Айбат » Курсакты тойгузганына сүйүнүп, Мекенге чыккынчылык кылууга болобу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Курсакты тойгузганына сүйүнүп, Мекенге чыккынчылык кылууга болобу?

митингСөз эркиндиги, демократия десе, аны ушак, имиш айтуу, каалагандай тайраңдоо деген түшүнүк менен «жасалгалоо» аракеттери ошол эле демократиянын «атасы» атыккан Америка тараптан «согуп» келери жашыруун деле болбой калды. Эгемендүүлүктү алган жылдардан тарта эле өлкөбүздө бейөкмөт уюмдар пайда болуп, алар жыл санап эмес, ай санап өсүп отурушту. Бүгүнкү күндө алардын так санын билүү кыйын. Каттоого алынгандары эле 3000ден ашуун. Мындай уюмдардын дээрлик басымдуу бөлүгү чет мамлекеттерден келген каражаттар менен ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт. Тилекке каршы алардын эмне иш менен алектенишээри, кимдерге отчет берип тураары тууралуу ушул күнгө чейин эч кимге белгисиз болуп келди. Натыйжада чет элден каржы алып, кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келе турган иш-аракеттерди да жасай башташкандары билинди. «Кой дээр кожосу, ай дээр ажосу» болбогондон кийин алар өздөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн төргө илүүгө боло берет деген түшүнүккө жетеленишти. Бул уюмдар атайын бир долбоорлор менен иш алып барышып, ал үчүн атайын бөлүнгөн акча каражаттарын алышат. Бүгүнкү күндө бейөкмөт уюмдун өкүлүмүн деген мекендештерибиздин алды баасы асманды чапчыган автоунаалар менен жүрүшөт. Хан сарайларда жашашат. Демек, аз акча алышпайт.

Ал эми алардын жасаган ишмердүүлүгүнөн ушул күнгө чейин Кыргызстан пайда таптыбы? Бул суроого бир да бейөкмөт уюму «ооба» деп жооп бере албайт. Себеби алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандагы стабилдүүлүктү ар дайым чайпалтып туруу максатында гана иш жүргүзүшөт. Эске сала кетсек, буга чейин кайсы бир бейөкмөт уюмдун мектеп жашындагы өспүрүмдөргө сексуалдык мамилелерди үйрөтүү аракеттерин жасап келишкендери ачыкка чыккан. Алар атайын брошюраларды (сүрөттөрү менен) чыгарышып өспүрүмдөр арасында таратышкан. Муну менен алар өспүрүмдөрдү жашы жете элек кезинде эле сексуалдык мамилеге чакырык ташташкан. Албетте, ачык эмес. Бирок, ансыз да өскөлөң куракка келип, мүнөздөрү өзгөрүлүп турган чакта мындай үгүт иштери өспүрүмдөрдү кандай жолго жетелеши мүмкүн эле? Муну бир деп туралы. Экинчиден, көпчүлүк бейөкмөтчүлөр Кыргызстанда бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин колдоого алып келишет. Алардын андай мамилесин жалпы коомчулукка жайылтууга тыюу салуу аракеттерине каршы чыгып, «бул адам укугун бузууга жатат» деп чыгышты. Ошол эле убакта алар биздин ата-бабабыздан бери карай келаткан каада салтыбызга, нарк-насилибизге чет элдерден алган акчаларын актоо үчүн доо кетирип жатышкандарын түшүнүшкөн жок. Илгертен кыргыз элинде мындай жаман адат болгон эмес. үчүнчүдөн, бейөкмөт уюмдары Кыргызстандын ички саясый иштерине да аралашып кетүүдө. Кыргыз бийлиги кимдер менен мамиле кылат, кандай мамиле кылат бул бейөкмөтчүлөрдүн жумушу эмес. Алардын көпчүлүгү адам укуктарын коргоо багытында иш жүргүзөбүз деп эл алдында көп айтышат. Бирок, карапайым адамдардын укугун коргогон учурлары саналуу гана. Аны дагы элге мисал катары көргөзүү үчүн гана жасашат. Ал эми саясый лидерлерге байланыштуу маселелерге баш-оттору менен кирип кетишет. Ансыз да байлыгы башынан ашкан мындай саясатчыларды колдой тургандар чыгат, ал эми тоок уурдап, же жөн гана айыпсыз жерден доого жыгылган карапайым адамдардын укуктары тебеленген учурлар өтө көп. Эгерде бейөкмөтчүлөр чындап эле адам укугун коргоо багытында иш алып барууну көздөшкөн болсо, анда саясаттан тышкаркы айдыңда иш алып барышкандары оң болмок. Бирок, тилекке каршы алардын «заказчиктеринин» тапшырмасы дал ушул саясый өңүткө багытталып жатат. Мына ушундан улам Бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу учурдун талабы болуп калды. Мунун негизинде «Бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таануу жөнүндө» мыйзам долбоору даярдалып, парламентте каралууда. Ал эми мындай аракеттерге бейөкмөтчүлөр караманча каршы чыгып, демократияга коркунуч келүүдө деп чебеленип жүрүшөт.

Биринчиден, эгерде алар иш-аракеттерин ачык жүргүзүп, кайдан каражат алып, кандай тапшырма алгандарын ачыкка чыгарышса, андан Кыргызстандын кызыкчылыгына эч кандай коркунуч келбей турган болсо, анда алардын мындай чочулоолоруна себеп болмок эмес. Өз иштерин тынч гана мыйзам чегинде жүргүзө беришмек. Тилекке каршы алардын көмүскөдө катылган сырлары бар болгон үчүн ишмердүүлүктөрүн көзөмөлгө алуу аракеттерине каршы чыгышууда. Биздикиндей эле көрүнүштөр убагында Россия Федерациясында күч алып кеткен. Бирок, В. Путиндин чечкиндүү кадамынын аркасы менен бейөкмөт уюмдарды «чет элдик тыңчы» катары таануу жана чет элдик жарандардын жергиликтүү маалымат каражаттарына ээлик кылуусуна тыюу салынган мыйзамдар кабыл алынган. «Бөтөнмамлекеттер бизди алсыз кылышына шарт түзүп бербешибиз керек. Өзүн сыйлаган бир дагы мамлекет сырттан келген акчалар өлкөнүн ички саясый күрөшүнө колдонулушуна жол бербейт. Мындай аракетти АКШда жасап көргүлөчү, дароо түрмөгө отурасыңар. Бизде алда канча либералдуу», – деп  билдирет В. Путин. Ырас, демократияны дүйнө жүзүнө «тааныткысы» келген АКШда ар кандай саясый аракеттерге кескин чаралар көрүлөрү маалым.

Жадагалса өздөрүндө мыйзам аркылуу четке кагылган көрүнүштөрдү да башка мамлекеттерде демократия, адам укугун коргоо катары сыпаттап, аларды мыйзам аркылуу коргоодон баш тартууга чакыра беришет. Буга ачык мисал – АКШнын 8 штатында бир жыныстагы адамдардын мамилесин жайылтууга тыюу салынган мыйзам иштейт. Анан ошондой эле мыйзамды башка өлкөлөр кабыл алууну чечишсе, «адам укугун бузбагыла» деп чыга келишет. Ырас, акча табуу, тиричилик кылуу – бул  ар бир адам баласынын мойнундагы милдети. Бирок, андай тиричилик өз Мекениңе чыккынчылык жасоо менен коштолбошу керек. Эң негизгиси биз Батыш өлкөлөрү биздин өлкөдө өзүбүздүн эле жарандардын колу менен ар кандай баалуулуктарыбызды талкалап, улутубуздун уңгусуна доо кетирүү аракетин көрүп жатышкандарын көзүбүздү чоң ачып көрүшүбүз керек. Болбосо, алардан келип аткан миллиондор бүгүнкү жашоону май талканга «чылап» атканы менен эртеңки муунубуздун келечегине кедергисин тийгизип коёт. Урпактардын каргышына калбайын десек, өз өлкөбүздү чет элдик саясый күчтөрдүн акчасы аркылуу өз колубуз менен муунтканды токтотушубуз зарыл.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №106




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru