Айбат » Бажы биримдигине кирүү кадамы – кыргыз экономикасындагы кескин бурулушту камсыздайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Бажы биримдигине кирүү кадамы – кыргыз экономикасындагы кескин бурулушту камсыздайт

Бажы союзуКыргызстан Бажы биримдигине кирүү кадамы менен экономикалык жактан чоң бурулуш жасоо алдында турат. Буга акыркы мезгилдерде жетишилген макулдашуулар, келишимдер ачык мисал болуп бере алат. Башкаларын айтпаганда да кечээки 24-ноябрда Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу КР өкмөтү менен РФ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга кол коюлгандыгын айтсак болот. Ушул эле жылдын 29-майында Астана шаарында евразизиялык экономикалык интеграциянын шарттарында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө Кыргыз өкмөтү менен Россия өкмөтүнүн ортосунда Макулдашууга кол коюлган эле. Муну жүзөгө ашыруу үчүн албетте финансы каражаты керек болчу. Ал үчүн атайын фонд түзүү тууралуу сөз болгон. Арадан жарым жылга жетпеген убакыт өткөн соң мына ошол фондду түзүү тууралуу Макулдашууга кол коюлуп отурат. Кыргызстан Бажы биримдигине (ББ) кирүү аракетин баштагандан бери айрым саясатчылар тарабынан «ББнын курамындагы мамлекеттердин экономикасы күчтүү, аларда өндүрүш кадимкидей иштеп атат, бизде болсо өндүрүш жок, анан кантип алар менен тең ата боло алабыз?» дегендей көңүл чөгөргөн пикирлерин билдирип келишкен. Бирок кыргыз бийлиги бардык жагдайларды терең иликтеп көрүп, анан биротоло ББ курамына кирүү чечимине келишкени байкалып турат. Себеби Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду Кыргызстандын ички өндүрүшүн жандантууга чоң өбөлгө бере турган болууда. Бул фонддун уставдык капиталы 500 миллион АКШ доллары болот. Анын 100 миллиону жакынкы бир-бир жарым ай аралыгында келип түшөт. Калган бөлүгү 2016-жылдын 29-майына чейин которулат. Россия тарап бул каражаттардан сырткары дагы 500 миллион АКШ долларын эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын шарттарында жеңилдетилген негизде насыя каражат алып аны дагы фонддун ишине тартууга убада беришкени маалым болду. Ошондо жалпы жонунан 1 миллиард доллар каражат Кыргызстандын ички өндүрүшүн жандандыруу багытында жумшалмакчы. Бул албетте оңой-олтоң суммадагы каражат эмес. Албетте, каражаттар Россия тараптын да кызыкчылыгына туура келе тургандай долбоорлорго жумшалат. Бирок, негизинен бардык долбоорлор Кыргызстандын аймагында ишке ашырыла тургандыгын белгилеп коюшубуз керек. Кыргызстандагы агроөнөржай комплекси, кийим тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо кендерин иштетүү жана металлургия өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, ишкердикти өнүктүрүү, инфраструктураны өнүктүрүү өңдүү тармактардагы долбоорлор аталган фонддун каражаттары менен ишке ашырылат. Демек, бизде дагы ББнын курамындагы өлкөлөрдөгүдөй эл ички өндүрүшүбүз күчүнө кирет десек болот. Эгерде биз ББ курамына кирүүдөн баш тарта турган болсок, албетте андай мында ири көлөмдөгү жардамдардан да куру каларыбыз аштан бышык. Анда жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери багыты жок кемедей сүзүп келген абалыбыздан өйдө көтөрүлө албай күн кечирүүнү уланта беребиз. Албетте, бардыгы Жараткан Кудайдын колдоосу, каалоосу менен жасалат. Бирок ошол колдоо кимдир-бирөөлөрдүн себепкерлиги аркылуу ишке ашарын унутпашыбыз керек. Бул жагынан алганда ББга кирүү Кыргызстандын экономикалык өнүгүсүүнө Жараткандын өзүнөн жасалып жаткан себеп болуп тургансыйт. Негизи башынан эле биздин өлкөнүн негизги экономикалык байланышы дал ушул Россия мамлекети  менен болуп келген. Эгемендик алган жылдардан кийин Европа мамлекеттери, АКШ менен да кызматтыштык мамилелерди жасадык. Бирок, бул өлкөлөрдөн Кыргызстанга олуттуу эч кандай инвестиция жасалган жок. Баягы эле камыр-жумур болуп ынтымактуу кызматташып келген Россия Кыргызстанды экономикалык оор абалдан сууруп чыгуу үчүн биринчилерден болуп колун сунууда. Мына ушундан улам дагы эксперттер «Кыргызстан тышкы саясатта туура жолду тандады» деген бүтүмгө келип жатышат. Эске сала кетсек Акаевдин учурунда Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирген болчу. Бирок, бул уюмга кирүүдө бизге эч кандай жеңилдиктер, жардамдар болгон эмес. Бүгүн биз ББ курамына кирүү кадамын жасап жатып, алдын-ала эле ири суммадагы жардамдарды ала баштадык. Мына ушунун өзү Кыргызстандын туура жолду тандап алганын айгинелеп турат.

Айбат гезити №106




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru