Айбат » Жер планетасындагы эң таза шаар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Жер планетасындагы эң таза шаар

Сингапур шаары жер планетасындагы эң таза шаар деп эсептелет. Калкында тыкандык маданият катарына кирген. Илгертен эле сингапурлуктарда урнадан сырткары ыргыткан таштанды үчүн тартип кызматчылары ордунда эле атып салышчу. Бүгүнкү күндө бул жаза жеңилдетилип айып өлчөмү 1000 долларга түшкөн, бирок мындай мыйзамга карабастан бул өлкө бүткүл жер шарынан туристтердин көңүлүн бурдурат. Сингапур- бул ылдам магистралдары, бетон жана айнектен болгон имараттары менен заманбап шаар. Бул өлкөнү сыймыктануу менен Азиянын миниатюрасы деп айтса болот.  Анткени ушул жерде ынтымактуу илгерки 3 ири маданият жашап келет- малайдык, индиялык жана кытай. бүгүнкү саякатыбыз Сингапур болмокчу

Сингапур

Сингапур республикасы (англ. Republic of Singapore; Калып:Lang-ms; Калып:Китайский; Калып:Lang-ta Cikappr Kudiyarasu ) — шаар-мамлекет, Түштүк-Чыгыш Азия аралдарында жайгашкан, Малакка жарым аралынан ичке Жохор кысыгы аркылуу бөлүнүп турат. Малайзиянын курамына кирүүчү Жохор султанаты менен жана Индонезиянын курамындагы Риау аралдары менен чектешет.

Сингапур – синга (арстан) деген өздөштүрүлгөн (санскритчеси siMha (арстан)) малайя сөзүнө, санскритче pura(шаар) сөзүн кошкондон алынган. Б.а. “арстандын шаары” дегенди билдирет.

Сингапурдун аянты 714,3 км2 (2011-жыл) (кара. География Сингапура), 1960-жылдардан бери аянты деңиз түбүнөн топурак алып төгүүдөн чоңоюп жатат. Азыр Сингапур 63 аралдан турат. Эң ирилери — Сингапур (башкы арал), Убин, Теконг-Бесар, Брани, Сентоса, Семакау и Судонг. Эң бийик чекити — Букит-Тимах дөбөсү (163,3 м).

 

Тарыхы

Сингапур тууралуу алгачкы маалыматтар кытайлык хроникаларда (III кылымдагы) жолугат. Арал Шривиджая империясынын ээлигинде болгон, империянын борбору Суматра аралында жайгашып, Темасек деп явалыктарча аталган экен.. Темасек бир учурда маанилүү соода борбору болуп туруп, кийин өз маанисин жоготуптур. Темасекшаары тууралуу айрым археологиялык табылгалардан башка маалыматтар жокко эсе.

1963-жылы референдумдун жыйынтыгы менен Сингапур Малайзия Федерациясына – Малайя, Сабах жана Саравак мамлекеттери менен бирге – кирет, бирок 1965-жылы 7-августта чырдашуудан кийин Сингапур Малайзиядан чыгып кетип, 1965-жылдын 9-августунда эгемендигин жарыялайт. Сингапур тынчтык менен ажырашат, анткени федерациянын жетекчилиги анын Малайзиянын курамында болушу этникалык балансты кытай калкынын пайдасына кыйшайтат деп эсептешкен. 1959-жылдан 1990-жылга чейин Ли Куан Ю башкарып турганда, эч бир байлыгы жок Сингапур (ичүүгө сууну дагы Малайзиядагы Жохордон ташып келишчү), толуп жаткан ички-сырткы проблемаларын өзү чечип, 3-дүйнөнүн кедей өлкөсүнөн жашоо деңгээли жогору турган эң өнүккөн өлкөнүн даражасына чейинки секирикти жасайт. 2004-жылы 10-августта Сингапурдун 63 жаштагы премьер-министри Го Чок Тонг, бул постту кийинки 14 жыл ээлеп тургандан кийин кызматтан чегинип, бул тууралуу расмий өтүнүчүн өлкө президенти С. Р. Натанга тапшырат. Өкмөттү 52 жаштагы Ли Сянь Лун — Ли Куан Юнун тун уулу – башкарып калат. Ал финансы министринин постун да ээлеп турат. Бийликтен кеткенден кийин ага министрдин кызматын аткарып келген 80 деги Ли Куан Ю, уулунун өкмөтүндө 2011-жылга чейин өкмөттүн кеңешчиси болуп турган. Сингапур эгемендик алгандан бери өткөн 53 жылдын ичинде эки гана премьер-министр (Ли Куан Ю жана Го Чок Тонг) алмашты, азыр өкмөттү Ли Куан Юнун уулу Ли Сянь Лун башкарып жатат. Сингапурдун гүлдөп өсүшүнүн дагы бир себеби, так ушул стабилдүүлүктө болсо керек. 1959—1990-жылдардагы модернизация Эгемендик алган кезинде Сингапур ичүүгө сууну жана курулушка кумду да сырттан ташып келген кичинекей кедей шаар-мамлекет эле. Чынында мамлекет эмес эле, балыкчылардын кыштагы экен. Кошуна мамлекеттер достук маанайда эмес эле, калктын үчтөн бири коммунисттерге тилектеш болгон. Ли Куан Ю өзүн жана өз командасын “англис тарбиясын алган буржуазиялык лидерлердин тобу”[5] деп мүнөздөгөн.

 

Шаар панорамасы.

Сингапур — базар экономикасы бар жана алык-салыгы төмөн мыкты өнүккөн өлкө, бул жерде транснационалдык корпорациялардын ролу жогору. Улуттук дүң азыкты (УДА) ар бир жанга бөлгөндө дүйнөдө жогорку орундардын бирин ээлейт (2008-жылы — 38972,1 АКШ долл.). Конкуренцияга жөндөмдүүлүк рейтингинде (ВЭФ – Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум – БЭФ) Сингапурдун экономикасы 2009-жылы 3-орун алган (2008-жылы134 өлкөнүн ичинен 5-орун, 2007-жылы 131 өлкөнүн ичинен 7-орун, 2006-жылы — 5-орун). Сингапурду экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине тез жеткен секириги үчүн чыгыш азиялык жолборстордун катарына кошушат. Өлкөдө (белгилүү европалык, америкалык, япондук, жана Flextronics сыяктуу сингапурдук компаниялардын) электроника өндүрүшү, кеме куруу, финансылык кызмат көрсөтүү сектору мыкты өнүккөн. Өлкө – CD менен иштөө каражаттарын чыгаруунун дүйнөлүк борборлорунун бири. Биотехнология жаатында чоң изилдөөлөр жүрүп жатат. Raffles Сингапур холдинги Swissotel отелдеринин эл аралык тармагынын ээси. Экономикасы, өзгөчө тиричилик электроникасы, информациялык технологиялар, фармацевтика тармактарында,.экспорттон абдан көз каранды, Сингапур — өз аймагындагы эң ири соода дөөлөтү. Тышкы сооданын көлөмү (2008) — 455,3 млрд АКШ.долларын түздү Экспорт — 235,8 млрд долл. болду, мунун ичинде электрондук жана электротехникалык өндүрүштүн продукциясы, керектөө товарлары, переработки натуралдык каучукту иштетүүнүн продуктылары, нефтепродуктылар бар.

Сингапур

 

Сингапурдун мамлекеттик түзүлушү

Сингапурдун Конституциясы Сингапур — парламенттик республика. Аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган министрлер кабинетине таандык, президент көбүнчө мамлекетти билгизип эле турат, бирок кээде маанилүү чечимдерге тыюу салышка укугу бар. Сингапурда 1965-жылдан бери саясий бийлик «Элдик аракет» (People’s Action Party, PAP) партиясында. Сынчылар Сингапурду де-факто бир партиялуу өлкө деп атап, жана PAPты оппозицияны кысып жатат деп күнөөлөшөт. Бирок, Жумушчу партия жана Сингапур демократиялык альянс сыяктуу оппозициялык партиялар парламентте орун алышкан. Чек арасыз репортёрлор Сингапурду басма сөз эркиндиги боюнча 167 өлкөнүн ичинен 140-орунга коюп жүрүшөт[16]. Буларга карабастан, Сингапур өкмөтү өлкөдө абдан натыйжалуу жана ачык базар экономикалык системасын түзгөн. Мындан тышкары, өкмөттүн ак ниет жана коррупцияга батпаган деген даңкы бар; ар кандай изилдөөчүлөр Сингапурду коррупцияга азыраак баткан өлкөлөрдүн 1-ондугуна, ал эми Азия боюнча – эң жогорку орунга коюп жүрүшөт (кара. Transparency International). Сингапур Улуттар достугу, БУУ, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясы (ASEAN), Азиялык-тынчокеандык экономикалык кызматташтык (АТЭС) сыяктуу эл аралык уюмдарга мүчө. СССР менен дипломатиялык мамиле 1968-жылы түзүлгөн. Кыргыз республикасы менен Сингапурдун да мамилеси бар. Мыйзамдары Сингапурда кылмыштуулуктун деңгээли — дүйнөдөгү эң төмөндөрдүн бири, мында мыйзамдар кыйла катаал (Сингапурда өлүм жазасы бар жана ал колдонулат). Улут аралык касташуу жана жек көрүү көрүнүштөрү жазаланат (ал эмес Интернеттеги дискуссиялар эске алынат). Кээ бир кылмыштар үчун балак алынат. Айрыкча таш боордук менен өлтүрүү жана наркотик сатуу дарга тартуу менен өлүм жазасына буйрулат. 1991-жылдан 2004-жылга чейин 400 өлүм өкүмүКалып:Нет АИ аткарылган, — бул дүйнөдөгү өтө жогорку көрсөткүчтун бири. Экономикасы Негизги макала: Сингапурдун экономикасы Артыкчылыктары : ыңгайлуу инвестициялык климат, жогорку конкуренттик чөйрө, экономикалык эркиндик рейтингиндеги жогорку орун, билими жогору, эмгекчил жана тартиптүү калк, калктын турмуш деңгээлинин жогорулугу. Начар жактары : Малайзиядан суу жагынан көз карандылык. Бардык дээрлик азык-түлүк жана энергияны ташып келүү. Адистердин дефицити. Дүйнөлүк электроника базарынын кризисинин 2001-жылдагы рецессиясы. Жердин аздыгы.

 

Кошумча маалымат

Клар-Ки Клар-Ки Риверсайд-Пойнт Сингапур — кооз балыктарды экспорт үчүн өстүрүүнүн дүйнөдөгү ири борборлорунун бири. Сингапурдун кооз балыктарынын экспортко чыгарылуучу түрлөрүн атап кетели: негизгиси – Poecilia reticulata , башкалары -Pterophyllum scalare , Poecilia latipinna , Poecilia sphenops , Xiphophorus helleri , Xiphophorus maculatus , барбустар, харацин жана гур балыктары. Дагы бир легенда боюнча, бул жерге биринчи аяк баскан Суматра ханзадасы болгон, ал ушул жерден арстан баштуу, балык куйруктуу жаныбарды көрүптүр Ал курган шаар «Арстандын шаары» деп аталыптыр, ал эми жомоктогу жаныбарга арнап храм тургузулат. Сингапурлуктар традиция боюнча, өз шаарын «арстандын жана храмдын шаары» деп аташат. Спорт 1948-жылдан баштап Сингапур жайкы Олимпиялык оюндарга катышат. 2008-жылдан баштап Сингапурда Формула-1дин түнкү жарышы өткөрүлөт. Сингапурдун 2008-жылкы Гран-призи Формула-1 дин тарыхында жарыштын түнкү этабынын жыйынтыгы болду.

2010-жылы Сингапурда биринчи өспүрүмдөрдүн Олимпиялык оюндары өткөрүлдү

 

Кыскача:

Өлкөнүн толук аталышы:  Сингапур Республикасы

Аянты: 683 кв. км.

Президент: Тони Тан

Премьер-министр: Ли Сянь Лун

Калкынын саны: 5 312 400 [2] адам

Борбору: Колониалдык Сингапур

Калкы: 76% кытай, 15% малайзиялыктар, 6% индустар

Тили: Англис, Малай, Мандариндик, Тамиль тили

Дини: 42% буддистер, 15% мусулман, 14% христиан, 9% таоист, 4% индуист

Малекеттик башкаруу: Парламентардык демократия

Элдик өндүрүш: жеңил өнөр жай, электроника, химиялык, соода-сатык, бизнес жана финансы, кеме өндүрүштүк, туризм жана курулуш

Негизги кызматташтык: АКШ, Малайзия. Гонконг, Япония, Түштүк Корея

Ден солукка коркунучу: Гепатит А

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №105




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru