Айбат » Согончок эмнеге жарылат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Согончок эмнеге жарылат?

согончок• Нымдуулугу азайып, тамандын териси өзүнүн серпилгичтигин жоготсо.

• Бөйрөк, калкан без оорулары менен ооруганда. Мында согончок жыл бою жарыла берет. Демек, сөзсүз дарыгерге барып көрүнүшүңүз керек.

• Таман тери оорусуна дуушар болсо.

• Семиздиктен улам (бут ашыкча салмакты көтөрө албай, согончок жарылат). Канчалык кам көрсөңүз деле натыйжасыз болушу ыктымал. Андыктан арыктоо зарылчылыгы келип чыгат.

• Организмге А жана D витаминдери жетишпегенде.

• Ысык аба ырайынын, ыңгайсыз бут кийимдин, чаңдын, көлдүн туздуу суусунун, кумдун таасиринен улам.

Үй шартында дарылоо

Согончоктун жарылуусун үй шартында оңой эле дарылап алууга болот. Ал үчүн күнүгө сиздин 10-15 мүнөттүк  убактыңыз, күнүмдүк жашообузда колдонуп жүргөн каражаттар жана жашылчалар талап кылынат.

• Күнүгө көбүргөн самындуу ысык сууга бутту салып, 10 мүнөт кармаңыз. Андан соң пемза ташы менен жышып, таза чайкаңыз. Мындан кийин кремден же болбосо зайтун майынан сүртүп, байпак кийип алыңыз.

• Ат кулак жана ромашканы кайнак сууга салып, бир аз муздагандан кийин ага атайын ванна даярдайсыз, бутуңузду 10-15 мүнөт саласыз.

Чийки картошканы же пиязды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, целлофандын бетине шыбайсыз. Аны таза жуулган согончогуңузга жаап, сыртынан бинт менен ороп, байлап коюңуз. Аз дегенде 2 сааттан кийин гана чечүү керек.

• Согончоктун жарылуусуна чалкан да жардам бере алат. Ал үчүн 1 литр кайнак сууга 2 аш кашык кургатылган чалканды салып, атайын ванна камдап аласыз. Ага 10-15 мүнөт бутуңузду саласыз. Ваннадан соң бутуңузду кургатып, азыктандыруучу кремден сүйкөп коюңуз.

• Жатарда капустанын жалбырагын жанчып, жумшартып алган соң согончокко жаап, сыртынан байпак кийип жатыңыз.

• 1 стакан сулу акшагын сууга ботко кылып бышырып, ага 2 аш кашык зайтун же жүгөрү майын аралаштырасыз да, аны целлофандын бетине сүйкөп, согончогуңузга жабасыз.

• Сүргүчтөн өткөрүлгөн сабизге теңме-тең өлчөмдө бал аралаштырып, жарылган жерге жаап коюу кажет. Бул аралашма жатарда колдонулуп, эртең мененкиге чейин калтырылат.

Жарылган жерди айыктырууда помидордун ширеси да эң мыкты каражат болуп саналат.

• Алманы сүргүчтөн өткөрүп, аны бир аз сүткө кайнатып аласыз. Даяр болгон боткону согончогуңузга жаап, үстүнөн целлофан баштык менен ороп коюңуз. Бул боткону 30 мүнөт кармоо туура.

Айбат гезити №105




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru