Айбат » Гүлмира Шакирова, КР өкмөтүнүн алдындагы милдеттүү медициналык камсыздоо Фондунун төрайымы: “Айрым дарыгерлер кереги жок препараттарды жазып, кереги жок анализдерге жолдомо берип коюшат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Гүлмира Шакирова, КР өкмөтүнүн алдындагы милдеттүү медициналык камсыздоо Фондунун төрайымы: “Айрым дарыгерлер кереги жок препараттарды жазып, кереги жок анализдерге жолдомо берип коюшат”

Гульмира Шакирова«Айрым дарыгерлер фармацевтикалык компаниялар жана жеке менчиктеги лабороториялар менен сүйлөшүүлөргө барып, кереги жок препараттарды жазып, кереги жок анализдерге жолдомо берип коюшат» деп билдирди 27-ноябрда милдеттүү медициналык камсыздоо Фондунун төрайымы Гүлмира Шакирова «Министр байланышта» акциясынын алкагында өткөн маалымат жыйынында.

Анын сөзү боюнча 2014-жылдын 9 айында саламаттыкты сактоо багытындагы 54 уюмда аудит жүргүзүлгөн жана жамааттык кайрылуу, жетекчиликтин тапшырмасы боюнча 7 атайын иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Негизинен аудиттин жыйынтыгы боюнча бардык тескери аракеттер сатып алуу жаатында аныкталган.

«Чындыгында эле учурдагы биздин уюмдардын каржылык жактан жетишпестигинен улам айрым жетекчилер фармацевтикалык жаатындагы ишкерлер менен сүйлөшүүлөргө барат. Алар жалгандан дары-дармектерди алып келген болот, документ боюнча алар медикаменттерди сатып алгандай толтурулат, бирок факты жүзүндө ал уюмдарга бул медикаменттер келбейт. Муну аныктоо өтө кыйын, бирок биз аларды аныктап, ишти укук коргоо органдарына өткөрүп берүүдөбүз», – дейт Г. Шакирова.

Ошондой эле ал дагы башка коррупциялык схема бар экендигин айтат. Маселен жетекчилер фармацевтикалык дары-дармектерди ташыгандар менен сүйлөшүүгө барып алып, дары-дармектер үчүн каражатты которот жана алардын бардыгын документ жүзүндө келди деп белгилешет. Бирок, ошол эле убакта ал дарылар дарыканаларда сатыла берет.

«Же болбосо гуманитардык жардам катары келген каражаттар оорулууларга таркатылбастан дарыкана түйүндөрү аркылуу сатылат» деп белгилейт Г. Шакирова.

Андан ары ал милдеттүү медициналык камсыздоонун кызматкерлери аныктаган кийинки схема тууралуу айтты.

«Дарыгерлер жеке фармацевтикалык фирмалар менен сүйлөшүүлөргө барат. Дарыгерлер бонус боюнча дары-дармектерди реализация кылышат, же биологиялык активдүү кошумчаларды жазып беришет. Чындыгында оорулуу мындай дары-дармектерге муктаж деле эмес. Бирок дарыгер ал фармацевтикалык фирмаларга канчалык көп оорулууларды жөнөтсө, ошончолук көп бонус алат. Ошондой эле дарыгерлер бейтаптарды жеке менчиктеги лабороторияларга жөнөтүшөт. Компьютердик томография керекпи, же кереги жокпу баары бир. Анын үстүнө мындай процедура 3 миң сом турат. Мындай схемаларды аныктоо өтө кыйын, анткени амбулатордук картада мындай жолдомолор жана анализдер жок», – деп билдирди Шакирова.

Сөзүнүн жыйынтыгында төрайым алардын Фонду мындай фактылар менен күрөшүп, материалдарды укук коргоо органдарына жолдоп атышканын айтты.

«2013-жылы 7 медициналык кызматкер, 18 кызматкер сөгүш алышкан, 17 кызматкер эскертүү алышкан» деп кошумчалайт Шакирова.

Айбат гезити №106




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru