Айбат » Дооронбек Садырбаев – коомдук ишмер, кинорежиссер

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Дооронбек Садырбаев – коомдук ишмер, кинорежиссер

Дооронбек Садырбаев«Дооронбек Садырбаев дегенде биздин көз алдыбызга, биздин ой-туюмубузга өлкөбүздүн саясий жана маданий өнүгүүсүнүн өзүнчө бир доору келет. Бул улуу инсандын кыргыз кинематографиясынын, теле көрсөтүүсүнүн өнүгүүсүнө өзгөчө из калтырган көркөм-эстетикалык жагынан өтө терең кино тасмаларын айтпаганда да, эч нерседен тартынбай, улут үчүн, анын эркиндиги үчүн кара жанын берүүгө да даяр тургандыгы, үлгү болчу жүрүм-туруму менен гана эмес, ошондой эле өзүмчүл бийликтин үстөмдүгүнө баш ийбей өзүнүн жарандык позициясын бекем тутканы, ошонусу менен саясатчылардан баштап улуттук интеллигенцияга таалим-сабак болгонун айтуу бүгүн өзгөчө маанилүү. Анткени кандай гана улут болбосун коомдук өнүгүүнүн бардык баскычтарында дал мына ушундай улуу инсандарга муктаж болуп келген жана мына ушундай инсандарды жаратып турган»-төрага Асылбек Жээнбековдун сөзү.

Садырбаев, Дооронбек (13-февраль, 1939-жыл, Апыртан – 28-май, 2008-жыл, Бишкек ш.) – кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу жана коомдук ишмери. Өлгөндөн кийин ага Кыргыз Эл Баатыры наамы (2008) ыйгарылган.

 

Өмүрүнүн кыскача таржымалы

Дооронбек Садырбаев Кыргызстандын түштүгүндө, азыркы Жалал-Абат облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы “Бирлик” колхозунда)1939-жылы 13-февралда туулган. Аны урматтап “Доке” деп кайрылышаар эле. Анын классташтарынын бири кыргыздын коомдук ишмерлеринин бири Абдуразак Султанов болгонун Доке өзү эскергени бар.

Атасы “Бирлик” колхозунун төрагасы болгон. Ал он төрткө чыкканда атасы 45 жашында оорудан каза болгон. Ошол айылда 7-класска чейин окуган. 7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1 орто мектебине кирген. Ал жерде ынтымактуу окушкан, себеби: ар улуттун өкүлдөрү окуган. Мектеп жашында ал жакшы окуган жана орус жана өзбек тилдерин да жакшы өздөштүргөн. Ошентип 1957-жылы орто мектепти аяктаган. Кийин Бишкектеги (ал кездеги Фрунзе шаары) Медициналык институтка окууга тапшырган. Академик Иса Ахунбаев сыяктуу илимпоздордун дарсын уккан.

1958-жылы Москвадагы Кыргызстандын маданиятынын он күндүгүнө (декадасына) студенттик хордун өкүлү катары катышкан. Болочокку жубайы Сонунбүбү Көлбаева менен да мединститутта окуп жүрүп таанышкан. Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган.

 

Эмгек жолу

Студент кезинен эле режиссердук жана кино өнөрү менен “ооруп” калган. 4-курстан мединститутту таштап, жаңы ачылган Кыргыз сыналгысына режиссердук ишке орношкон. Муратбек Рыскулов, Жамал Сейдакматова, Бакен Кыдыкеева сыяктуу устаттар менен чогуу көптөгөн көркөм тасмаларды кыргызчага которууга катышкан, диктор катары тексттерди окуган.

Дубляжда (тасмаларды которууда) Вячеслав Тихонов, Кирилл Лавров сыяктуу орусиялык “лөктөрдүн” үнүнүн котормосун Доке окуп жүрчү экен. Анын эскергенине караганда, бул иш ага дурус маяна табууга мүмкүндүк берип, чыгармачыл эркиндик алууга өбөлгө түзгөн.

Ал режиссердук кылган даңазалуу “Махабат дастаны” тасмасы 1983-жылы тартылган жана кыргыз көрөрмандарынын жылуу баасына арзыган.

Бул тасма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” романындагы бир окуяга негизделип тартылган.

Ал өз замандаштары Төлөмүш Океев жана Болот Шамшиевдин кыргыз кино өнөрүндөгү улуу көчүн андан ары уланткандардын бири болду.

 

Пост-советтик коомдук ишмердиги

1992-93-жылдары Чеченстанда, Иракта, Грузияда болгон. Жохар Дудаев, Гамсахурдия сыяктуу саясатчылар менен маек куруп, кийинчерээк алар тууралуу макалаларын кыргыз тилинде жарыялаган.

Түркияда да “Ихлас фильм продакшн” кино студиясында иштеп, үйрөнчүктөргө кино өнөрү боюнча сабак берген учурлары болду.

Кийинчерээк эл-жерине кайтып келип, 1994-жылдан 1995-жылга караган кышта оппозициячыл саясатчы катары шайлоого катышып, жеңишке жетишти.

 

Депутаттык ишмердиги. Өмүрүнүн акыркы мезгили

1995-жылдан тартып көзү өткөнчө ал Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-2008) болгон.

Дооронбек Садырбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзгөчө жигердүү депутаты болгон.

Ал депутат кезинде калыс сөзү, оппозициячыл маанайы менен айырмаланган.

21-кылымдын башында Кыргызстанда бир катар оппозициячыл нааразылык жыйындарын уюштурууга катышкан.

2004-жылы ноябрда “Ата журт” деген оппозициялык кыймыл түзгөн (анын уюштуруучуларынын бири – мурдагы элчи, мурдагы тышкы иштер министри жана өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева болгон).

2005-жылкы 24-марттагы элдик ыңкылапты колдогон коомдук ишмерлерден болгон.

2008-жылы 28-майда алтымыш тогуз жашында оорунун айынан Бишкек шаарында каза тапкан.

Анын ооруга чалдыккан себебин мурдагы К.Бакиевдин режимин кескин сындаган ишмердиги менен байланыштырган жоромолдор бар.

Сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

 

Эс тутум

Д.Садырбаевдин ысымы Бишкектеги мурдагы Бах көчөсүнө берилген.

2008-жылы ага (өлгөндөн кийин) Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

 

Эмгектеринин котормолору

Анын айрым юмордук аңгемелери (маселен, “Сатин көйнөк” – «Ситцевый бумеранг» аңгемеси) 30дан ашуун тилге которулган.

Кыргыз акыны Алыкул Осмонов туралуу кинороманы Москвада орус тилинде чыккан.

1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшү жана 1990-жылкы Оштогу улуттар аралык кагылышуу тууралуу эскерүүлөр камтылган даректүү тасма (орусча “Песня памяти”)даярдаган.

 

Дооронбек  Садырбаевдун  калеминен

ШАГЫМ СЫНДЫ

Чыгыштан чыгаандыгы ашып-ташкан,

Чыйырсыз татаал өмүр жолун баскан.

Эл көрдүм бизден эптүү, бизден эстүү,

Илимде ийне менен кудук казган.

Батыштан бизден арбын, бизден балбан,

Бабасы сазга таштан тамдар салган.

Эл көрдүм ырысы мол, ынтымактуу,

Эрки бек, эч бир жоодон жалтанбаган.

Кылымды кылымдарга жалгаштырып,

Кыйырын кирдетпеген чаң бастырып,

Кыйын эл жашайт экен түштүк жакта,

Кыр-кырда кылыч-найза алмаштырып.

Кыдырып кыйла сапар чыгып келдим,

Кыйла журт кыраандыгын угуп келдим.

Кыргыздан кор эл таппай жер бетинен,

Кыйналып кыйын шагым сынып келдим.

Көп жерден көз жашымды төгүп келдим,

Көңүлүм караңгылап чөгүп келдим.

Менден кор эркек таппай эч бир элден,

Мезгилсиз денем сууп өлүп келдим.

КЫЙНАЛЫП ТУРАТ ЖҮРӨГҮМ

Жыргалды сенден көрсөм да,

Жытыңа жыпар көнсөм да,

Жалбарып жатып өзүңө,

Жанымды бөлүп берсем да,

Атың,

Затың,

Ажарыңды,

Кыялга катып жүрөмүн.

Антпешке такыр аргам жок,

Азапка батты жүрөгүм.

Арзууга күйүп-жансак да,

Ашыктык күүсүн чалсак да,

Махабат отун өксүтүп,

Максатка жетпей калсак да,

Атың,

Затың,

Асылдыгың,

Көңүлгө түйүп жүрөмүн.

Көрүнөө сүйүп күн көрбөй,

Көп түйшүктөндү жүрөгүм.

Үй-үйгө балдар чапканда,

Үстүмө кымкап жапканда,

Зыркырап ыйлап агайын,

Зыйнатым өтүп жатканда,

Атың,

Затың,

Кыялың эстеп,

Кыйылып көзүм ачаармын.

Атыңа илеп тийгизип,

Затыңа таажы кийгизип,

Анан мен сапар тартаармын.

Атың,

Затың,

Асылдыгың,

Кыялга катып жүрөмүн,

Кылмышка батып калгандай,

Кыйналып турат жүрөгүм…

КАЙРАН КӨЗДӨР

Көп кыздын карек нуру сынаар эле,

Көздөрүн ала качып жалтанышып,

Кыйласы жыпар төгүп тураар эле.

Кылгырып кирпигинен бал тамызып.

Айрымдар алгачкы эле карашканда,

Арзууга кашык салып турушчу эле.

Мылжыйып бойлор-бойгө жанашканда,

Мурдунун учу тердеп курутчу эле.

Табына жаштыгымдын куйкаланып,

Бар эле махабатка күйүп-жанган.

Болуптур үмүттөрү уйпаланып,

Сыртыман тонун бычып сүйүп калган.

Чырагы карылыктын жана электе,

Чынжырын мезгил шашып тагып салды.

Кумары курбулардын кана электе

Куланып курч мезгилим калып калды.

Азыр мен жазуу көрсөм өлүп-талып,

Көзүмө «тереземи» тагып окуйм.

Тамгасы майдаларын бөлүп салып,

Күндүзү иликтирди жагып окуйм.

Көчөдө теше тиктеп турсам эми,

Көп кыздар көңүл бөлбөй өтчү болгон.

Көз ымдап көп аракет кылсам эми,

«Бабайга жин тийгенби?» — дешчү болгон.

Тиктешип титирешпей калып келет,

Сексендин сегизине чыкпасам да.

Сонунум солк этпестен уктай берет.

Сороктоп саамайынан жыттасам да.

ТААРЫНБА

Кайчылаш өтүп кетсек көрүшпөстөн,

Каректер ынтызаарлык төгүшпөстөн.

Арманда кете бермек турбайбызбы,

Анда бир арзуу даамын бөлүшпөстөн.

Ырлардын ындыны өчүп багы ачылбай,

Ыкташып түн күзөтүп таң атырбай.

Кырчын кез жалгызсырап өтмөк экен,

Кыргыздын жайдак чабар сары атындай.

Эриндер эртели-кеч шыбырашып,

Эңсешүү эт-жүрөктү чымыратып.

Жааганын сезбей калмак турбайбызбы,

Жаштыктын жамгырлары дыбыратып.

Аркалап армандуунун шорун ташып,

Арзышкан ашыктардын жолун басып.

Калышсак айда-жылда кабак чытып,

Кайта бат табышчу элек моюндашып.

Үзүлбөс үмүт байлап дайыныңа,

Бара албайм баштагыдай айылыңа.

Баасызым, бакыр чалга таарынбачы,

Баркы жок башка түгүл зайыбына.

Чак келбей тагдырымдын табагына,

Чайналып калсам дагы заманыма.

Азыр мен тирүү жүрөм ал күндөрдүн,

Жалынып жакшысына, жаманына

Айбат гезити №105




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru