Айбат » Бишкекте дүйнөнүн чемпиону титулу үчүн эрежесиз кармаш болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Бишкекте дүйнөнүн чемпиону титулу үчүн эрежесиз кармаш болот

3-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында дүйнөнүн чемпионаты наамы үчүн эрежесиз кармаш болуп, анда америкалык Шах Бабонис менен кыргызстандык Актилек Жумабек уулу беттешет.

Күрөштү уюштуруп жаткан Улуттук күрөш кулатуу-эртаймаш федерациясынан маалымдашкандай, кыргызстандык файтер жаш кезинде эркин күрөш менен машыккан, кийин улуттук спорттун түрү болгон кулатуу менен алектенип, бул кармаштын түрү боюнча бир канча жеңиштерге жетишкен.

Актилек Жумабек кулатуу боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону жана Азиянын эрежесиз кармашынын чемпиону болуп эсептелет.

Акыркы үч айдан бери ал Шах Бабонис менен кармашууга тынымсыз даярданган.

Бул күнү Спорт сарайда дагы бир нече кармаш болот, анын ичинде Россия жана Грузиянын файтерлери күч сынашат.А3

VS_(1) VS_(2) VS_(3) VS_(4) VS_(5) VS_(6) VS_(7)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru