Айбат » Уялган кыздарга…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Уялган кыздарга…

линзаУялган кыздар, линза тагынгыла

Буга чейин көзү начар көргөндөргө бир топ кыйынчылыктар болчу. Көз айнек тагынганы тагынып, уялганы үрүл-бүрүл көрсө да тагынбай кете беришчү. Айрыкча, кыздардын көпчүлүгү көз айнек тагынгандан уялышат. Чынында, кээ бир учурларда көз айнек менен жүргөн да ыңгайсыздыктарды туудурат. Көз айнекти унутуп бир жерге таштап койсо, бирөө тебелеп, сындырып салышы ыктымал. Азыр мындай чоң маселени унутуп, жөнөкөй жол менен чечүүгө болот.

 

Линзанын жакшы жактары

Көрүү үчүн линза тагынып алсаңыз, сиздин көзүңүз начар көрөрүн эч ким байкабайт. Кыздар макияжын даана көрсөтө алышат. Көз айнектен айлана-чөйрөдөгү нерселерди башкача көрсөңүз, линзадан кандай болсо, ошондой көрөсүз.  Андан сырткары, муздактан жылуу жерге киргенде көз айнек буулана турган болсо, линза бууланбайт.

Линзаны сатып алардан мурун, офтальмологго кайрылышыңыз керек. Офтальмолог сиздин көзүңүздүн көрүүсүн текшерип, линза тандап берет.

Ал абдан эле жука жана көзгө аба киргизип турат. Күн сайын алмаштырып туруучу да линзалар болот. Мындан тышкары, 3 жумалык жана 3-4 айга чыдай турган линзалар бар. Булар сапаты жагынан мыкты болуп, көздү көп оорутпайт.

Линзаны чечкенден кийин, аны столдун үстүнө ыргытып жибербей, акырын өзүнүн атайын жууй турган суусуна салып коюңуз. Буларды атайын контейнерге сакташыңыз абзел. Антпесе, ар кандай чаңдар кирип кетип, көзүңүздү өйкөйт.

 

Көзгө линзаны саларда колуңузду таза жууп алышыңыз керек.

Түстүү линзалардын жардамы менен көзүңүздүн өңүн өзгөртүп алсаңыз болот.

Кыздар көбүнчө көйнөгүнүн өңүнө жараша тандап, кеченин ханышасы болуп жүрүшөт.

 

Линзанын жаман жактары:

Өспүрүм балдар линза тагынганга болбойт. Себеби, алар чаң колдору менен линзаны тырмап жибериши мүмкүн.

Кээ бир линзалар көздөн түшүп кетиши ыктымал. Ошондуктан, абайлап жүрүш керек.

Линзаны абайлабаса, көздүн артына өтүп кетиши ыктымал;

Көзгө да жабышып чыкпай калышы мүмкүн.

Айбат гезити №105




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru