Айбат » Диплому бар, курсташы жок Нурлан Төрөбеков неден чоочулайт?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Диплому бар, курсташы жок Нурлан Төрөбеков неден чоочулайт?

Нурлан ТөрөбековКылмыш ишине тартылып калса эле, эмгөктөгөн «оорулуунун» кейпин кийип калуу тенденциясы кыргыз саясатчыларынын арасында күч алды. Кыргыз элибизде жакшы бир кеп бар – «Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт» деген. Анын сыңары улам эле «өлүмүш» болуп жата калып атып, ар кандай кылмыш жоопкерчиликтеринен кутулуп кетүүнү көздөгөндөрдүн саны бүгүн ого эле көп. Алардын арасынан кыргыз элине аттары таанылып калгандарын санап өтөлү – Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев, Урмат Аманбаева, Каныбек Осмоналиев, Талант Мамытов… мына ушулардын катарында ЖК депутаты Нурлан Төрөбеков дагы бар. Эске сала кетсек, бул депутатка Башкы прокуратура тарабынан буга чейин 166-берене (алдамчылык, көз боемочулук) жана 350-берене (жасалма документтерди даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2013-жылы КР президентинин аппаратынан өзүнүн атына жазылган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин дипломунун копиясын көрсөткөн. Андан сырткары жасалма жол менен өзүнө «мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» деген чинди алып алган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура анын депутаттык кол тийбестигин алып салууну өтүнүп Жогорку Кеңешке кайрылган болчу. Мына ушул маселени бүгүн 27-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда карашмак. Бирок, депутат Майрамкүл Тиленчиева Нурлан Төрөбековдун депутаттарга оозеки кайрылуусун айтып берип, бул маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады. Анын айтуусунда Нурлан мырза ооруп аткан имиш. Ачыгын айтканда ага карата кылмыш ишинин козголгонуна көп эле болуп калды. Ал эми Нурлан Төрөбековдун жумуш ордунан жок болуп кеткенине да өтө көп убакыт өттү. Эмдигиче ден-соолугун сакайтып, кызмат ордуна келип калышы керек болчу. Экинчиден, ал өзүнүн таза экендигине ишенсе, алган дипломун чындап эле окуп алган болсо, эмнеден коркот? Келип аныктап, көзгө сайып көрсөтүп, өзү менен чогуу окуган группалаштарынан жетелей келип депутаттар менен тааныштырып коёт эле го? Тилекке каршы Нурлан Төрөбековдо диплом болгону менен курсташ дегенден Кудай айтпаганы белгилүү. Себеби дипломду окуп анан алган эмес. Ал эми ооруп атканы бул курулай гана шылтоо экендиги белгилүү.

Айбат гезити №106




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru