Айбат » Көгөртө урса, ал көктү кантип кетиребиз?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Көгөртө урса, ал көктү кантип кетиребиз?

көкКүнүмдүк керектөөлөрдө адам көптү билсе да, дайыма жөнөкөй эле бир нерсеге муктаж болот. Ар кандай учурлардагы муктаждыктарга кээ бир кеңештерди жазууну туура көрдүм.

 

Денедеги  Көктү кетиребиз

Жашоо, турмуш ар кандай болот эмеспи, бир күнү күлсөң, экинчи күнү ыйлайсың дегендей. Кээ бирде жашоодо биз күтпөгөн окуялар болуп кетип, жаракат алган учурлар кездешип калат. Майрамдагандын эртеси жигиттер биринин көзүн бири согуп атып, эртеси көпкөк болуп эле чыга келет. Илимде мындай жаракатты гематома деп атайт. Ал көк акырындык менен өзүнүн өңүн өзгөртүп, сарыгып ага баштайт. Кийим кийгенде билинбей кала турган дене көгөрсө го жакшы. А кокус көз же бет көгөргөн болсо, тирүүлүктүн тозогу ошо. Көчөдөн жолуккан адам башкача көзү менен карап, ыңгайсыз абалга калтырат.

 

Дененин көгөргөнүн кантип эрте кетирсе болот?

Биринчиден, көзгө же башка жакка сокку урулары менен эле музду же башка абдан муздак бир нерсени жарым саатча кармап туруу керек. Мындай учурда муздаткычта турган эт, клеёнка баштыкчадагы жашылча же муздак компресс жакшы жардам берет. Көгөргөн жерге коюлган муздак нерсе канды жок кылып, беттин көгөрүшүн да жок кылып коюуга жакшы. Бирок, терини кату тоңдуруп алуудан абайлашыңыз керек. Эгер, көгөрүп калган болсо, сормо компресстер менен же массаж менен жок кылууга болот.

 

Элдик медицинада көгөргөн жерди кетирүү

Жаңы эле жабыр тарткан болсоңуз, йоддон сетка кылып тарта койсоңуз жакшы.

• Алоэнин жалбырагын так ортосунан кесип, аны пластырга жабыштырып чаптаса да көктү кетирет.

• Кадимки биз тамакка колдонгон петрушка чөбү да көгөргөн жерге жакшы. Муздаткычтын эң күчтүү жеринде турган тоңгон петрушканы кубик түрүндө кесип алып көгөргөн жерге бассаңыз, сыя көк өңгө чейин барбайт.

• Жаңы эле көгөргөн жерге жаңы капустанын жалбырагын бир аз жанчып туруп басса да жакшы.

Айбат гезити №105




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru