Айбат » Айыл-чарбабыз жандансын десек Бажы биримдигине кирүү зарыл

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Айыл-чарбабыз жандансын десек Бажы биримдигине кирүү зарыл

Бажы

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү кадамы ар түркүн пикирлерди жаратты. Дасыккан экономисттер, эл аралык деңгээлдеги салмактуу эксперттер Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү бүгүнкү күндүн талабы болуп жаткандыгын баса белгилешсе, айрымдары тескерисинче “Баалар асмандын башын чапчыйт, аябай кыйналып калабыз” деген билдирүүлөрү менен элдин эсин эки кылышууда. Туура, бул биримдикке киргенде утурумдук кыйынчылыктар боло тургандыгын бийлик өкүлдөрү деле жашырган жок. Бирок, утурумдук кыйынчылыктын артында экономикабыздын стабилдүү өнүгүшү, ички өндүрүштүн жанданышы, жумушчу орундарынын камсыз болушу өңдүү жана башка бир топ ийгиликтер боло тургандыгын эстен чыгарбашыбыз керек. Элибизге толук түшүнүктүү болушу үчүн жөнөкөй эле тил менен Бажы биримдигине кирүүдөгү артыкчылыктардын айрымдары тууралуу кыскача айтып өтөлү. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери карай эле өзүн-өзү буудай менен толук камсыздай албай келе жаткандыгы белгилүү. Ал эми буудай азыктары бул – адам баласынын күнүмдүк тиричилигиндеги эң башкы азыгы болуп эсептелет. Өзүбүздөн өндүрүлгөн буудайдан сырткары биз жыл сайын Россия менен Казакстандан ун сатып алабыз. Башынан эң негизги стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Россия бизге келген унга болгон бажы төлөмү алып салганы белгилүү. Мына ошондон улам дагы бизде ундун баасы арзан болуп келет. Бирок, биз Бажы биримдигинин курамында болбосок Россия ар дайым эле бажы төлөмүн киргизбей коеруна эч кандай кепилдик жок. Эгерде бул курамга кире турган болсок, демек мындан ары дагы бажы төлөмдөрү деген түшүнүктөн алыс болобуз. Ундун баасы стабилдүү кармалат. Бул элибиздин эң негизги азык болуп эсептелген ундун баасынын көтөрүлүп кетүүсүнөн чоочулап туруусун жоготот дегенди түшүндүрөт. Дагы бир башкы көңүл кубанта турган жагдай – бул эксперттер айтып аткан Бажы биримдигинин курамындагы өлкөлөрдүн ишкерлери биздин өлкөгө инвестиция салып, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды кураарында болууда. Эгерде бул маселе жүзөгө ашып калса, биз биринчи кезекте айыл чарбабызды жандандырабыз. Экинчиден, жумушчу орундары түзүлөт. үчүнчүдөн, айыл чарбабызды жаңы технологиялар менен жабдып, анын негизинде айыл чарба продукцияларынын сапатын жогорулатабыз. Демек, сапат жакшырган соң, ага карата керектөөчүлөрдүн саны да көбөйөт. Бул экспорттун көлөмүнүн көбөйүшүнө алып келет. Экспорттун көлөмү көбөйсө, экономикабыз алдыга жылат. Жайды жайлата маңдай терин төккөн дыйкандарыбыз да Бажы биримдигине кирсек, өз эмгектеринин акыбетин толук көрө алышат. Себеби Бажы биримдиги мөмө-жемиш, пахта, төө буурчак, күрүч жана тамеки өңдүү кыргыз дыйкандары өндүргөн продукцияларды сыртка экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк ачат. Ошол эле убакта алардын баасы азыркыдан алдаканча жогору болот. Бул Бажы биримдигине киргендеги жетише ала турган ийгиликтерибиздин саналуусу гана. Калгандары тууралуу өзүнчө сөз кылсак болот.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №105




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru