Айбат » Бажы биримдигинен баш тартуунун кандай коркунучу бар?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Бажы биримдигинен баш тартуунун кандай коркунучу бар?

Таможенный союз - Бажы союзуБажы биримдигине кирбей калсак республикабызга күтүлө турган таасирлерди эксперт санап берди. Эгерде биз Бажы биримдигине кирбей калсак эмне болушу мүмкүн? Мына ушундай суроо менен бүгүн «КСДП» фракциясынын депутатыт Турсунтай Салимов парламент отурумунда кайрылды.

Буга биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев «Анда ББ курамындагы мамлекеттер өздөрүнүн чек араларын жаап коюшат, анын негизинде кыргыз бизнесмендеринде көйгөйлөр жаралат» деп жооп берди. Ал эми «Вести.kgге» курган маегинде экономист Акылбек Сейитов интеграциялык биримдикке кирбесек  Кыргызстанга күтүлө турган башка терс таасирлерин санап өттү.

– Сарпашев айткан Бажы көйгөйүнөн сырткары башка бир нече тармактарда көйгөйлөр жаралат. Биринчиден, ББ курамындагы өлкөлөр менен соода-сатык жаатында, экспортто. Россия бизден айыл-чарба продукцияларын, башка товарларды да алат. Мындан сырткары РФ Батыштын койгон санкциясынан улам продуктулардын импортун алуу ниетин Азияга буруп отурат. Экинчиден, миграциялык саясат өзгөрөт. Бул жагдай ал жактарда иштеген биздин эмгек мигранттарыбыздын биздин өлкөгө которуп жаткан акчалай которууларына көйгөй жаратат. Мына ушул эки пункт пенсия, пособия жана айлык акыларды азыраак убакыт аралыгында көтөрүп турууга мүмкүнчүлүк бербей калат. Үчүнчүдөн, Кыргызстан ББ өлкөлөрү менен пландаштырган долбоорлорду, инвестицияларды жоготот. Бул болсо биздин экономика үчүн өтө терс таасирин тийгизет, – дейт Сейитов.

Ошондой эле анын сөзү боюнча экономикалык таасирлерден сырткары биздин мамлекеттер ортосундагы мамилелер да начарлайт. Эки тараптуу ишенимдер жоголот.

– Россия менен биздин көптөгөн долбоорлорубуз бар, достугубуз бекемделет. Анан биз бардыгынан баш тартып, ББга кирбей коебузбу? Бул кадамыбыз кандай көрүнүп калат? Биз убада бердик жана аны аткарабыз, – деп кошумчалайт экономист.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Айбат гезити №106




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru