Айбат » Бажы биримдиги Кыргызстанды экономикалык жана аскердик жактан күчтүү мамлекет болушуна шарт түзөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Бажы биримдиги Кыргызстанды экономикалык жана аскердик жактан күчтүү мамлекет болушуна шарт түзөт

Бажы«Жапайы капитализм», «көмүскө рынок» өңдүү көрүнүштөрдөн арылып, кыргыз ишкерлери акыры легалдуу бизнес менен алек болушу керек эле. Эгерде көмүскө рынок, контрабандалык жол менен товар ташуу аракеттери менен экономикабызды көтөрөбүз десек, ал үчүн 20 жылдык убакыт толук жетиштүү болчу. Тилекке каршы андай жол менен эч качан экономикабыз өнүгө албастыгы айкын болду. Кыргызстандын ички өндүрүшү алгалабай, ишкерлердин басымдуу бөлүгү жалаң алып сатарлык менен гана шугулданып калышты. Ал эми өлкө экономикасы көтөрүлүшү үчүн биринчи кезекте ички өндүрүштүн жанданышы маанилүү экендиги белгилүү. Мына ошондон улам дагы учурда Бажы биримдигине (ББ) кирүү Кыргызстан үчүн эң олуттуу маселе болуп турат. Албетте, өлкөбүздүн мындай кескин бурулуш жасоого жасаган кадамы айрым бир саясый күчтөрдү ойлонтпой койгон жок. Өзгөчө Батыш өлкөлөрүнүн камчысын катыра чапкан жергиликтүү саясатчыларыбыз Бажы биримдиги тууралуу ар кандай тескери пикирлерди, анализдерди жайылтуу менен алек. Муну сөз эркиндиги деп эсептеп, андай пикирлердин ар бирине жооп издеп отурбайлы. Бүгүнкү биз кеп кыла турган сөздүн учугу Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстандын таба турган пайдасы жана утуштары туурасында болсун.

Биринчи кезекте өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө өзгөчө орду бар – айыл-чарбасы жана мал чарбачылыгы тууралуу сөз кылалы. СССРдин убагында да Кыргызстанды мал чарбачылыгын өнүктүрүүчү республика катары таанышкан. Кыргызстандан өндүрүлгөн эт-сүт азыктары Советтер союзунун курамындагы республикалардын бардыгына бирдей жеткизилип турган десек да аша чапкандык болбосо керек. Бирок өз алдынча мамлекет болгонубуздан бери бул тармакка мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулбай калган. Натыйжада малдын (уй, жылкы, кой-эчки) ден-соолугун текшерген ветеринардык кызматтын натыйжалуу иштебегендиги, ар ким өз короосундагы малды өзү каалагандай дарылоосу күч алды. Мунун бардыгы албетте эт-сүт азыктарынын сапатына кескин таасир берет. Мамлекеттик деңгээлдеги көзөмөлдүн жоктугунан улам бизден өндүрүлгөн бул азыктарды коңшулаш мамлекеттер дагы сатып алуудан кооптонот. Андыктан азыркы тапта мал чарбачылыгы ички рыноктун эсебинен гана жашап келет десек болот. Эгерде биз Бажы биримдигине кирип калсак, эт-сүт азыктарынын сапатын текшерүүчү атайын лабороториялык борборлор ачыла тургандыгы айтылууда. Бул албетте мал чарбачылыгын өнүгүшүнө олуттуу жардам берет. Эт-сүт азыктары ички рынокто гана сатылбастан, ББ) курамына кирген өлкөлөргө экспорттолот. Мындай экспорттоолорго бүгүнкү күндө Кыргызстандын потенциалы жетиштүү. Тактап айтканда малдын саны Советтер союзунун курамында тургандагы кезден да алдаканча көптүк кылат. Болгону аны экспорттоо үчүн атайын шарт керек. Ал шартты бизге ББ түзүп бермекчи. Айыл-чарбасы жаатына келсек, Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялар табигый таза азыктар экендиги белгилүү. Бирок, аны биз чет мамлекеттерге ырастап бере албай келе жатканыбыз жашыруун эмес. ББ курамына кирсек, бул тармактын өндүрүшү да алгалайт. Маселен, Кыргызстанда айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар курулары айтылууда. Андан даярдалган продукция ББ курамындагы өлкөлөргө экспорттолот. Демек, өндүрүштүн көлөмү алдаганча жогорулайт дегенди түшүндүрөт. Анын негизинде кошумча жумушчу орундары түзүлөт. Ошол эле убакта кыргыз дыйкандары өндүргөн төө буурчак, пахта, күрүч, тамеки, мөмө-жемиштери Кыргызстандын аймагынан сырткары жактарда кеңири сатыла баштайт. Бажы төлөмдөрүн төлөө деген түшүнүк жоголот. Демек, дыйкандардын маңдай тери азыноолак акча менен гана эмес, жетишээрлик деңгээлде акталат. Айыл-чарба азыктарына болгон суроо-талап жогорулайт. Анын негизинде бош жаткан айдоо жерлери да ишке кире баштайт.

Учурда Кыргызстанда жеңил өнөр-жайы иштеп атканын билебиз. Кыргызстандан тигилген кийим-кече Россиянын, Казакстандын рыногуна контрабандалык жол менен ташылып атканын да жашыруу кыйын. Себеби, бизден өндүрүлгөн жеңил өнөр-жай товарларынын 90 пайызы мына ушул эки өлкөгө сатылат. Мындан ишкерлер пайда таап атканы менен ар кандай тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга көп кабылышат. ББ курамына кирип калсак, мына ошол тоскоолдуктар жоюлат. Тескерисинче ишкерлерге кеңири жол ачылып, контрабандалык жол менен талышып келген товарлар легалдаштырылып, андан экономикабызга олуттуу киреше түшө баштайт. Баса, Кыргызстанда өндүрүлгөн жеңил өнөр-жай товарлары эмне себептен өзүбүздө көбүрөөк сатылбайт. Себеби, Кытай, Түркия, Индия, Корея өңдүү мамлекеттерден алынып келинген товарлар үстөмдүк кылып ички рынокту ээлеп алышкан. Өзүбүздөн өндүрүлгөн товарларды биз алардын алдында сапатсыз товар катары баалап алган адатыбыз бар. Ачыгын айтканда андай эмес. Болгону чет элдин кийимин кийүү бизде престиж катары эсептелет. Бул бир жагы. Экинчи жагынан бааларында анчалык айырма жок. ББ курамына киргенден кийин мына ушул өлкөлөрдөн ташылып келип аткан товарларга карата бажы төлөмүнүн көлөмү көбөйөт. Бул жергиликтүү товарлардын ички рыноктогу ордун кеңейтүүгө жардам берет.

Кыргызстандагы дагы бир башкы көйгөйлүү маселелердин бири – бул чек ара маселеси экендиги талашсыз. Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери делимитация, демаркация иштери аяктабай, коңшулаш мамлекеттер менен чектеш аймактарда ар кандай конфликттердин жаралашына себепкер болуп келет. Бажы биримдиги мына ушул көйгөйдү да чечип берүүгө даяр. Себеби Кыргызстандын чек ара аймактары ББнын сырткы чек арасы болуп саналат. Анын курамындагы өлкөлөрдүн жардамы менен делимитация, демаркация иштери эртерээк чечилиши мүмкүн. Бажы жана чек ара постторунун инфраструктурасы жакшыртылат. Чек ара аймактарында патрульдардын саны көбөйтүлүп, аларды транспорт жана башка муктаждыктар менен камсыз кылуу, учкучу жок аппараттарды пайдалануу башталат. Мунун өзү чек арага жакын аймактарда жашаган мекендештерибиздин коопсуздугун бекемдейт. Мындан сырткары өлкөбүзгө башка өлкөлөр тарабынан болуп калышы ыктымал болгон ар кандай коопсуздуктардан сактайт. . Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскердик кызматташуунун бардык аспектилерин жөнгө  салуучу бекем мыйзам базасы биримдиктин алкагында андан ары дагы эки тараптуу аскердик кызматташуунун өнүгүшүнө алып келет. Кыргызстанда жайгашкан Россиянын аскердик базалары Кыргызстандын стабилдүүлүгүнө коркунуч келтире турган ар кандай аракеттерден, анын ичинде террористтик коопсуздуктардан сактанууга көмөктөшөт. Айтор, Бажы биримдиги бул Кыргызстандын экономикалык жана аскердик жактан күчтүү мамлекет болушуна бардык шарттарды түзөт. Демек, биз жыйырма жылдан ашуун убакыт эт менен челдин ортосунда жүргөн абалыбыздан кескин бурулуш жасоочу мезгил келип жетти. Аны бизге ББ курамындагы өлкөлөр өздөрү сунуштап жатышат. Андыктан «Чакырганда барбаган, ымдаганга зар болот» болуп калбаш үчүн мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып калуубуз кажет.

Айбат гезити №105




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru