Айбат » Аскар Салымбеков: “Биздин өкмөттө күнүнө 15 миң доллар уурдалат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Аскар Салымбеков: “Биздин өкмөттө күнүнө 15 миң доллар уурдалат”

Аскар Салымбеков«Юбилейлерди өткөрүп, ага өтө чоң каражат сарптагандан көрө тарыхый фильмдерди тартканыбыз жакшы» деп билдирди Бразилиядагы Кыргызстандын ардактуу консулу Аскарбек Салымбеков 26-ноябрда «Токтогул» көркөм фильминин бет ачар аземинде.

«Биз майрамдарды жана юбилейлерди жогорку деңгээлде өткөрүп, ага каражат коротобуз. 100дөн ашуун боз үйлөрдү тигебиз жана көп сандагы жылкыларды соебуз. Бир жакшы жылкынын баасы өтө кымбат турат. Анан ал үчүн акча табабыз дагы, жакшы фильм тартуу үчүн таба албайбыз. Биздин өкмөттө күнүнө 15 миң доллардан уурдашат», – деп айтты ал.

Ал фильм жана анын идеясы эң жакшы экендигин белгиледи. «Эгерде силерде каражат болгондо фильм мындан да жакшы болмок. Андыктан мен майрамдоого жана ар кандай юбилейлерди өткөрүүгө багытталган акча каражаттарын көркөм фильмдерди тартууга берүүгө чакырып кетем. Фильм жаш муундарды моралдык жана руханий жактан тарбиялоого көбүрөөк таасир этет», – деп баса белгиледи ал.

Мисалга ал «Курманжан Датка» фильмин келтирди. Бул фильм аркылуу кыргыз элинин маданиятын бүтүндөй дүйнөгө көрсөтүүдөбүз деген пикирин да кошумчалады. «Андыктан эскичиликтен арылып, той өткөрүүлөрдү калтыралы» деп сөзүн жыйынтыктады Аскарбек Салымбеков.

Айбат гезити №106




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru