Айбат » 1-январдан тартып Кыргызстанда баалар ылдыйлай башташы ыктымал

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » 1-январдан тартып Кыргызстанда баалар ылдыйлай башташы ыктымал

DownРоссиялык эксперттер мындай оптимисттик болжолду эмнеге таянып айтып жатканын түшүндүрүшүүдө.

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепневдин ММКдан билдиришинче, Бажы биримдиги (ББ) түзүлгөндөн берки үч жыл аралыгында ага мүчө мамлекеттердин ортосундагы товар жүгүртүү 40га өскөн. Буга улай эксперт Кыргызстандын ББга кошулушу менен россиялык, белоруссиялык жана казакстандык товарларга болгон баа төмөндөөрүн божомолдойт.

– Биз учурда өлкөнүн аталган биримдикке кириши үчүн минималдуу тобокелчилик жана максималдуу пайда табышы үчүн механизмдердин үстүндө иштеп жатабыз, – деп белгиледи Андрей Слепнев. – Товарларга баалардын түшүшү ташуучулардын чыгымын азайтып, административдик тоскоолдуктарды жок кылышы ыктымал.

Деген менен, баалардын өсүшү да ыктымал, бул ББдан сырткары чет элдик валюталардын курсуна байланыштуу. Ал эми эксперттин пикиринде, Россия менен Казакстан финансылык колдоо көрсөтүүнү убада кылгандыктан, Кыргызстанда жаңы жумушчу орундары пайда болот.

– Бизде чындап эле жаңы багыттар өнүгөт, – деп бекемдеди экономика министринин кеңешчиси Кубат Өмүрзаков «Вести.kgге» берген комментарийинде. – Бизде кайра иштетүүчү өнөр жайы өнүккөн эмес. Азырынча бизде приоритеттүү багыт катары жеңил өнөр жайы эсептелет. Бул тармакта 25 миң адам эмгектенет. Тигүүчүлөр негизинен реэкспорт менен алектенет, ал эми Бажы биримдигине кошулуу менен алардын көпчүлүгү жумушсуз калышы ыктымал. Мына ушундан улам биз тармактын өнүгүү стратегиясын карап атабыз. Россиядан бөлүнгөн каражатка технополис, өнөр жай шаарчалары курулат. Анын негизинде тармак жаңы өнүгүүгө багыт алат.

Баалардын ылдыйлашына байланыштуу билдирүүгө токтолгон эксперт россиялык кесиптешинин пикирин колдоп, ал объективдүү себептерге байланыштуу экенин билдирди.

– Баалар ар кыл факторлордун таасиринен улам жөндөлөт. Бул биздеги, Кыргызстандагы өздүк наркынын төмөндүгү жана тескерисинче россиялыктардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу, – деп кебин жыйынтыктады Кубат Өмүрзаков.

Булак: Vesti.kg

Айбат гезити №105




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru