүттөп жүргөнүнө жол болсун дейли. Бул сөзүбүз кургак болбосун үчүн факты менен сүйлөйлү. Мындан 1-2 ай мурун «Вечерний Бишкек» гезитинин пресс-борборунда Равшан Жээнбековдун долбоору болгон «Жаңы муун» кыймылынын мүчөлөрү уюштурган тегерек стол болуп өткөн. Мына ошол жыйында арыз-арманын айткан «жаңы муунчуларды» колдоого алган Жакупова «Силер бийликке шайлоо жолу менен келем десеңер жаңыласыңар» деген кыйытма билдирүүсүн айткан. Муну менен ал «Бийликти басып эле албасаңар, шайлоодон баары бир жеңилесиңер, андан көрө басып алгыла» деген чакырыкты кагазга ороп таштаганын түшүнсөк болот. Мамлекеттин бүтүндүгүн, элибиздин тынчтыгын бузган мындай чакырыктарды таштап жүргөн Чолпон Жакупова өзү да – Эне. Бирок Эне эч качан элди башаламандыкка чакырчу эмес эле. Кыязы Чолпон айым мындай аракеттери үчүн кайсы бир каражат булагынан аз эмес көлөмдө акча алып жаткандай сыңары…

Дамир ЭСенгулов

Айбат гезити №105



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru