Айбат » Жеңиш Молдокматов, жаш саясатчы: “бардыгы ачыкка чыккан соң, Баткен эли менен кандай иштешип, кандай тил табышат чоң табышмак”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жеңиш Молдокматов, жаш саясатчы: “бардыгы ачыкка чыккан соң, Баткен эли менен кандай иштешип, кандай тил табышат чоң табышмак”


Молдокматов 2-Жеңиш мырза, Баткенге саясий упай топтош үчүн бардыңарбы, деги эле эмне максатта бардыңар?

-Ак-калпактуу кыргызымдын уулу болуп, жабыркаган бир боорлорубузга жардам кылууда эч кандай саясат жок. Буга чейин Куршаб жана Сохто болгон жаңжалдан кийин көптөгөн иштер жабылып, көмүскөдө калып калган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, кыргыз өкмөтүнүн тажик жана өзбек коңшуларга көмөктөшүп, өз жарандарынын укуктарын, коопсуздуктарын сактабастан жерлерди сатуудан баштап, жардамга муктаж, суранган карапайым элден баш көтөргөнүн камап, буга чейин кылгылыкты кылып келгенин билип туруп, жеринен окуя менен таанышып, так маалыматты ак-үй менен көк-үйүнө жеткирип, жабыркаган карапайым элдин көйгөйун чечүүгө белсенип баруу негизги максатым болгон.

Молдокматов

-Маалыматтар көк үй менен ак үйгө жеттиби анан?

-Баткенден келээр замат окуянын хронологиясын чагылдырган видео тасманы жана жабыркаган тамдар менен унаалардын сүрөттөрүн тиркеп, өлкө башчысы-Президентке, Жогорку Кенештин депутаттарына, өкмөт башчысына кайрылууларды жөнөтүп, 24-май күнү өтө турган ЖК КСДП Фракция жыйынынын күн тартибине киргизилип, маселе депутаттардын кароосунан алгач өттү. Андан соң, 27-май күнү ЖК Коргонуу жана коопсуздук комитетинде каралып, маселенин абдан оор экендигин эске алуу менен 3-июнь күнү Баткендин губернатору жана акими, премьер министр жана чек-ара кызматынын төрагасы, УКМК жана ИИМ жетекчилерин чакыруу менен комитет жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынды. Эгер маселе убагында көтөрүлбөй, адатынча көмүскөдө калса, жабыркаган Баткендик бир боорлорубуз качанкыга чейин зар какшап,  ыйлаган үнүн бийликке жеткире албай жеринде сыздап жүрөрүн ким билет?!. Бул биз үчүн чоң сыймык.

-Сиздер Баткен облусундагы чатактан жабыр тарткандарды дагы Бишкекке чакырып жүрбөдүңөр беле? Алардын келиши эмне жардам берди?

-24-майда өтө турган фракция жыйынында маселе каралат деген соң, дароо Баткендеги өкүлдөрүбүз менен байланышып, жабыркаган 4 айылдан бирден өкүл шайланып, Бишкекке келүүсүн суранганбыз. Тилекке каршы, келе турган адамдарыбызды жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коркутууларынан улам, Баткенден Бишкекке алып келүү өтө оор болду. 20-май күнү түнкү саат 23:00 чамасында Орто-Боз айылынын тургуну, кесиби боюнча мугалим, окуядан жабыркаган эжебиз Бүбүайша Курбановага Баткен райондук Билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы  Абылгазы Заитов жогорудан келдим деп келтирбөө максатында үндөп, “эгер жыйынга бара турган болсоңор” иштеп турган жумушуңардан айрыласыңар же болбосо административдик чараларды көрөбүз деп коркутууга өтүшкөн. 21-май күнү саат 13:00 чамасында Баткен облусунун губернаторунун орун басары Б. Жолчиев, Баткен районунун акими С. Калыковдор келип, Бүбүайша Курбанованы Бишкекке барбашын талап кылышып, 10 күндүн ичинде маселе чечилээрин айтышкан. 23-май күнү Баткенден жабыркагандар келген соң Б. Курбановага Баткендин акими С. Калыков телефон чалып, “депутаттарга жамандаба” деп үндөгөн. 24-май күнү эртең мененки саат 09:00 ЖКнын кирүү бюросунда Б. Курбанованы “туура эмес маалымат берип атасың” деп Баткен облусунун мамкаттоо башкармалыныны жетекчиси катуу кыйкырып,  коркуткан. 24-май КСДПнын фракция жыйынында Баткендин губернатору эл менен тыгыз иштеп жатабыз, байма-бай түшүндүрүү иштери жүрүп жатат, жардамдар көрсөтүлүп жатат деп жабыркаган тургундарга карабай калп айтып, депутаттарга отчет берген. Баткенден келген делегаттардын бул чындыкка жатпайт, окуядан бир ай өтсө дагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элге бир кайрылып келбестен, жада калса тамдардын талкаланган айнектерин салып бергенге жарабаганын айтышканда жооп бере албастан отуруп калган губернатор менен аким өз деңгээлин көрсөтүп, депутаттардын алдында шылдың болушту. Айрым депуттардын суроосуна жооп бере албаган акимди өз ыктыярың менен арызыңды жазып кете бер деген сөздөр дагы болду. Айтор, 3-июнда боло турган комитет жыйынына карата отчет менен баралы дегенби, бир айдан бери өз элин талаага таштап, бир кайрылбаган губернатор менен аким түнү барып ишкерлерден деп имиш кылып элге акча тарата баштаптыр. Бул дагы алардын пастыгы, алардын билимсиздиги, алардын алсыздыгы, алардын чабалдыгын аныктап турат. Сүттөн акбыз деген губернатор менен аким чынында таза болсо, чынында эл менен иштеп эл өкүлдөрү болсо эмне себептен теле берүүлөргө, теле дебаттарга катышпастан качып кетишет? Демек, биз алардын кемчиликтерин, шылуундук иштерин аныктап чыктык жана бардыгын далилдеп бердик. Эми бардыгы ачыкка чыккан соң, Баткен эли менен кандай иштешип, кандай тил табышат чоң табышмак…

- Маселе кайсы жакка ооду же жакында Тажик ажосу Э. Рахмон келип, Кыргыз- Тажик чек арасын делимитация жана деморкация маселесин эки мамлекеттин кызыкчылыгына жараша чечилээрин ишендирип кетти. Буга сиздердин маселени кабыргасынан көтөрүп чыгышыңар себеп болгон жокпу?

- Канчалык денгээлде таасирин берди, айта албайм. Бирок. чек ара маселесин кароодо албетте көтөрүлгөн маселелердин барлыгы эске алынып турат деп ойлом. Биз көтөргөн маселенин негизги багыты өзүбүздүн жетекчилердин кош көңүлдүүлүгү, алардын чечкинсиздиги жана жетекчилердин туура эмес башкаруусунан улам чыккан окуяга туура баа берүү менен келечекте кайталанбоосуна белсенүү болуп саналат. Биздин кылган иш аракеттер элдин колдоосунун негизинде акырындап ишке аша баштады десек болот.

 Маектешкен Улукбек Кутманбаев



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru